Бишкекке удаасы менен 7 Boeing конду! Саммитке келген ажолордун учагы сүрөттө

Жазылуу
Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине коноктордун алды кечээ, 12-июнда, эртең менен келе баштаган.

ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
Чет өлкөнүн башчыларын эл аралык "Манас" аба майданынан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алып жатты.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити Бишкекте 13-14-июнь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан болуп жалпы 8 өлкө катышат. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу макамга ээ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чет өлкөлөрдүн жетекчилери кандай учак менен келгенине кызыгып, сүрөттөрүн чогултту.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧет элдик коноктордун эң алды болуп шаршемби күнү эртең менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга "Манас" аба майданына келип түштү. Ал президент катары расмий сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Халтмаагийн Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы менен келген. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/11
Чет элдик коноктордун эң алды болуп шаршемби күнү эртең менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга "Манас" аба майданына келип түштү. Ал президент катары расмий сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Халтмаагийн Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы менен келген. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШаршемби күнү түштөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алды. Ал Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келди. Төрага Кытай өкмөтүнө таандык Air China компаниясынын Boeing 747-800 үлгүсүндөгү аба кемеси менен конду.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/11
Шаршемби күнү түштөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алды. Ал Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келди. Төрага Кытай өкмөтүнө таандык Air China компаниясынын Boeing 747-800 үлгүсүндөгү аба кемеси менен конду.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭртеси бейшембиде келчү коноктордун ичинен биринчи болуп түшкө маал Афганистандын президенти Араф Гани Boeing 737-300 учагы менен келип конду. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитине байкоочу катары катышат. Афганистандын мамлекет башчысын вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/11
Эртеси бейшембиде келчү коноктордун ичинен биринчи болуп түшкө маал Афганистандын президенти Араф Гани Boeing 737-300 учагы менен келип конду. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитине байкоочу катары катышат. Афганистандын мамлекет башчысын вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАндан соң Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди. Ал да Монголиянын ажосу сыяктуу Кыргызстанга расмий сапар жасады. Моди Boeing 747-400 үлгүсүндөгү аба кемеси менен келди. Индиянын премьер-министрин аба майдандан кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/11
Андан соң Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди. Ал да Монголиянын ажосу сыяктуу Кыргызстанга расмий сапар жасады. Моди Boeing 747-400 үлгүсүндөгү аба кемеси менен келди. Индиянын премьер-министрин аба майдандан кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты.
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАл эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келип түштү. Аны "Манас" аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Өзбекстандын лидери Uzbekistan Airways компаниясынын Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы менен келди.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/11
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келип түштү. Аны "Манас" аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Өзбекстандын лидери Uzbekistan Airways компаниясынын Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы менен келди.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАндан көп өтпөй эле Бишкекке Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаевдин учагы конду. Ал президент катары чет өлкөгө жасалган алгачкы иш сапары Кыргызстанга болду. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Казакстандын өкмөт жана мамлекет башчыларын ташыган улуттук компанияга таандык төрт учагы бар. Токаев бул сапарында Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү аба кемесин пайдаланган.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/11
Андан көп өтпөй эле Бишкекке Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаевдин учагы конду. Ал президент катары чет өлкөгө жасалган алгачкы иш сапары Кыргызстанга болду. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Казакстандын өкмөт жана мамлекет башчыларын ташыган улуттук компанияга таандык төрт учагы бар. Токаев бул сапарында Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү аба кемесин пайдаланган.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевТүштөн кийин президенттер биринин артынан бири келип жатты. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы келип конду. Белоруссиянын башчысын аэропорттон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/11
Түштөн кийин президенттер биринин артынан бири келип жатты. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы келип конду. Белоруссиянын башчысын аэропорттон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАл эми Пакистандын премьер-министри Имран Ханды вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп чыкты. Анын учагынын үлгүсү Gulfstream G450 экени белгилүү болду.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/11
Ал эми Пакистандын премьер-министри Имран Ханды вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп чыкты. Анын учагынын үлгүсү Gulfstream G450 экени белгилүү болду.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссиянын президенти Владимир Путин кечке жуук ИЛ-96 учагы менен келип конду. Аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Аэропорттон эле мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.
Прибытие президента Российской Федерации Владимира Путина на саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/11
Россиянын президенти Владимир Путин кечке жуук ИЛ-96 учагы менен келип конду. Аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Аэропорттон эле мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевШаршембиде кечинде Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келип түштү. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосту. Ирандын башчысы Airbus A340-300 үлгүсүндөгү учак менен келгени белгилүү болду.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/11
Шаршембиде кечинде Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келип түштү. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосту. Ирандын башчысы Airbus A340-300 үлгүсүндөгү учак менен келгени белгилүү болду.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАкыркы болуп 14-июнда эртең менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты. Ал Somon Air компаниясына таандык Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учак менен келип конду. Тажик президентинин маалымат кызматынын айтымында, Рахмон жеке учак сатып алуудан баш тартып келет, себеби бул мамлекетти кошумча чыгымга учуратат.
Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/11
Акыркы болуп 14-июнда эртең менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты. Ал Somon Air компаниясына таандык Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учак менен келип конду. Тажик президентинин маалымат кызматынын айтымында, Рахмон жеке учак сатып алуудан баш тартып келет, себеби бул мамлекетти кошумча чыгымга учуратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0