Апта ирмеми: кишилерден куралган мунарадан тарта тамчыга баткан бакага чейин

517
(жаңыланган 10:30 01.10.2019)
  • Барселона шаарындагы Ла-Мерсе фестивалында кишилер бири-биринин үстүнө чыгып мунара тургузушту
  • Парижде салтка айланган мода жумалыгы өтүп, 2020-жылдын жаз, жай айларында кандай кийимдер мода болору көрсөтүлдү
  • Бишкекте Евразия жумалыгы — 2019 ишкер форуму өттү
  • Түштүк Кореянын Ульсан портунда мунай продукциясын ташыган танкер жарылды
  • БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту
  • Тель-Авивдеги деңиз таш бакаларын сактоо борборунун атайын программасынын алкагында жумурткадан жаңы чыккан таш бака сууну көздөй бара жатат
  • Жакартада студенттер нааразычылык акциясына чыгышты
  • Болгариянын премьер-министринин Сеулга болгон сапары учурунда Түштүк Кореянын тхэквондо боюнча командасы өнөрүн көрсөттү
  • Урсула деген ат ыйгарылган ак аюу Красноярск аймагындагы зоопаркта сууга секирүүдө
  • Порт-о-Пренс шаарында күйүүчү майдын тартыштыгынан улам каршылык акциясына чыгышты
  • Көчө сүрөтчүсү Бэнксинин Британ парламентин тарткан сүрөтү Sotheby'sа аукцион үйүндө сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 1,9 – 2,5 миллион доллар.
  • Эл аралык космос станциясынан СоюзФГ ракетасынын учкан маалын сүрөткө тартып алышкан
  • Мексиканын Герреро штатында беш жыл мурда жоголуп кеткен 43 студенттин жаркын элесин эскерүү жүрүшү баш аламандыкка ооп кетти
  • Калькуттада Дурга кудайына сыйынуу иш-чарасына даярдыктар жүрүүдө
  • Родина – мать зовёт монументинин көрүнүшү
  • Непалдын Лалитпур аймагында жайгашкан көлмөдө өскөн лотостун жалбырагындагы тамчы сууга түшүп калган бака
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнөдө болгон маанилүү жана кызыктуу иш-чаралардын, окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.

Парижде салтка айланып калган мода жумалыгы өттү. Анда белгилүү бренддер "Жаз/жай — 2020" коллекциясын тартуулашты.

Бишкекте ЕАЭБдеги эң ири саналган "Евразия жумалыгы - 2019" ишкер форуму өттү. Ага эки миңден ашык киши катышты. Алардын арасында ири компаниялардын жетекчилери, ЕЭК министрлери бар.

Түштүк Кореянын Ульсан портунда нефтепродукту ташыган танкер жарылып кетти. Бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес.

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-жыйынында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.

Россиянын Волгоград шаарындагы "Родина – мать зовет" монументи оңдолууда.

Жакарта (Индонезия) шаарында парламенттин алдында студенттердин каршылык акциясы өттү.

Барселонада жыл сайын өтүүчү Ла-Мерсе фестивалы болду.

517
  • Барселона шаарындагы Ла-Мерсе фестивалында кишилер бири-биринин үстүнө чыгып мунара тургузушту
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Барселона шаарындагы Ла-Мерсе фестивалында кишилер бири-биринин үстүнө чыгып мунара тургузушту

  • Парижде салтка айланган мода жумалыгы өтүп, 2020-жылдын жаз, жай айларында кандай кийимдер мода болору көрсөтүлдү
    © REUTERS / Benoit Tessier

    Парижде салтка айланган мода жумалыгы өтүп, 2020-жылдын жаз, жай айларында кандай кийимдер мода болору көрсөтүлдү

  • Бишкекте Евразия жумалыгы — 2019 ишкер форуму өттү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" ишкер форуму өттү

  • Түштүк Кореянын Ульсан портунда мунай продукциясын ташыган танкер жарылды
    © REUTERS / HANDOUT

    Түштүк Кореянын Ульсан портунда мунай продукциясын ташыган танкер жарылды

  • БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту
    © AP Photo / Evan Vucci

    БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту

  • Тель-Авивдеги деңиз таш бакаларын сактоо борборунун атайын программасынын алкагында жумурткадан жаңы чыккан таш бака сууну көздөй бара жатат
    © REUTERS / Amir Cohen

    Тель-Авивдеги деңиз таш бакаларын сактоо борборунун атайын программасынын алкагында жумурткадан жаңы чыккан таш бака сууну көздөй бара жатат

  • Жакартада студенттер нааразычылык акциясына чыгышты
    © REUTERS / WILLY KURNIAWAN

    Жакартада студенттер нааразычылык акциясына чыгышты

  • Болгариянын премьер-министринин Сеулга болгон сапары учурунда Түштүк Кореянын тхэквондо боюнча командасы өнөрүн көрсөттү
    © AP Photo / Ahn Young-joon

    Болгариянын премьер-министринин Сеулга болгон сапары учурунда Түштүк Кореянын тхэквондо боюнча командасы өнөрүн көрсөттү

  • Урсула деген ат ыйгарылган ак аюу Красноярск аймагындагы зоопаркта сууга секирүүдө
    © Sputnik / Илья Наймушин

    Урсула деген ат ыйгарылган ак аюу Красноярск аймагындагы зоопаркта сууга секирүүдө

  • Порт-о-Пренс шаарында күйүүчү майдын тартыштыгынан улам каршылык акциясына чыгышты
    © AFP 2020 / CHANDAN KHANNA

    Порт-о-Пренс шаарында күйүүчү майдын тартыштыгынан улам каршылык акциясына чыгышты

  • Көчө сүрөтчүсү Бэнксинин Британ парламентин тарткан сүрөтү Sotheby'sа аукцион үйүндө сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 1,9 – 2,5 миллион доллар.
    © REUTERS / SIMON DAWSON

    Көчө сүрөтчүсү Бэнксинин Британ парламентин тарткан сүрөтү Sotheby'sа аукцион үйүндө сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 1,9 – 2,5 миллион доллар.

  • Эл аралык космос станциясынан СоюзФГ ракетасынын учкан маалын сүрөткө тартып алышкан

    Эл аралык космос станциясынан "СоюзФГ" ракетасынын учкан маалын сүрөткө тартып алышкан

  • Мексиканын Герреро штатында беш жыл мурда жоголуп кеткен 43 студенттин жаркын элесин эскерүү жүрүшү баш аламандыкка ооп кетти
    © REUTERS / Henry Romero

    Мексиканын Герреро штатында беш жыл мурда жоголуп кеткен 43 студенттин жаркын элесин эскерүү жүрүшү баш аламандыкка ооп кетти

  • Калькуттада Дурга кудайына сыйынуу иш-чарасына даярдыктар жүрүүдө
    © REUTERS / Rupak De Chowdhuri

    Калькуттада Дурга кудайына сыйынуу иш-чарасына даярдыктар жүрүүдө

  • Родина – мать зовёт монументинин көрүнүшү
    © Sputnik / Кирилл Брага

    "Родина – мать зовёт" монументинин көрүнүшү

  • Непалдын Лалитпур аймагында жайгашкан көлмөдө өскөн лотостун жалбырагындагы тамчы сууга түшүп калган бака
    © REUTERS / NAVESH CHITRAKAR

    Непалдын Лалитпур аймагында жайгашкан көлмөдө өскөн лотостун жалбырагындагы тамчы сууга түшүп калган бака

Белгилер:
фестиваль, мода, Париж, Россия, Сүрөт, апта ирмеми
Тема боюнча
Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө
Талаа-түздө эл аралаган өкмөт башчы. Султан Ибраимовдун эл көрө элек сүрөттөрү

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуул. Ойлонткон 25 сүрөт

449
(жаңыланган 19:51 07.08.2020)
  • 7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган
  • Аскерлердин чабуулун Атамбаевдин тарапкерлери четке каккан
  • Чабуул учурунда жана андан кийин жарадарлар болду
  • Атамбаевдин тарапташтарына айылдагылардан да кошулушту
  • Атамбаевдин тарапташтары экс-президенттин жанында болууга аракет кылышкан
  • Эртеси, 8-августта, Кой-Ташта милиция менен оппозиция өкүлдөрүнүн кагылышуусу болду
  • Спецназдын аскерлери айылга кирген учур көптөрдүн эсинде сакталып калды
  • Атамбаевдин атчан тарапташтары
  • Айылдыктар менен кагылышкан милициянын кызматкерлери. Жалындаган көчө
  • Башаламандык учурунда Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алды. Ал Москва шаарына чейин барып, дарыланып келди
  • Тартип коргоо органынын кызматкерлери Кой-Таш айылындагы атайын операция учурунда
  • Кой-Таштын тарыхында мынчалык даярдыктагы аскерлер келген эмес
  • Эки тарапты нааразылык жана жалбырттаган өрт бөлүп турду
  • Атамбаевди кармоо операциясы болгон эки күндө 136 адам жарадар болуп, атайын даярдыктагы бир аскер ок жеп көз жумду
  • Кой-Таш айылындагы башаламандыкта жарадар болгон киши
  • Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдынын көрүнүшү. Экс-президент чабуулдун экинчи күнү бийликке багынып берди
  • Чабуулдан кийин
  • Атамбаевдин тарапташы. Кой-Таш айылы
  • Алдыда дагы кандай окуя болорун болжош кыйын... Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери
  • Атамбаевдин үйүнүн алды. Эл менен тартип сакчылары аралашып кетти
  • Атамбаевди кармап кеткенден кийин анын тарапташтары Бишкекке жөнөдү
  • Талкаланган буюмдар, тамтыгы чыккан бөлмө... Бул жерге сырттан келген адам эмне окуя болгондугун дароо эле түшүнө бербесе керек.
  • Чабуулдан кийинки үй. Кара түтүн дубалдарына болгон окуянын изин калтыргандай
  • Ала-Тоо аянтына Атамбаевдин тарапкерлери чогулуп, тартип коргоочуларды бир топ түйшүккө салды
  • Атамбаевдин тарапкерлерин кубалап таратышты
Туптуура бир жыл мурда УКМКнын атайын даярдыктагы аскери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция уюштурган. Төмөндө Sputnik Кыргызстан архивдик сүрөттөрдү пайдаланып, Кой-Ташка жасалган чабуулду кайрадан баяндап берет.

7-августта кечинде Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылына УКМКнын атайын кызматкерлери Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция менен кирген. Бирок ал күнү аскерлер экс-президентти алып кете алган жок. Саясатчынын тарапташтары аскерлердин чабуулун четке кагууга жетишкен. Эртеси Кой-Ташта милиция менен оппозициячылар кагылышты. ИИМ экинчи ирет аракет кылып Атамбаевди алып кетти. Атамбаевди кармоо операциясы болгон эки күндө 136 адам жарадар болуп, атайын даярдыктагы бир аскер ок жеп көз жумду.

Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео

Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагына киргизилип, аны менен кошо дагы бир топ үзөңгүлөштөрү камакка алынган. Кой-Таш окуясы боюнча иште Алмазбек Атамбаев, тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу өтүп келет. Ал эми депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

449
  • 7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган

  • Аскерлердин чабуулун Атамбаевдин тарапкерлери четке каккан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскерлердин чабуулун Атамбаевдин тарапкерлери четке каккан

  • Чабуул учурунда жана андан кийин жарадарлар болду
    © AP Photo / AKIpress

    Чабуул учурунда жана андан кийин жарадарлар болду

  • Атамбаевдин тарапташтарына айылдагылардан да кошулушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин тарапташтарына айылдагылардан да кошулушту

  • Атамбаевдин тарапташтары экс-президенттин жанында болууга аракет кылышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин тарапташтары экс-президенттин жанында болууга аракет кылышкан

  • Эртеси, 8-августта, Кой-Ташта милиция менен оппозиция өкүлдөрүнүн кагылышуусу болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эртеси, 8-августта, Кой-Ташта милиция менен оппозиция өкүлдөрүнүн кагылышуусу болду

  • Спецназдын аскерлери айылга кирген учур көптөрдүн эсинде сакталып калды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спецназдын аскерлери айылга кирген учур көптөрдүн эсинде сакталып калды

  • Атамбаевдин атчан тарапташтары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин атчан тарапташтары

  • Айылдыктар менен кагылышкан милициянын кызматкерлери. Жалындаган көчө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айылдыктар менен кагылышкан милициянын кызматкерлери. Жалындаган көчө

  • Башаламандык учурунда Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алды. Ал Москва шаарына чейин барып, дарыланып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башаламандык учурунда Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алды. Ал Москва шаарына чейин барып, дарыланып келди

  • Тартип коргоо органынын кызматкерлери Кой-Таш айылындагы атайын операция учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тартип коргоо органынын кызматкерлери Кой-Таш айылындагы атайын операция учурунда

  • Кой-Таштын тарыхында мынчалык даярдыктагы аскерлер келген эмес
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кой-Таштын тарыхында мынчалык даярдыктагы аскерлер келген эмес

  • Эки тарапты нааразылык жана жалбырттаган өрт бөлүп турду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эки тарапты нааразылык жана жалбырттаган өрт бөлүп турду

  • Атамбаевди кармоо операциясы болгон эки күндө 136 адам жарадар болуп, атайын даярдыктагы бир аскер ок жеп көз жумду
    © REUTERS / VLADIMIR PIROGOV

    Атамбаевди кармоо операциясы болгон эки күндө 136 адам жарадар болуп, атайын даярдыктагы бир аскер ок жеп көз жумду

  • Кой-Таш айылындагы башаламандыкта жарадар болгон киши
    © AFP 2020 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Кой-Таш айылындагы башаламандыкта жарадар болгон киши

  • Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдынын көрүнүшү. Экс-президент чабуулдун экинчи күнү бийликке багынып берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдынын көрүнүшү. Экс-президент чабуулдун экинчи күнү бийликке багынып берди

  • Чабуулдан кийин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чабуулдан кийин

  • Атамбаевдин тарапташы. Кой-Таш айылы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин тарапташы. Кой-Таш айылы

  • Алдыда дагы кандай окуя болорун болжош кыйын... Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алдыда дагы кандай окуя болорун болжош кыйын... Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери

  • Атамбаевдин үйүнүн алды. Эл менен тартип сакчылары аралашып кетти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин үйүнүн алды. Эл менен тартип сакчылары аралашып кетти

  • Атамбаевди кармап кеткенден кийин анын тарапташтары Бишкекке жөнөдү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевди кармап кеткенден кийин анын тарапташтары Бишкекке жөнөдү

  • Талкаланган буюмдар, тамтыгы чыккан бөлмө... Бул жерге сырттан келген адам эмне окуя болгондугун дароо эле түшүнө бербесе керек.
    © Sputnik / Светлана Федотова

    Талкаланган буюмдар, тамтыгы чыккан бөлмө... Бул жерге сырттан келген адам эмне окуя болгондугун дароо эле түшүнө бербесе керек.

  • Чабуулдан кийинки үй. Кара түтүн дубалдарына болгон окуянын изин калтыргандай
    © Sputnik / Светлана Федотова

    Чабуулдан кийинки үй. Кара түтүн дубалдарына болгон окуянын изин калтыргандай

  • Ала-Тоо аянтына Атамбаевдин тарапкерлери чогулуп, тартип коргоочуларды бир топ түйшүккө салды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоо" аянтына Атамбаевдин тарапкерлери чогулуп, тартип коргоочуларды бир топ түйшүккө салды

  • Атамбаевдин тарапкерлерин кубалап таратышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атамбаевдин тарапкерлерин кубалап таратышты

Белгилер:
абак, ИИМ, УКМК, кармоо, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш, Кыргызстан
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду
Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

156
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

156
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Ливандын желеги. Архивдик сүрөт

Элдин жаалы менен... Ливан өкмөтү отставкага кетүүдө

0
(жаңыланган 21:19 10.08.2020)
Ливандын борборундагы жардыруунун кесепети элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп, башаламандык жаралган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ливан өкмөтү толук курамы менен отставкага кеткенин РИА Новости жазды.

Мындай билдирүүнү саламаттык сактоо министри өкмөттүн жыйынынан кийин жар салган. Айрым министрлер кызматын тапшырууну эмитеден баштаганы айтылат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбурөөгү жабыркаган

Бейруттагы жарылуу: чаңырып эшикке чуркашты. Үйлөнүп жаткандардын качкан видеосу

Мындай трагедия элдин бийликке болгон нааразычылыгын ого бетер күчөтүп, башаламандыкты шарттаган. Акцияга миңдеген киши чыгып, ал бир нече күндөн бери токтобой келет. Кырсыкка чейинки жана азыркы талаптарынын бири өкмөттү отставкага кетирүү болчу.

0
Белгилер:
жарылуу, отставка, өкмөт, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейрутта жарылуудан тирүү калган адамдарды издөө иштери аяктады