Күйүккөн, жылмайган спикер Жумабеков жана жан сакчылар. Жарым марафон сүрөттө

1431
(жаңыланган 10:11 16.09.2019)
  • Ак илбирсти сактайбыз эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү
  • Катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты
  • Кыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат
  • Чуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү
  • Чуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.
  • Мындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң
  • Илбирс кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду
  • Түлкү менен марафончу
  • Дастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек
  • Бир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар
  • Милиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?
  • Күйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр
  • Өх-хх... жеттим! Марага келген жигит
  • Жеңиштин же марафондун даамын таткан катышуучу
  • Сергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.
  • Эстелик медалды тагынып жаткан марафончу
  • Марага келген жөө күлүк
  • Коштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар
"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонуна даярдык бир нече күн мурда башталып, күлүктөр кечээ, 15-сентябрда, Бишкектин негизги жолдорунда жарышты.

Уюштуруучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркоо уюштурууну пландашкан. Таңдан тарта негизги көчөлөр тосулуп, автокыймылга чектөө коюлду.

Жарым марафондо жашынан тарта карысына чейин, кичинесинен тарта чоңуна чейин чуркады.

Анын ичинен бир чакырымдык аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Чуркагандардын арасында профессионал спортчулардан сырткары жөнөкөй жарандар, журналисттер, депутаттар, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болду. Алар беш чакырымга чуркады.

Финишке келген ар бир катышуучуга эстеликке медалдар берилди.

Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, мындан тышкары, фотокапкандар сатып алынмакчы.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү.

1431
  • Ак илбирсти сактайбыз эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү
    © Sputnik / Эмиль Садыров

    "Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү

  • Катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты

  • Кыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат

  • Чуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү

  • Чуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.
    © Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша

    Чуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.

  • Мындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң

  • Илбирс кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Илбирс" кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду

  • Түлкү менен марафончу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Түлкү" менен марафончу

  • Дастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек

  • Бир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар

  • Милиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Милиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?

  • Күйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр

  • Өх-хх... жеттим! Марага келген жигит
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өх-хх... жеттим! Марага келген жигит

  • Жеңиштин же марафондун даамын таткан катышуучу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жеңиштин же марафондун "даамын" таткан катышуучу

  • Сергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.

  • Эстелик медалды тагынып жаткан марафончу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эстелик медалды тагынып жаткан марафончу

  • Марага келген жөө күлүк
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Марага келген жөө күлүк

  • Коштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар

Белгилер:
жөө күлүк, ак илбирс, марафон, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кечинде жамгырга карабай чуркашты. 1300 адам катышкан мелдештин сүрөттөрү
Ачык асман алдындагы көңүл көтөргөн концерт. Бишкектеги фестивалдан сүрөттөр