Сауд Аравияга бараткан бүркүт, тайган, топоздордун сүрөттөрү

Жазылуу
Сауд Аравияда өтө турган Camel Fest фестивалынын катышуучулары биринин артынан бири кетип жатат. Бейшембинин таңында "Манас" аэропортунан 14 топоз, 15 тайган, 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 куш жөнөтүлдү. Бул үчүн чакырган тарап атайын учак жиберген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаныбарлардын жүктөлүп жаткан учурунан тартылган кадрларды сунуштайт.

Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо - Sputnik Кыргызстан
Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо
Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлган эл аралык паспорт берилди. Аларды Кыргызстандын Салбуурун федерациясынын баш катчысы жана Этнофестивалдын куратору Елена Соклакова менен бир ветеринар гана коштоп кетти. Ээлери 2-марттан тарта сапарга чыгышат, жаныбарларды ага чейин барган кыргызстандыктар карап турушмакчы.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Ал жактан "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков28-февралдын таңында Camel Fest фестивалына катыша турган жаныбарлар "Манас" аба майданынан Сауд Аравияга жөнөтүлдү
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
1/13
28-февралдын таңында Camel Fest фестивалына катыша турган жаныбарлар "Манас" аба майданынан Сауд Аравияга жөнөтүлдү
© Sputnik / Табылды КадырбековНурмухаммед Эшматов Нарында багылган 14 топузун жөнөттү. Бул топоздорду үйрөтүү үчүн атайын Чоң-Алайдан саяпкер чакырылып, даярдык 1,5 айга созулган.
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
2/13
Нурмухаммед Эшматов Нарында багылган 14 топузун жөнөттү. Бул топоздорду үйрөтүү үчүн атайын Чоң-Алайдан саяпкер чакырылып, даярдык 1,5 айга созулган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл топоздорду спортчулар минип кыргыздын көк бөрү, эр эңиш жана топоз жарыш оюндарын көрсөтөт. Ошондой эле фестивалдын ачылуу жана жабылуу аземинде парадга чыгат.
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
3/13
Ал топоздорду спортчулар минип кыргыздын көк бөрү, эр эңиш жана топоз жарыш оюндарын көрсөтөт. Ошондой эле фестивалдын ачылуу жана жабылуу аземинде парадга чыгат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМүнүшкөрлөр болсо 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 кушун Сауд Аравияга алып барып өнөрүн көрсөтүшөт
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
4/13
Мүнүшкөрлөр болсо 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 кушун Сауд Аравияга алып барып өнөрүн көрсөтүшөт
© Sputnik / Табылды КадырбековКуштардын баарын атайын жыгачтан жасалган ящиктерге салып алып кетишти
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
5/13
Куштардын баарын атайын жыгачтан жасалган ящиктерге салып алып кетишти
© Sputnik / Табылды КадырбековФестивалга жөнөтүлгөн тайгандардын саны 15ке жетет
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
6/13
Фестивалга жөнөтүлгөн тайгандардын саны 15ке жетет
© Sputnik / Табылды КадырбековЖандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлган эл аралык паспорт берилди
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
7/13
Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлган эл аралык паспорт берилди
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан жандыктарды алып кетүү үчүн Сауд Аравия жүк ташуучу учак жиберген
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
8/13
Кыргызстандан жандыктарды алып кетүү үчүн Сауд Аравия жүк ташуучу учак жиберген
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаныбарларды унаадан түшүрүп учакка жүктөгөнгө чейин Авиакоопсуздук кызматы көзөмөлдөп турду
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
9/13
Жаныбарларды унаадан түшүрүп учакка жүктөгөнгө чейин Авиакоопсуздук кызматы көзөмөлдөп турду
© Sputnik / Табылды КадырбековCamel Fest фестивалы 9-марта башталып 23үнө чейин созулат.
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
10/13
Camel Fest фестивалы 9-марта башталып 23үнө чейин созулат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тайгандары биринчи ирет алыскы өлкөгө чыгып жатат
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
11/13
Кыргыз тайгандары биринчи ирет алыскы өлкөгө чыгып жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековАдамдар сыяктуу эле кезегин күтүп турган бүркүттөр. Бажыдан ар бирин тыкыр текшерип жатышты.
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
12/13
Адамдар сыяктуу эле кезегин күтүп турган бүркүттөр. Бажыдан ар бирин тыкыр текшерип жатышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековБүркүттөрдү ушундай ящиктерге салып тобу менен жүктөп алып кетишти
Отправка животных на этнофестиваль Camel Fest в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
13/13
Бүркүттөрдү ушундай ящиктерге салып тобу менен жүктөп алып кетишти
Жаңылыктар түрмөгү
0