Тоолуу Алтайда кыргыздар катышкан көк бөрү болду. Тарыхый мекенден тартылган сүрөттөр

Жазылуу
Тоолуу Алтайда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү. Мелдеш 15 жыл мурда Алтайда көк бөрү оюнун негиздеген Сергей Тузачиновдун 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт
Аталган чемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү.

Оюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан. Бул тууралуу оюнга катышып келген Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын түптөөчүсү жана көк бөрү командасынын жетекчиси Каныбек Акаев билдирди.

Анын айтымында, "Новосибирск" командасы бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатат.

"Өзүбүздүн аттар менен оюн көргөзөлү деп алып баратканбыз. Тилекке каршы, жолдон автоунаабыз бузулуп калып кайра артка алып келүүгө туура келди. Анан улакчылар эле барып ошол жактан ат алдык. Бул мелдешке быйыл биринчи ирет катышып жатабыз. "Кыргыздар келиптир" деп оюнду көрүүгө эл аябай көп келди", — деди Акаев.

Мелдештин соңунда жергиликтүү "Онгудай" деген көк бөрү командасы биринчи орунду алган. Алтайдын көк бөрү боюнча республикалык чемпионаты жыл сайын өтүп турат экен.

"Өзүбүздүн аттарыбыз жок болгондуктан катуу каршылык көрсөтө албай калдык. Башында эле буга чейин чемпион болуп келген "Онгудай" командасы менен атаандашып, негизги оюнда тең чыктык. Бирок буллиттен 3:4 эсеби менен утулуп калдык. Жалпысынан оюн талаасына эки жолу эле чыктык. Буюрса, кийинки жылы мыкты даярданып барабыз. Жергиликтүү командаларда алтайлыктар жана орус улутундагы жигиттер ойнойт экен. Жаштар командасы жазында Алматыдагы Азия чемпионатка катышып келиптир", — деди Акаев.

Сергей Тузачинов биринчи болуп Алтайда 2004-жылы көк бөрү оюнун негиздеген. Ал оюндар эл аралык эреже боюнча тай казан менен өтөт.

Белгилей кетсек, Россиянын Көк бөрү федерациясын Кристина Карамышина жетектейт. Мындан сырткары, 2019-жылдын март айында Россиянын бүт аймагындагы Көк бөрү федерацияларынын союзу түзүлгөн.

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТоолуу Алтайда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү. Ага Новосибирскидеги кыргыздардын командасы дагы катышып келди.
Тоолуу Алтайда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү. Ага Новосибирскидеги кыргыздардын командасы дагы катышып келди. - Sputnik Кыргызстан
1/17
Тоолуу Алтайда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү. Ага Новосибирскидеги кыргыздардын командасы дагы катышып келди.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМелдеш 15 жыл мурда Алтайда көк бөрү оюнун негиздеген Сергей Тузачиновдун 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
Мелдеш 15 жыл мурда Алтайда көк бөрү оюнун негиздеген Сергей Тузачиновдун 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан
2/17
Мелдеш 15 жыл мурда Алтайда көк бөрү оюнун негиздеген Сергей Тузачиновдун 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан.
Оюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан. - Sputnik Кыргызстан
3/17
Оюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүү"Новосибирск" командасынын жетекчиси Каныбек Акаев бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатышканын айтты.
Новосибирск командасынын жетекчиси Каныбек Акаев бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатышканын айтты. - Sputnik Кыргызстан
4/17
"Новосибирск" командасынын жетекчиси Каныбек Акаев бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатышканын айтты.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү.
Чемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү. - Sputnik Кыргызстан
5/17
Чемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Улак тартып жатканда аттар да, ат үстүндөгүлөр да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, эпчилдикке, шамдагайлык менен топту жарып кирүүгө тарбияланат.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
6/17
Көк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Улак тартып жатканда аттар да, ат үстүндөгүлөр да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, эпчилдикке, шамдагайлык менен топту жарып кирүүгө тарбияланат.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрү Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Кытай, Түркия, Монголия жана Россиянын курамындагы Алтай, Башкыртстан, Хакасия, Тува республикаларында да ойнолот.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
7/17
Көк бөрү Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Кытай, Түркия, Монголия жана Россиянын курамындагы Алтай, Башкыртстан, Хакасия, Тува республикаларында да ойнолот.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүү1996-жылы кинорежиссёр Болот Шамшиев тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
8/17
1996-жылы кинорежиссёр Болот Шамшиев тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАлтайдын көк бөрү боюнча республикалык чемпионаты жыл сайын өтүп турат экен.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
9/17
Алтайдын көк бөрү боюнча республикалык чемпионаты жыл сайын өтүп турат экен.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАлтайдагы көк бөрү оюндары эл аралык эреже менен өтүп, оюн талаасына атайын тай казан орнотулган.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
10/17
Алтайдагы көк бөрү оюндары эл аралык эреже менен өтүп, оюн талаасына атайын тай казан орнотулган.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСергей Тузачинов биринчи болуп Алтайда 2004-жылы көк бөрү оюнун негиздеген. Ошондон бери жыл сайын мелдештер өтүп турат.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
11/17
Сергей Тузачинов биринчи болуп Алтайда 2004-жылы көк бөрү оюнун негиздеген. Ошондон бери жыл сайын мелдештер өтүп турат.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖергиликтүү командаларда алтайлыктар жана орус улутундагы жигиттер ойнойт.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
12/17
Жергиликтүү командаларда алтайлыктар жана орус улутундагы жигиттер ойнойт.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАлтайдын жаштар командасы жазында Алматыга келип Азия чемпионатына катышып кеткен.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
13/17
Алтайдын жаштар командасы жазында Алматыга келип Азия чемпионатына катышып кеткен.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрү көчмөн элдерге таандык оюн. Учурда бул оюндун популярдуулугу артып, тамыры кенен жайылууда.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
14/17
Көк бөрү көчмөн элдерге таандык оюн. Учурда бул оюндун популярдуулугу артып, тамыры кенен жайылууда.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрүнүн эл аралык рейтингинин сап башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан турат.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
15/17
Көк бөрүнүн эл аралык рейтингинин сап башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан турат.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРоссиянын көк бөрү федерациясын Кристина Карамышина жетектейт. Мындан сырткары, 2019-жылдын март айында Россиянын бүт аймагындагы Көк бөрү федерацияларынын союзу түзүлгөн.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
16/17
Россиянын көк бөрү федерациясын Кристина Карамышина жетектейт. Мындан сырткары, 2019-жылдын март айында Россиянын бүт аймагындагы Көк бөрү федерацияларынын союзу түзүлгөн.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионаттын соңунда жергиликтүү "Онгудай" командасы жеңишке жетип, биринчи орунга ээ болду.
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
17/17
Чемпионаттын соңунда жергиликтүү "Онгудай" командасы жеңишке жетип, биринчи орунга ээ болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0