Жан үрөгөн жаш балдар, буралган бийкеч. Бишкектеги "Жаз Деми" жарышынан 15 сүрөт

Жазылуу
Бүгүн борбор калаада салтка айланган "Бакай банк Жаз Деми" жарым марафону болуп өттү. Ага жаш балдардан тарта спорт ышкыбоздору жана профессионал жөө күлүктөр болуп 1500 адам катышты.

Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Башталышы да, бүткөн жери да "Аска-Таш" мемориалдык комплексине белгиленген. Марафондун байге фондусу 192 миң сом экени айтылды. Анын алкагында алдыңкы болуп келгендерге сыйлык берилди. Мындан сырткары, түрдүү оюндарды уюштуруу менен катышуучуларга белек берип кубандырып жатышты. Жарышка катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү начар көргөн адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы.

"Бүгүнкү жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спортту сүйүүчүлөр. Былтыр 800 киши болчу, быйыл 1500гө жетти. Башында 100гө чукул жаш бала 100, 200 жана 500 метрге чуркап келишти. Андан соң чоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты", — деп билдирди уюштуруучулар.

Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады - Sputnik Кыргызстан
30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — жарым марафондун медиа өнөктөшү. Биздин редакция да четте калбай, беш кызматкер 5 жана 10 чакырымга чуркады.

"Бакай банк Жаз Деми" жарым марафонунун максаты — спортту жайылтуу жана ар бир адамга жеткиликтүү экенин көрсөтүү. Иш-чараны "Номад Спорт" фондусу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.

© Sputnik / Эмиль СадыровЖөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Старт "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде берилип, финиш дагы ушул жерде болду. Тагыраак айтканда, жөө күлүктөр жолдун бир тарабы менен барып, экинчи тарабы менен келишти.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/15
Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Старт "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде берилип, финиш дагы ушул жерде болду. Тагыраак айтканда, жөө күлүктөр жолдун бир тарабы менен барып, экинчи тарабы менен келишти.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш балдар да четте калбай 100, 200 жана 500 метр аралыкка чуркады.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/15
Жаш балдар да четте калбай 100, 200 жана 500 метр аралыкка чуркады.
© Sputnik / Табылды КадырбековБаланы кичинекей кезинен сергек жашоого жакындаткысы келген ата-энелер чуркаган бөбөгүн коштоп жүрдү.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/15
Баланы кичинекей кезинен сергек жашоого жакындаткысы келген ата-энелер чуркаган бөбөгүн коштоп жүрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖалпы жонунан спортту сүйгөн 100гө жакын бала болду.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/15
Жалпы жонунан спортту сүйгөн 100гө жакын бала болду.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков21 чакырымга чуркоого камынып стартты күтүп турган күлүктөр. Жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спорт ышкыбоздору.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/15
21 чакырымга чуркоого камынып стартты күтүп турган күлүктөр. Жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спорт ышкыбоздору.
© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүнкү жарым марафонго жаш-кары дебей ар кандай курактагы адамдар катышты. Бир нече компаниянын кызматкерлери чогулуп команда болуп келгендери да бар.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/15
Бүгүнкү жарым марафонго жаш-кары дебей ар кандай курактагы адамдар катышты. Бир нече компаниянын кызматкерлери чогулуп команда болуп келгендери да бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековФинишке жетүүгө аз калганын көрүп кубанып, арышын кенен таштап бара жаткан жигиттер.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/15
Финишке жетүүгө аз калганын көрүп кубанып, арышын кенен таштап бара жаткан жигиттер.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жарышта былтыр 800 адам чуркаса, быйыл катышууга ынтызар болгондордун саны өсүп 1500 адамга жетти.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/15
Бул жарышта былтыр 800 адам чуркаса, быйыл катышууга ынтызар болгондордун саны өсүп 1500 адамга жетти.
© Sputnik / Эмиль СадыровЧоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/15
Чоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековМында көзү начар көргөн адамдар да жанындагы адамдын коштоосунда чуркашты. Баса, жарым марафонго катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү азиздерге таяк сатып алууга жумшалмакчы.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/15
Мында көзү начар көргөн адамдар да жанындагы адамдын коштоосунда чуркашты. Баса, жарым марафонго катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү азиздерге таяк сатып алууга жумшалмакчы.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул сүрөттө болгон күчүн жумшап, жан үрөп чуркап бараткан "Жарайт сити" скетчи менен элге таанылган актер Нурсултан Курсанали уулу.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/15
Бул сүрөттө болгон күчүн жумшап, жан үрөп чуркап бараткан "Жарайт сити" скетчи менен элге таанылган актер Нурсултан Курсанали уулу.
© Sputnik / Табылды КадырбековСергек жашоо образын сүйгөн кыздардын саны да кем болгон жок.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/15
Сергек жашоо образын сүйгөн кыздардын саны да кем болгон жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чараны "Номад Спорт" фондусу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/15
Иш-чараны "Номад Спорт" фондусу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинен беш кызматкер катышып, 5 жана 10 чакырымга чуркады. Сүрөттө кабарчыбыз Эламан Карымшаковдун фиништин босогосун аттап жаткандагы эмоциясы.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/15
Sputnik Кыргызстан агенттигинен беш кызматкер катышып, 5 жана 10 чакырымга чуркады. Сүрөттө кабарчыбыз Эламан Карымшаковдун фиништин босогосун аттап жаткандагы эмоциясы.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйрымдар үчүн аягына чейин чуркап келүү оңойго турган жок. Бул жерден жеткенине сүйүнүп чөк түшүп калган жигитти көрүүгө болот. Бирок уюштуруучулар ар бир катышуучуга медаль тагып көңүлүн көтөрдү.
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/15
Айрымдар үчүн аягына чейин чуркап келүү оңойго турган жок. Бул жерден жеткенине сүйүнүп чөк түшүп калган жигитти көрүүгө болот. Бирок уюштуруучулар ар бир катышуучуга медаль тагып көңүлүн көтөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0