Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант

Жазылуу
Улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын быйыл 75 жылдыгы белгиленет. Ал аз өмүрүндө бир топ тасма жана спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айланган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Таттыбүбү Турсунбаеванын архивдик сүрөттөрүн топтоду. Сүрөттөр актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев жана фотограф Александр Федоров тарабынан берилди.

Турсунбаевдин айтымында, карындашынын бир топ сүрөттөрү ал каза болгондон кийин жоголуп кеткен.

"Таттыбүбү көз жумганда балдары жаш эле, анан сураган кишиге эле сүрөттөрүн бере беришкен. Кийин биз жарыя кылып, кайрадан элден сүрөттөрүн чогултуп алганга аракет кылдык", — деди Турсунбаев.

90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Жашында жайраган жакшылар. Алыкул 35, Таттыбүбү 37, Чубак 33 жашында дүйнө салган...
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.

Турсунбаева убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.

© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваТаттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын аткарган.
Таттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын Гүлкайыр деген ырын аткарган. - Sputnik Кыргызстан
1/19
Таттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын аткарган.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваКолуна бычак кармап, тике караган сулуу... Актриса "Ак боз ат" спектаклинде калмак кызынын ролун жараткан
Колуна бычак кармап, тике караган сулуу... Актриса Ак боз ат спектаклинде калмак кызынын ролун жараткан - Sputnik Кыргызстан
2/19
Колуна бычак кармап, тике караган сулуу... Актриса "Ак боз ат" спектаклинде калмак кызынын ролун жараткан
© Фото / Александр ФедоровӨмүрлүк жолдошу Имаш Эшимбеков менен. Жубайлар "Саманчынын жолу" киносуна тартылып, Толгонай менен Субанкулдун жаш кезин аткарышкан.
Өмүрлүк жолдошу Имаш Эшимбеков менен. Жубайлар Саманчынын жолу киносуна тартылып, Толгонай менен Субанкулдун жаш кезин аткарышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/19
Өмүрлүк жолдошу Имаш Эшимбеков менен. Жубайлар "Саманчынын жолу" киносуна тартылып, Толгонай менен Субанкулдун жаш кезин аткарышкан.
© Фото / Александр ФедоровТарыхый инсан Акмөөрдүн атын да, сулуулугун да даңазалаган Таттыбүбү Турсунбаева экендиги маалым. Актриса Мелис Убукеевдин "Акмөөр" тасмасында.
Тарыхый инсан Акмөөрдүн атын да, сулуулугун да даңазалаган Таттыбүбү Турсунбаева экендиги маалым. Актриса Мелис Убукеевдин Акмөөр тасмасында. - Sputnik Кыргызстан
4/19
Тарыхый инсан Акмөөрдүн атын да, сулуулугун да даңазалаган Таттыбүбү Турсунбаева экендиги маалым. Актриса Мелис Убукеевдин "Акмөөр" тасмасында.
© Фото / Александр ФедоровРежиссер Жали Сооданбектин "Процесс" көркөм тасмасынан ирмем. Турсунбаева менен бирге роль жараткан Советбек Жумадылов.
Режиссер Жали Сооданбектин Процесс көркөм тасмасынан ирмем. Турсунбаева менен бирге роль жараткан Советбек Жумадылов. - Sputnik Кыргызстан
5/19
Режиссер Жали Сооданбектин "Процесс" көркөм тасмасынан ирмем. Турсунбаева менен бирге роль жараткан Советбек Жумадылов.
© © Sputnik / Медиабанкка өтүүЭхх, сулуу... Чырайы менен өнөрү төп келишкен актриса "Кызыл алма" тасмасына тартылуу учурунда
Эхх, сулуу... Чырайы менен өнөрү төп келишкен актриса Кызыл алма тасмасына тартылуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
6/19
Эхх, сулуу... Чырайы менен өнөрү төп келишкен актриса "Кызыл алма" тасмасына тартылуу учурунда
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүБелгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бул сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бул сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде Уркуя фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган. - Sputnik Кыргызстан
7/19
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бул сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.

© Фото / Александр ФедоровТаттыбүбү Турсунбаева "Отко таазим" тасмасында тарыхый инсан Уркуя Салиеванын ролун ойноп, ого бетер атагы чыккан. Тасманы Төлөмүш Океев тартса, сценарийин Насирдин Байтемиров жазган.
Таттыбүбү Турсунбаева Отко таазим тасмасында тарыхый инсан Уркуя Салиеванын ролун ойноп, ого бетер атагы чыккан. Тасманы Төлөмүш Океев тартса, сценарийин Насирдин Байтемиров жазган. - Sputnik Кыргызстан
8/19
Таттыбүбү Турсунбаева "Отко таазим" тасмасында тарыхый инсан Уркуя Салиеванын ролун ойноп, ого бетер атагы чыккан. Тасманы Төлөмүш Океев тартса, сценарийин Насирдин Байтемиров жазган.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваТурсунбаева Лопе де Веганын "Бий мугалими" спектаклинде Фелисьянанын ролунда, жанында актриса Гүлсара Ажыбекова.
Турсунбаева Лопе де Веганын Бий мугалими спектаклинде Фелисьянанын ролунда, жанында актриса Гүлсара Ажыбекова. - Sputnik Кыргызстан
9/19
Турсунбаева Лопе де Веганын "Бий мугалими" спектаклинде Фелисьянанын ролунда, жанында актриса Гүлсара Ажыбекова.
© © Sputnik / Медиабанкка өтүүАктрисанын ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган. Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тартып, Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү.
Актрисанын ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган. Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев Кызыл алма тасмасын тартып, Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү. - Sputnik Кыргызстан
10/19
Актрисанын ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган. Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тартып, Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү.
© Фото / из личного архива Нуркана Турсунбаева"Уркуя" тасмасына тартылуу учурунда. Актриса жетелеп турган бала өзүнүн уулу Канат. Сол жагында режиссер Төлөмүш Океев.
Уркуя тасмасына тартылуу учурунда. Актриса жетелеп турган бала өзүнүн уулу Канат. Сол жагында режиссер Төлөмүш Океев. - Sputnik Кыргызстан
11/19
"Уркуя" тасмасына тартылуу учурунда. Актриса жетелеп турган бала өзүнүн уулу Канат. Сол жагында режиссер Төлөмүш Океев.
© Фото / Александр ФедоровБолот Шамшиевдин "Сүйүү жаңырыгы" тасмасынан ирмем. Актрисанын бала кездеги сүрөттөрү ал каза болгондо ар ким сурап кетип жатып, ошол боюнча жоголгон.
Болот Шамшиевдин Сүйүү жаңырыгы тасмасынан ирмем. Актрисанын бала кездеги сүрөттөрү ал каза болгондо ар ким сурап кетип жатып, ошол боюнча жоголгон. - Sputnik Кыргызстан
12/19
Болот Шамшиевдин "Сүйүү жаңырыгы" тасмасынан ирмем. Актрисанын бала кездеги сүрөттөрү ал каза болгондо ар ким сурап кетип жатып, ошол боюнча жоголгон.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваКозу кучактаган келин. Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" тасмасында Жээнгүлдүн ролунда.
Козу кучактаган келин. Чыңгыз Айтматовдун Атадан калган туяк тасмасында Жээнгүлдүн ролунда. - Sputnik Кыргызстан
13/19
Козу кучактаган келин. Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" тасмасында Жээнгүлдүн ролунда.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваБир көргөн киши чыныгы жашоодогу эне-баланын кучакташуусу деп ойлошу ыктымал. Сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева кичинекей актриса Анара Макетаева менен.
Бир көргөн киши чыныгы жашоодогу эне-баланын кучакташуусу деп ойлошу ыктымал. Сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева кичинекей актриса Анара Макетаева менен. - Sputnik Кыргызстан
14/19
Бир көргөн киши чыныгы жашоодогу эне-баланын кучакташуусу деп ойлошу ыктымал. Сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева кичинекей актриса Анара Макетаева менен.
© Sputnik / Александр ФедоровТаттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болсо, быйыл 75 жашка толмок. Ал аз өмүрүндө кино жана театрда көрүнүктүү ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айлана алган.
Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болсо, быйыл 75 жашка толмок. Ал аз өмүрүндө кино жана театрда көрүнүктүү ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айлана алган. - Sputnik Кыргызстан
15/19
Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болсо, быйыл 75 жашка толмок. Ал аз өмүрүндө кино жана театрда көрүнүктүү ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айлана алган.
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, кинематографисттер союзунун мүчөсү болуп турган. Сүрөт Мелис Убукеевдин "Бир сүйүүнүн баяны" ("Хроника одной любви") тасмасынан.
Актриса убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, кинематографисттер союзунун мүчөсү болуп турган. Сүрөт Мелис Убукеевдин Бир сүйүүнүн баяны (Хроника одной любви) тасмасынан. - Sputnik Кыргызстан
16/19
Актриса убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, кинематографисттер союзунун мүчөсү болуп турган. Сүрөт Мелис Убукеевдин "Бир сүйүүнүн баяны" ("Хроника одной любви") тасмасынан.
© Фото / Александр ФедоровТаттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эми бул сүрөт Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы учурунда тартылган.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эми бул сүрөт Төлөмүш Океевдин Кызыл алма тасмасы учурунда тартылган. - Sputnik Кыргызстан
17/19
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эми бул сүрөт Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы учурунда тартылган.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваТаттыбүбү Турсунбаева жолдошу Имаш Эшимбеков жана кичинекей кызы Асел менен
Таттыбүбү Турсунбаева жолдошу Имаш Эшимбеков жана кичинекей кызы Асел менен - Sputnik Кыргызстан
18/19
Таттыбүбү Турсунбаева жолдошу Имаш Эшимбеков жана кичинекей кызы Асел менен
© Фото / Александр ФедоровТөлөмүш Океев Таттыбүбү Турсунбаевага кандай ойноо керектигин түшүндүрүп жатат. "Кызыл алма" тасмасынан ирмем.
Төлөмүш Океев Таттыбүбү Турсунбаевага кандай ойноо керектигин түшүндүрүп жатат. Кызыл алма тасмасынан ирмем. - Sputnik Кыргызстан
19/19
Төлөмүш Океев Таттыбүбү Турсунбаевага кандай ойноо керектигин түшүндүрүп жатат. "Кызыл алма" тасмасынан ирмем.
Жаңылыктар түрмөгү
0