Жерде жаткан Манас, ызырынган Сейитбек. Көк бөрү финалындагы кызыктуу сүрөттөр

Жазылуу
31-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун Ош облусунун "Достук" командасы утту. Талас облусунун "Ынтымак" командасы оюн бүтөрүнө 15 секунда калганда жеңишти колдон чыгарып ийди.

Эки күчтүү команданын финалдык беттеши элдин бүйүрүн кызытты. Трибунадагы эл кыйкырык-сүрөөн менен өз командасына дем берип жатты.

Натыйжада Президенттин кубогун "Достук" командасы утуп кетти. Оюн 2:2 эсеби  менен соңуна чыгып бараткан. Бирок бүтөрүнө 15 секунда калганда Майрамбек Рыспеков бир улак таштап, "Достукка" жеңишти камсыздап берди.

Жулуп чыгып ыргытканда. Достукка жеңиш алып келген салымдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
Ошентип, оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн. Биринчи лиганын баш байгесин "Бакубат Талас" командасы утту.

Натыйжада баш байгени уткан командага бир миллион сом, экинчи орун 500 миң, ал эми үчүнчү орунду алган "Сары-Өзөн" командасына 250 миң сом берилди.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, быйыл 9-майдагы мелдеште "Достук" 1:0 эсеп менен жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда 6:1 эсебинде "Ынтымак" утуп кеткен.

© пресс-служба ГАМФКиС"Достук" менен "Ынтымак" командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
1/14
"Достук" менен "Ынтымак" командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат.
© пресс-служба ГАМФКиСОюндун башында эле "Ынтымак" командасынын улакчысы Аудасбек Мырзабек уулу эсепти ачты. Биринчи бөлүктө "Достук" натыйжа көрсөтө алган жок.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
2/14
Оюндун башында эле "Ынтымак" командасынын улакчысы Аудасбек Мырзабек уулу эсепти ачты. Биринчи бөлүктө "Достук" натыйжа көрсөтө алган жок.
© пресс-служба ГАМФКиСЭкинчи бөлүктүн башында жекеме-жекеден улакты "Достуктун" оюнчусу Эрсултан Айдаркан уулу алып чыгып, тай казандан бир аз өтүп жерге түшүрүп алды. Аны кайра Манас Ниязов эңип алып, тай казанга ыргытууга жетишти.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
3/14
Экинчи бөлүктүн башында жекеме-жекеден улакты "Достуктун" оюнчусу Эрсултан Айдаркан уулу алып чыгып, тай казандан бир аз өтүп жерге түшүрүп алды. Аны кайра Манас Ниязов эңип алып, тай казанга ыргытууга жетишти.
© пресс-служба ГАМФКиСМанас Ниязов бул оюнда дагы мыктылыгын көрсөтүп эки жолу улак салды. Мында ал Шторм аттуу аргымагын минип чыкты. Өзүнүн Бойка атынын жарааты толук айыгып бүтө электигин айтты.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
4/14
Манас Ниязов бул оюнда дагы мыктылыгын көрсөтүп эки жолу улак салды. Мында ал Шторм аттуу аргымагын минип чыкты. Өзүнүн Бойка атынын жарааты толук айыгып бүтө электигин айтты.
© Фото / Эрбол ЖангазиевАлбетте, бул оюнда да аттан жыгылгандар болбой койгон жок. Улакты такымына басып бараткан Манас Ниязовду атаандаштары урдуруп кетип, эки ирет жер кучактады.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
5/14
Албетте, бул оюнда да аттан жыгылгандар болбой койгон жок. Улакты такымына басып бараткан Манас Ниязовду атаандаштары урдуруп кетип, эки ирет жер кучактады.
© пресс-служба ГАМФКиС"Ынтымак" командасы атактуу Ахиллес жана Геркулес аттары менен жекеме-жекеде үстөмдүк кылып жатты
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
6/14
"Ынтымак" командасы атактуу Ахиллес жана Геркулес аттары менен жекеме-жекеде үстөмдүк кылып жатты
© пресс-служба ГАМФКиС"Ынтымактын" оюнчулары улакты сууруп чыгып тай казанга ыргытты эле, кайра секирип сыртка чыгып кетти. Демек, упай эсептелген жок.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
7/14
"Ынтымактын" оюнчулары улакты сууруп чыгып тай казанга ыргытты эле, кайра секирип сыртка чыгып кетти. Демек, упай эсептелген жок.
© пресс-служба ГАМФКиСОюндун экинчи бөлүгүндө таластык команданын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу бир улак салып, эсепти 2:2 кылып теңдеди.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
8/14
Оюндун экинчи бөлүгүндө таластык команданын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу бир улак салып, эсепти 2:2 кылып теңдеди.
© пресс-служба ГАМФКиСКөк бөрү бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылбаса керек. Улукчылар канча ирет аттан куласа, кайра туруп минет.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
9/14
Көк бөрү бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылбаса керек. Улукчылар канча ирет аттан куласа, кайра туруп минет.
© пресс-служба ГАМФКиСЭки күчтүү команданын оюну элдин бүйүрүн кызытты. Күтүлбөгөн учурлар көп болуп бирде ич күйдүрүп, бирде кубантты.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
10/14
Эки күчтүү команданын оюну элдин бүйүрүн кызытты. Күтүлбөгөн учурлар көп болуп бирде ич күйдүрүп, бирде кубантты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖеңиштин жемишин жеп, маңдай жарыла сүйүнүп турган "Достуктун" улакчылары
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
11/14
Жеңиштин жемишин жеп, маңдай жарыла сүйүнүп турган "Достуктун" улакчылары
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкинчи орунду алган "Ынтымак" командасына 500 миң сом ыйгарылды
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
12/14
Экинчи орунду алган "Ынтымак" командасына 500 миң сом ыйгарылды
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Достук" командасы Президенттин кубогуна ээ болуп, бир миллион сом менен сыйланды. Көк бөрүнүн финалын көрүүгө президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков жана Жогорку Кеңештин депутаттары барган.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
13/14
"Достук" командасы Президенттин кубогуна ээ болуп, бир миллион сом менен сыйланды. Көк бөрүнүн финалын көрүүгө президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков жана Жогорку Кеңештин депутаттары барган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБул кадр "Ынтымак" менен "Сары-Өзөн командасы жарым финалда ойноп жаткан учурда тартылган. Аты менен тай казандын үстүнөн "учуп" бараткан "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Акбар Иманбеков. Ат да, улакчы да жаракат алган эмес. Мындай ирмемди фотограф Эрбол Жангазиев кармап калууга жетишкен.
Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
14/14
Бул кадр "Ынтымак" менен "Сары-Өзөн командасы жарым финалда ойноп жаткан учурда тартылган. Аты менен тай казандын үстүнөн "учуп" бараткан "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Акбар Иманбеков. Ат да, улакчы да жаракат алган эмес. Мындай ирмемди фотограф Эрбол Жангазиев кармап калууга жетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0