Балбал таш, талаада жана эл арасында. Чокморовдун каректе калган 18 ирмеми

Жазылуу
Быйыл кыргыз кереметинин жаратуучуларынын бири, кыргыз сүрөт өнөрүн жаңы бийикке алып чыккан СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык юбилейи.

Sputnik Кыргызстан элесин элдин эсине кайрадан салуу максатында сүрөт түрмөк даярдады.

Бул адамдын жашап өткөн өмүрү таптакыр башкача. Ал өзүнүн жарым кылымга чукул өмүрүндө кыргыз кино өнөрүнүн өсүшүнө салымын кошту. Андан сырткары, кыргыз элине 400дөн ашуун сүрөттөрүн таштап кетти.

Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында мындан туура 80 жыл мурда, 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Тагдыр аны үй-бүлөдөгү 11 бир туугандын онунчусу кылып жаратыптыр. Болочоктогу актёр жана сүрөтчү алты жашынан тарта окуп, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырган. Аны 1958-жылы бүтүрүп, Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан живопись факультетин 1964-жылы аяктаган.

Чокморов өмүрүнүн аягына чейин кыл калемин таштабаса, өмүрүнүн гүлдөп, күч-кубатка толуп турган учурун кино өнөрүнө арнаган.

Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт
Ал режиссёр Болот Шамшиев тарткан "Караш-Караш окуясы" кинофильминен кийин коомчулукка жылдыз сымал жарк эткен. Кийин дагы далайларды тамшандырган ролдорду жараткан.

Эркектин мыкты ролун жараткандыгы үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилиси, Баку, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчүлүк өнөрүндө Саякбай Каралаевдин, артисттер Советбек Жумадыловдун, Алиман Жангорозованын, тарыхый инсан Курманжан датканын, режиссёр Геннадий Базаровдун портреттерин чеберчилик менен тарткан. Андан сырткары, "Менин энем", "Абышка", "Менин уулум" сыяктуу бир топ эмгектери элге жакшы белгилүү.

Ал 1992-жылы 26-сентябрда дүйнө салып, сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Ал жылы Сүймөнкул Чокморов болгону 52 жашта эле...

© Фото / Александр ФедоровСүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролу тушоо кесер эмгеги болгон (1967-жыл). Дал ушул картинадан тарта Чокморовдун жылдызы жанып баштаган.
Сүймөнкул Чокморовдун Караш-Караш окуясы тасмасындагы Бактыгулдун ролу тушоо кесер эмгеги болгон (1967-жыл). Дал ушул картинадан тарта Чокморовдун жылдызы жанып баштаган. - Sputnik Кыргызстан
1/18
Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролу тушоо кесер эмгеги болгон (1967-жыл). Дал ушул картинадан тарта Чокморовдун жылдызы жанып баштаган.
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жазылган "Кызыл алма" кинофильмин тартуу учурунда. Режиссёр Океев, оператор Орозалиев жана актёр Чокморов. 1975-жыл.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жазылган Кызыл алма кинофильмин тартуу учурунда. Режиссёр Океев, оператор Орозалиев жана актёр Чокморов. 1975-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/18
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жазылган "Кызыл алма" кинофильмин тартуу учурунда. Режиссёр Океев, оператор Орозалиев жана актёр Чокморов. 1975-жыл.
© Фото / Александр ФедоровБүркүтчү кесибин өздөштүрүп жаткан кадимки эле Сүймөнкул Чокморов.
Бүркүтчү кесибин өздөштүрүп жаткан кадимки эле Сүймөнкул Чокморов. - Sputnik Кыргызстан
3/18
Бүркүтчү кесибин өздөштүрүп жаткан кадимки эле Сүймөнкул Чокморов.
© Фото / Александр ФедоровДушанбе шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда. 1980-жыл.
Душанбе шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда. 1980-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/18
Душанбе шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда. 1980-жыл.
© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган. - Sputnik Кыргызстан
5/18
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
© Фото / Александр Федоров"Көздүн кареги" кинотасмасына тартылууга даярдык учурунан бир көрүнүш. Режиссёр — Геннадий Базаров, гример — Белякова. 1976-жыл.
Көздүн кареги кинотасмасына тартылууга даярдык учурунан бир көрүнүш. Режиссёр — Геннадий Базаров, гример — Белякова. 1976-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/18
"Көздүн кареги" кинотасмасына тартылууга даярдык учурунан бир көрүнүш. Режиссёр — Геннадий Базаров, гример — Белякова. 1976-жыл.
© Фото / Александр ФедоровОлимпиада чемпиону Сатымкул Жуманазаров менен Чоң-Таш айылында. 1981-жыл.
Олимпиада чемпиону Сатымкул Жуманазаров менен Чоң-Таш айылында. 1981-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/18
Олимпиада чемпиону Сатымкул Жуманазаров менен Чоң-Таш айылында. 1981-жыл.
© Фото / Александр ФедоровҮлкөндөр. Солдон оңго: жазуучу жана акын Муса Жангазиев, актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана режиссёр Болот Шамшиев.
Үлкөндөр. Солдон оңго: жазуучу жана акын Муса Жангазиев, актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана режиссёр Болот Шамшиев. - Sputnik Кыргызстан
8/18
Үлкөндөр. Солдон оңго: жазуучу жана акын Муса Жангазиев, актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана режиссёр Болот Шамшиев.
© Фото / Александр Федоров."Биринчи" кинофильмин эстедиңизби? Ортодо Чокморов, анын оң жагында кесиптеши Советбек Жумадылов.
.Биринчи кинофильмин эстедиңизби? Ортодо Чокморов, анын оң жагында кесиптеши Советбек Жумадылов. - Sputnik Кыргызстан
9/18
."Биринчи" кинофильмин эстедиңизби? Ортодо Чокморов, анын оң жагында кесиптеши Советбек Жумадылов.
© Фото / Александр ФедоровКызыл кыргак калпакчан, алда кайдан көзгө урунган — Сүймөнкул Чокморов. Кайрадан кино тартуу процессинде...
Кызыл кыргак калпакчан, алда кайдан көзгө урунган — Сүймөнкул Чокморов. Кайрадан кино тартуу процессинде... - Sputnik Кыргызстан
10/18
Кызыл кыргак калпакчан, алда кайдан көзгө урунган — Сүймөнкул Чокморов. Кайрадан кино тартуу процессинде...
© Фото / Александр Федоров"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" картинасынан. Кайсы роль болбосун жогорку деңгээлде, майын чыгара ойногон уникалдуу Чокморов...
Ысык-Көлдүн кызгалдактары картинасынан. Кайсы роль болбосун жогорку деңгээлде, майын чыгара ойногон уникалдуу Чокморов... - Sputnik Кыргызстан
11/18
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" картинасынан. Кайсы роль болбосун жогорку деңгээлде, майын чыгара ойногон уникалдуу Чокморов...
© Фото / Александр ФедоровКээде Сүймөнкул Чокморовсуз кыргыз кинолору кандай болот эле деген суроо эрксизден жаралат...
Кээде Сүймөнкул Чокморовсуз кыргыз кинолору кандай болот эле деген суроо эрксизден жаралат... - Sputnik Кыргызстан
12/18
Кээде Сүймөнкул Чокморовсуз кыргыз кинолору кандай болот эле деген суроо эрксизден жаралат...
© Фото / Александр ФедоровЭмнелерди сүйлөшүп жатты экен, ээ?.. Сүймөнкул Чокморов айылдаштары менен. 1984-жыл.
Эмнелерди сүйлөшүп жатты экен, ээ?.. Сүймөнкул Чокморов айылдаштары менен. 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
13/18
Эмнелерди сүйлөшүп жатты экен, ээ?.. Сүймөнкул Чокморов айылдаштары менен. 1984-жыл.
© Фото / Александр ФедоровЧокморовдун абышка-кемпирлерге ыктап турган бир касиети болгон. Кыргыздын эски кийимдерин жакшы көргөндүктөн, аны айылдан издештирип, сураштырып жүрүп таап, сүрөткө түшүргөнгө далалат кылган. Бул сүрөт 1970-жылдары тартылыптыр. Сүрөтчүнүн өзүнүн чеберканасында иштеп жаткан ирмемдери.
Чокморовдун абышка-кемпирлерге ыктап турган бир касиети болгон. Кыргыздын эски кийимдерин жакшы көргөндүктөн, аны айылдан издештирип, сураштырып жүрүп таап, сүрөткө түшүргөнгө далалат кылган. Бул сүрөт 1970-жылдары тартылыптыр. Сүрөтчүнүн өзүнүн чеберканасында иштеп жаткан ирмемдери. - Sputnik Кыргызстан
14/18
Чокморовдун абышка-кемпирлерге ыктап турган бир касиети болгон. Кыргыздын эски кийимдерин жакшы көргөндүктөн, аны айылдан издештирип, сураштырып жүрүп таап, сүрөткө түшүргөнгө далалат кылган. Бул сүрөт 1970-жылдары тартылыптыр. Сүрөтчүнүн өзүнүн чеберканасында иштеп жаткан ирмемдери.
© Фото / Александр ФедоровКандай сонун, жанга жакын сүрөт. Сүймөнкул Чокморов Чоң-Таштагы үйүнүн алдында отурат.
Кандай сонун, жанга жакын сүрөт. Сүймөнкул Чокморов Чоң-Таштагы үйүнүн алдында отурат. - Sputnik Кыргызстан
15/18
Кандай сонун, жанга жакын сүрөт. Сүймөнкул Чокморов Чоң-Таштагы үйүнүн алдында отурат.
© Фото / Александр ФедоровСүймөнкул Чокморов уулу Бактыгул менен
Сүймөнкул Чокморов уулу Бактыгул менен - Sputnik Кыргызстан
16/18
Сүймөнкул Чокморов уулу Бактыгул менен
© Фото / Александр ФедоровӨкүткө салган, оорунун тузагына түшкөн күндөр. Сүймөнкул Чокморов ооруканада
Өкүткө салган, оорунун тузагына түшкөн күндөр. Сүймөнкул Чокморов ооруканада - Sputnik Кыргызстан
17/18
Өкүткө салган, оорунун тузагына түшкөн күндөр. Сүймөнкул Чокморов ооруканада
© Фото / Александр ФедоровАл ак чачтар кара кезден көмүрдөй, Кыдыр даарып, талант муңбай, төгүлбөй
Элестелип бүт дүйнөгө тарады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй. (Жолон Мамытов)
Ал ак чачтар кара кезден көмүрдөй, Кыдыр даарып, талант муңбай, төгүлбөй
Элестелип бүт дүйнөгө тарады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй. (Жолон Мамытов)
 - Sputnik Кыргызстан
18/18
Ал ак чачтар кара кезден көмүрдөй, Кыдыр даарып, талант муңбай, төгүлбөй
Элестелип бүт дүйнөгө тарады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй. (Жолон Мамытов)
Жаңылыктар түрмөгү
0