Апта ирмеми: ич кийимчен сулуу кыздан топ кармаган Меркелге чейин

1164
  • Президент Сооронбай Жээнбеков UFC уюмунун дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды
  • Астрофизиктер тарыхта алгачкы ирет Messier 87 галактикасындагы кара чекиттин сүрөтүн тартышты. Ал жерден 53 миллион жыл алыстыкта турат.
  • Кытайдын Шеньян шаарындагы ачык асман алдындагы спорт комплекси
  • Кыргызстанда эң сулуу келин тандалды. Миссис Кыргызстан — 2019 конкурсунда 35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү аталды
  • Россиянын Краснодар крайында күн карама отургузулууда
  • Эквадордун Лондондогу элчилигинен Wikileaks уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды кармап кетишти
  • Алжирдеги демонстрациядан көз ирмем
  • Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Кремлде жолукту
  • Эль-Хасака аймагындагы качкындар үчүн курулган чатырдагы балдар
  • Канадалык спортчулар Кейтлин Уивер менен Эндрю Поже
  • Таиландда кишилер менен пил Сонгкран суу фестивалын майрамдап жатат
  • Париж. Гүлдөгөн чие багындагы бийчи.
  • Германиянын канцлери Ангела Меркель ага өлкөнүн гандбол федерациясынын президенти берген топту колуна алды
  • Тапачула (Мексика) шаарында Улуттук миграция институтунун имаратынын алдында чогулган эл
  • Кемерово облусундагы тоо лыжа базасындагы GrelkaFest фестивалынын катышуучулары
  • Германия. Айдоо аянтында жаткан чаарчыктар
  • Бакай Банк Жаз Деми жарым марафонунун катышуучусу. Спорттук иш-чарага 1500 киши катышты.
  • Лондондогу Падыша колледжинде Жалпы диктант - 2019 иш-чарасы болду
  • Россия сулуусу — 2019 сулуулук конкурсун 20 жаштагы Алина Санько жеңип алды (оң жактагысы).
Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Кыргызстанга UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко келди. Мушкер кызды президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Астрофизиктер тарыхта алгачкы ирет Messier 87 галактикасындагы кара чекиттин сүрөтүн тартышты. Ал жерден 53 миллион жыл алыстыкта турат.

Кыргызстанда эң сулуу келин тандалды. "Миссис Кыргызстан — 2019" сулуулук конкурсун 35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңип алды.

Эквадордун Лондондогу элчилигинен Wikileaks уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды кармап кетишти.

Япониянын Фукуоке шаарында көркөмдөп муз тебүү боюнча тайпалык чемпионат өттү.

Москвада "Россия сулуусу – 2019" сынагынын финалы жыйынтыкталып, 20 жаштагы Алина Санько жеңүүчү болду.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россияга иш сапары менен келип, Владимир Путин менен жолукту.

Германиянын канцлери Ангела Меркель гандбол боюнча улуттук команданы кабыл алып, гандбол федерациясынын президенти берген топ менен ойноду.

Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда "Бакай Банк Жаз Деми" жазгы жарым марафону өтүп, ага 1500 киши катышты.

Лондондогу Падыша колледжинде "Жалпы диктант - 2019" иш-чарасы болду.

1164
  • Президент Сооронбай Жээнбеков UFC уюмунун дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Сооронбай Жээнбеков UFC уюмунун дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды

  • Астрофизиктер тарыхта алгачкы ирет Messier 87 галактикасындагы кара чекиттин сүрөтүн тартышты. Ал жерден 53 миллион жыл алыстыкта турат.
    © AFP 2020 / EUROPEAN SOUTHERN OBSERVATORY

    Астрофизиктер тарыхта алгачкы ирет Messier 87 галактикасындагы кара чекиттин сүрөтүн тартышты. Ал жерден 53 миллион жыл алыстыкта турат.

  • Кытайдын Шеньян шаарындагы ачык асман алдындагы спорт комплекси
    © REUTERS / SHENG LI

    Кытайдын Шеньян шаарындагы ачык асман алдындагы спорт комплекси

  • Кыргызстанда эң сулуу келин тандалды. Миссис Кыргызстан — 2019 конкурсунда 35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү аталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда эң сулуу келин тандалды. "Миссис Кыргызстан — 2019" конкурсунда 35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү аталды

  • Россиянын Краснодар крайында күн карама отургузулууда
    © Sputnik / Виталий Тимкив

    Россиянын Краснодар крайында күн карама отургузулууда

  • Эквадордун Лондондогу элчилигинен Wikileaks уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды кармап кетишти
    © REUTERS / Henry Nicholls

    Эквадордун Лондондогу элчилигинен Wikileaks уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды кармап кетишти

  • Алжирдеги демонстрациядан көз ирмем
    © AP Photo / Mosa'ab Elshamy

    Алжирдеги демонстрациядан көз ирмем

  • Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Кремлде жолукту
    © Sputnik / Алексей Никольский

    Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Кремлде жолукту

  • Эль-Хасака аймагындагы качкындар үчүн курулган чатырдагы балдар
    © REUTERS / Ali Hashisho

    Эль-Хасака аймагындагы качкындар үчүн курулган чатырдагы балдар

  • Канадалык спортчулар Кейтлин Уивер менен Эндрю Поже
    © Sputnik / Владимир Песня

    Канадалык спортчулар Кейтлин Уивер менен Эндрю Поже

  • Таиландда кишилер менен пил Сонгкран суу фестивалын майрамдап жатат
    © REUTERS / Soe Zeya Tun

    Таиландда кишилер менен пил Сонгкран суу фестивалын майрамдап жатат

  • Париж. Гүлдөгөн чие багындагы бийчи.
    © REUTERS / CHRISTIAN HARTMANN

    Париж. Гүлдөгөн чие багындагы бийчи.

  • Германиянын канцлери Ангела Меркель ага өлкөнүн гандбол федерациясынын президенти берген топту колуна алды
    © AFP 2020 / JOHN MACDOUGALL

    Германиянын канцлери Ангела Меркель ага өлкөнүн гандбол федерациясынын президенти берген топту колуна алды

  • Тапачула (Мексика) шаарында Улуттук миграция институтунун имаратынын алдында чогулган эл
    © REUTERS / Jose Cabezas

    Тапачула (Мексика) шаарында Улуттук миграция институтунун имаратынын алдында чогулган эл

  • Кемерово облусундагы тоо лыжа базасындагы GrelkaFest фестивалынын катышуучулары
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Кемерово облусундагы тоо лыжа базасындагы GrelkaFest фестивалынын катышуучулары

  • Германия. Айдоо аянтында жаткан чаарчыктар
    © AFP 2020 / Moritz FRANKENBERG / dpa

    Германия. Айдоо аянтында жаткан чаарчыктар

  • Бакай Банк Жаз Деми жарым марафонунун катышуучусу. Спорттук иш-чарага 1500 киши катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бакай Банк Жаз Деми" жарым марафонунун катышуучусу. Спорттук иш-чарага 1500 киши катышты.

  • Лондондогу Падыша колледжинде Жалпы диктант - 2019 иш-чарасы болду
    © Sputnik / Джастин Гриффитс-Уилльямс

    Лондондогу Падыша колледжинде "Жалпы диктант - 2019" иш-чарасы болду

  • Россия сулуусу — 2019 сулуулук конкурсун 20 жаштагы Алина Санько жеңип алды (оң жактагысы).
    © Sputnik / Рамиль Ситдиков

    "Россия сулуусу — 2019" сулуулук конкурсун 20 жаштагы Алина Санько жеңип алды (оң жактагысы).

Белгилер:
Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Түркия, Россия, апта ирмеми
Тема боюнча
Кыргызстанда сулуу келинди кантип тандашты. Сынактын сүрөттөрү

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

157
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

157
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү

175
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөнүп кеткен. Бүгүнкү күндөгү көрүнүшү менен Sputnik Кыргызстан жасаган сүрөт түрмөктөн таанышууга болот.

Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель окуяларынын маалында өрттөнгөн. 2020-жылдын 25-ноябрында муниципалитет анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен калаа кызматтары жайгаша турган жети кабаттуу эки имарат куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскиздер даяр болуп, тендер жарыяланган. Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда.

Шаардык кеңеш келечекте Москвадагыдай болуп дайым иштеген структурага айланышы мүмкүн экени айтылды. Бүгүнкү күндө БШК менен мэрия Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги имараттан орун алган.

Эскерте кетсек, эки жыл мурун мэрия күйгөн имараттын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сквер курууну убадалаган. Муну ошол кезде мэриянын аппаратын башкарган Балбак Түлөбаев айткан. Демилгеге ЖКнын бир депутаты каршы чыгып, сквердин ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу керектигин белгилеген.

 

175
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда

  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн

  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда

  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы

  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда

  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган

  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан

  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле

  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү

Белгилер:
шаардык кеңеш, өрт, Бишкек мэриясы, имарат, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео
Кыш мезгили. Архив

Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

0
Бул жумада көпчүлүк аймактарда кар жаап, бирок мурунку аптадагыдай катуу суук болбой турганы айтылды.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Ал эми жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын жаабайт. 2-3-декабрда Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Чүйдүн тоолорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. 4-декабрда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-2-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жааса, Баткен облусунда күн ачык болот. Ошондой эле Ош облусунун дыйканчылык аймактарында дагы жаан жаабайт.

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бирок Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл облусу

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүзү күн ачык болот. 1-2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 2-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 3-4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы болжолдонууда.

Ал эми 30-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаайт, Чолпон-Атада күн ачык болот. 30-ноябрда күндүз жана 1-4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан жаабайт, ал эми 2-3-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-6-декабрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган божомолу

5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

6-декабрда тоолуу жерлерге кар түшүп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

0
Белгилер:
аймак, тоо, күн, жаан, кар, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кышында унаадагы күйүүчү майды үнөмдөөнүн жолу айтылды
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет