Оштун мындай сүрөттөрүн көрө элексиз. Көз талдырган 14 эмгек

Жазылуу
Байыркы шаардын көркү, ай! Ош шаарынын көз талдырган 14 сүрөтү

Кыргызстандык жигит, Бишкек шаарынын тургуну Михаил Дудин асманга дронун көтөрүп, Ош шаарынын сүрөттөрүн сонун кылып тартып чыккан. Алды кийин байыркы калааны минтип эч ким тарта элек болчу.

Сүрөттөр май айындагы Ош шаарынын кооздугун берип турат.

"Ош — Кыргызстандын түштүк борбору. Жакшынакай, колориттүү жана байыркы шаар", — деп жазган сапарга таасирленген адис.

Буга чейин Дудин Бишкектен Сузакка чейин барган жолу 17 мүнөттө баяндап берген.

© Фото / Михаил ДудинБайыркы шаардын көркү, ай! Артта сырдуу болуп Сулайман-Тоо турат.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
1/14
Байыркы шаардын көркү, ай! Артта сырдуу болуп Сулайман-Тоо турат.
© Sputnik / Михаил ДудинСалтанаттар, мааракелер өткөн борбордук аянт. Ал жердин дагы бир уникалдуулугу — Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
2/14
Салтанаттар, мааракелер өткөн борбордук аянт. Ал жердин дагы бир уникалдуулугу — Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат.
© Sputnik / Михаил ДудинАкматбек Сүйүнбаев атындагы ири стадион. Бул Оштогу ири иш-чараларды өткөрө турган, жаңы гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонууга берилген жай.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
3/14
Акматбек Сүйүнбаев атындагы ири стадион. Бул Оштогу ири иш-чараларды өткөрө турган, жаңы гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонууга берилген жай.
© Фото / Михаил ДудинБорбордук аянттын ары жагы эл жашаган аймак болсо, бери жагы "Сүйүү" деп аталган сейил багы. Жалпы аянты 3 гектар дешти.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
4/14
Борбордук аянттын ары жагы эл жашаган аймак болсо, бери жагы "Сүйүү" деп аталган сейил багы. Жалпы аянты 3 гектар дешти.
© Фото / Михаил ДудинСултан Ибраимов атындагы Улуттук драма театры Ош шаарынын дагы бир маанилүү жайларынын бири.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
5/14
Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театры Ош шаарынын дагы бир маанилүү жайларынын бири.
© Фото / Михаил ДудинОш калаасын аралай аккан кадимки "Ак-Буура" дарыясы.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
6/14
Ош калаасын аралай аккан кадимки "Ак-Буура" дарыясы.
© Фото / Михаил ДудинОш мамлекеттик университетинин башкы корпусу. Бул Оштогу флагман окуу жайлардын бири. Учурда анда 30 миңге жакын студент билим алат
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
7/14
Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу. Бул Оштогу флагман окуу жайлардын бири. Учурда анда 30 миңге жакын студент билим алат
© Sputnik / Михаил ДудинАтактуу, айтылуу Сулайман-Тоо! Бул жер жергиликтүү жашоочулар үчүн ыйык жайлардын бири деп эсептелсе, сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу жай. 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
8/14
Атактуу, айтылуу Сулайман-Тоо! Бул жер жергиликтүү жашоочулар үчүн ыйык жайлардын бири деп эсептелсе, сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу жай. 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.
© Фото / Михаил ДудинАлишер Навои атындагы сейил бак.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
9/14
Алишер Навои атындагы сейил бак.
© Фото / Михаил ДудинБатып бара жаткан күн. Сулайман-Тоонун башка тарабы.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
10/14
Батып бара жаткан күн. Сулайман-Тоонун башка тарабы.
© Sputnik / Михаил ДудинЧет өлкөдөгү башка бир кооз жай деп ойлой көрбөңүз. Бул — Сулайман-Тоонун этеги жана ал жердеги мечит! Сонун сүрөттөрдүн катарын толуктаган эмгек.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
11/14
Чет өлкөдөгү башка бир кооз жай деп ойлой көрбөңүз. Бул — Сулайман-Тоонун этеги жана ал жердеги мечит! Сонун сүрөттөрдүн катарын толуктаган эмгек.
© Фото / Михаил ДудинОш шаарындагы көп кабаттуу үйлөр түшө баштаган жаңы райондордун бири.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
12/14
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр түшө баштаган жаңы райондордун бири.
© Фото / Михаил Дудин12 кабаттуу имараттын төбөсүнө салынган боз үй тибиндеги курулуш. Бул да архитектуралык жактан алып караганда өзүнчө бир кооздук.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
13/14
12 кабаттуу имараттын төбөсүнө салынган боз үй тибиндеги курулуш. Бул да архитектуралык жактан алып караганда өзүнчө бир кооздук.
© Фото / Михаил ДудинОш шаарынын панорамасы.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
14/14
Ош шаарынын панорамасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0