Мындай баш кийимдерди издеп таппайсыз! Сиз көрө элек 10 калпактын сүрөтү

Жазылуу
Калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келе жаткан эркектердин баш кийими. Кыргызстанда дал ушул улук баш кийимге арналган сынак болуп өттү.

Улуттук кийимдер: элечек, ак калпак, кеп такыя, шөкүлө, телпек, тебетей - Sputnik Кыргызстан
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу калпак сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы кечээ, 30-сентябрда, чыкты. Сынакка 52 калпак келип түшкөн. Алардын ичинде көп жылдан бери атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан таберик, өзгөчө ыкмада жасалган туюк калпактар бар. Мыкты аталган баш кийимдердин сүрөттөрүн Sputnik агенттиги сунуштайт.

Уюштуруучулардын бири Дөөлөт Рысбаевдин айтымында, калыстар тобу калпактарды "Таберик калпак", "Туюк калпак" "Төрт талаа калпак" жана "Дизайнерлик калпак" деп төрт бөлүккө бөлүп тандаган.

"5-март - калпак күнүнө карата атайын сынак жарыялаганбыз. Төрт ай аралыгында жалпы 52 калпак келип түшүп, 5-июль күнү калыстар тобу ар бирин карап жыйынтык чыгарган. Андан соң дагы төрт ай мыкты делген баш кийимдер Ысык-Көлдөгү "Рух ордо" музейинде көргөзмөдө турду. Сынактын максаты — салттуу баш кийим жасоо ыкмасын жандандыруу. Анткени азыркы жаштар салттуу калпак кандай жасаларын билбейт. Колго кийиз жасабай, сатып алып эле тигип жатышат. Бирок илгери кыргыздар калпактын кийизин колго уютуп жасашкан. Табигый таза жүн колдонулган. Жеңүүчүлөрдү да аныктоодо ушул критерийлер эске алынды", — деди Рысбаев.

Алсак, "Таберик калпак" номинациясында эң эски, атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан калпактын мыкты үлгүлөрү жеңүүчү аталып, 10 миң сомдон сый акы алышкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкармадан калган мурас калпак. Бул баш кийим Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын тургуну Мыктыбек Жумалиевге атасынан мурас катары калганы айтылат. Атасы Жакып Жумалиев Жаңы-Талап колхозунун башкармасы болуп иштеген. Баш кийим болжол менен 1950-жылдары жасалган. Ал накта уяң жүндүү койдун жүнүнѳн жасалып, кара баркыт менен кыргакталган. Көп убакыт өткөндүктөн кездеменин түсү бозомтук болуп калган.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/10
Башкармадан калган мурас калпак. Бул баш кийим Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын тургуну Мыктыбек Жумалиевге атасынан мурас катары калганы айтылат. Атасы Жакып Жумалиев Жаңы-Талап колхозунун башкармасы болуп иштеген. Баш кийим болжол менен 1950-жылдары жасалган. Ал накта уяң жүндүү койдун жүнүнѳн жасалып, кара баркыт менен кыргакталган. Көп убакыт өткөндүктөн кездеменин түсү бозомтук болуп калган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖылкынын жалынан жасалган калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Калпак "Манас" эпосундагы каармандардын сүрөтүнө таянып жасалып, кол башчы жоокердин образына туура келет.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/10
Жылкынын жалынан жасалган калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Калпак "Манас" эпосундагы каармандардын сүрөтүнө таянып жасалып, кол башчы жоокердин образына туура келет.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуюк калпак. Бул баш кийим Ысык-Көл облусунун тургуну Эркингүл Акунова тарабынан уютулуп, бордолуп жасалган. Маңдайына "Кыргыз ата" белгиси түшүрүлгөн. Кыргагы кылдан өрүлүп бекитилип, кара тырмак саймасы сайылган. Азыр мындай калпактар кийилбейт.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/10
Туюк калпак. Бул баш кийим Ысык-Көл облусунун тургуну Эркингүл Акунова тарабынан уютулуп, бордолуп жасалган. Маңдайына "Кыргыз ата" белгиси түшүрүлгөн. Кыргагы кылдан өрүлүп бекитилип, кара тырмак саймасы сайылган. Азыр мындай калпактар кийилбейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуюк калпак. Ысыккөлдүк кол өнөрчү Керимжан Карымбаеванын айтымында, мындай калпактарды Советтер Союзу убагында пионерлер кийчү. Бул баш кийим жүндөн уютулуп жасалып, маңдайы жазы болуп тилинген.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/10
Туюк калпак. Ысыккөлдүк кол өнөрчү Керимжан Карымбаеванын айтымында, мындай калпактарды Советтер Союзу убагында пионерлер кийчү. Бул баш кийим жүндөн уютулуп жасалып, маңдайы жазы болуп тилинген.
© Sputnik / Табылды КадырбековМурас калпак. Сүрөттөгү баш кийим Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынан алып келинген. Ээсинин маалыматына таянсак, 1956-жылы төрт талаа болуп тигилген. Чоң атасынан чөбөрөсүнө чейин жеткен калпак.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/10
Мурас калпак. Сүрөттөгү баш кийим Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынан алып келинген. Ээсинин маалыматына таянсак, 1956-жылы төрт талаа болуп тигилген. Чоң атасынан чөбөрөсүнө чейин жеткен калпак.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮлпөт тойдо кийгизилген калпак. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Талантбек Курманбековдун айтымында, калпак ага атасынан мурас катары калган. Бул баш кийимди атасына чоң ата, чоң энелери 1993-жылы үлпөт тоюнда белек кылып кийгизишкен.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/10
Үлпөт тойдо кийгизилген калпак. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Талантбек Курманбековдун айтымында, калпак ага атасынан мурас катары калган. Бул баш кийимди атасына чоң ата, чоң энелери 1993-жылы үлпөт тоюнда белек кылып кийгизишкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуюк калпак. Кол өнөрчү Кымбаткүл Качаганова уютуп жасаган туюк калпак. Жаштар кийгенге ылайыктуу. Ак жана боз жүндөн эки кат кылып жасалып, асты шырылып, чырашталган.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/10
Туюк калпак. Кол өнөрчү Кымбаткүл Качаганова уютуп жасаган туюк калпак. Жаштар кийгенге ылайыктуу. Ак жана боз жүндөн эки кат кылып жасалып, асты шырылып, чырашталган.
© Sputnik / Табылды КадырбековКызыл кыргактуу калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Төрт талаа болуп бычылып кызыл баркыт менен кыргакталган. Мындай калпактарды көп учурда кыл мурут бозойлор кийген. Илгери кызыл кыюусу бар калпак кийген жигит кошуна айылга барып калса "кыз издеп келген экен" деп жоруп коюшчу.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/10
Кызыл кыргактуу калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Төрт талаа болуп бычылып кызыл баркыт менен кыргакталган. Мындай калпактарды көп учурда кыл мурут бозойлор кийген. Илгери кызыл кыюусу бар калпак кийген жигит кошуна айылга барып калса "кыз издеп келген экен" деп жоруп коюшчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековТөрт талаа бычылган калпак. "Муундан-муунга — кыргыз калпагы" иш тобу тарабынан 2009-жылы калпактын атайын концепциясы иштелип чыккан. Ал концепцияга таянсак, 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/10
Төрт талаа бычылган калпак. "Муундан-муунга — кыргыз калпагы" иш тобу тарабынан 2009-жылы калпактын атайын концепциясы иштелип чыккан. Ал концепцияга таянсак, 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуюк калпак. Кол өнөрчү Неля Чолпонбаеванын айтымында, бул калпакты эки түр кылып кийсе болот. Саймаларын маңдайына каратып кийсе "бакай калпак" болуп калат.
Конкурс головного убора калпак в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/10
Туюк калпак. Кол өнөрчү Неля Чолпонбаеванын айтымында, бул калпакты эки түр кылып кийсе болот. Саймаларын маңдайына каратып кийсе "бакай калпак" болуп калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0