Чөк түшкөн, ойлонгон, күйүп-жанган режиссёр. Убукеевдин сүрөттөгү ирмемдери

358
(жаңыланган 18:15 27.07.2019)
Мирбек Сакенов
  • Режиссёр Мелис Убукеев менен актёр Болот Бейшеналиев.
  • Кум. Чөк түшүп, бөйрөгүн таянган режиссёр. Кыска метраждуу Үйлөнүү той фильмин тартуу учуру.
  • Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.
  • Саякбай Каралаев жөнүндө даректүү тасманы тартып жаткан чыгармачыл топ.
  • Бишкектин кышы. Кыргыз киносунун корифейлери — Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
  • Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон Тайгак кечүү тасмасын тартуу мезгили.
  • Манасты сүйгөн, туу туткан эки алптын маеги. Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.
  • Режиссёрдун акыркы эмгеги Манас ааламы тасмасы. Режиссёр иш учурунда.
  • Оператор Константин Орозалиев менен Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү тасмасын тартуу маалы.
  • Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет.
  • Көк майсаңда. Артисттер менен калпакты баса кийип иш процессти талкуулап отурган Убукеев.
  • Мелис Убукеев 1996-жылы 27-июлда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
Кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, чыгаан режиссёр Мелис Убукеев 23 жыл мурда 27-июлда бул дүйнө менен кош айтышкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсанды эскерип, кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Мыкты тасмаларды жараткан сценарист, тарыхчы, манас изилдөөчү Мелис Убукеев 1935-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Балалыгы борбор калаада өтүп, мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырат. Андан соң Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) билим алган. Режиссёр өзүнүн чыгармачылык жолунда "Тайгак кечүү", "Саякбай", "Ак Мөөр", "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү", "Улуу манасчы" өңдүү ондон ашык көркөм, кыска метраждуу жана документалдуу тасма жараткан. Эмгектеринин көпчүлүгү тарыхый окуяларга байланышкан.

Убукеевдин көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашта болмок. 

 

358
  • Режиссёр Мелис Убукеев менен актёр Болот Бейшеналиев.
    © Фото / Александр Федоров

    Режиссёр Мелис Убукеев менен актёр Болот Бейшеналиев.

  • Кум. Чөк түшүп, бөйрөгүн таянган режиссёр. Кыска метраждуу Үйлөнүү той фильмин тартуу учуру.
    © Фото / Александр Федоров

    Кум. Чөк түшүп, бөйрөгүн таянган режиссёр. Кыска метраждуу "Үйлөнүү той" фильмин тартуу учуру.

  • Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.
    © Фото / Александр Федоров

    Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.

  • Саякбай Каралаев жөнүндө даректүү тасманы тартып жаткан чыгармачыл топ.
    © Фото / Александр Федоров

    Саякбай Каралаев жөнүндө даректүү тасманы тартып жаткан чыгармачыл топ.

  • Бишкектин кышы. Кыргыз киносунун корифейлери — Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
    © Фото / Александр Федоров

    Бишкектин кышы. Кыргыз киносунун корифейлери — Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.

  • Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон Тайгак кечүү тасмасын тартуу мезгили.
    © Фото / Александр Федоров

    Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу мезгили.

  • Манасты сүйгөн, туу туткан эки алптын маеги. Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.
    © Фото / Александр Федоров

    Манасты сүйгөн, туу туткан эки алптын маеги. Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.

  • Режиссёрдун акыркы эмгеги Манас ааламы тасмасы. Режиссёр иш учурунда.
    © Фото / Александр Федоров

    Режиссёрдун акыркы эмгеги "Манас ааламы" тасмасы. Режиссёр иш учурунда.

  • Оператор Константин Орозалиев менен Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү тасмасын тартуу маалы.
    © Фото / Александр Федоров

    Оператор Константин Орозалиев менен "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын тартуу маалы.

  • Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет.
    © Фото / Александр Федоров

    Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет.

  • Көк майсаңда. Артисттер менен калпакты баса кийип иш процессти талкуулап отурган Убукеев.
    © Фото / Александр Федоров

    Көк майсаңда. Артисттер менен калпакты баса кийип иш процессти талкуулап отурган Убукеев.

  • Мелис Убукеев 1996-жылы 27-июлда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
    © Фото / Александр Федоров

    Мелис Убукеев 1996-жылы 27-июлда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Белгилер:
Мелис Убукеев, тасма, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү
Ыйлаган, кубанган Советбек Жумадылов... Залкар актердун сүрөттө калган ирмемдери
Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант