"Ак шумкарлар" менен "Самурайлардын" кармашы. Бишкек стадионунан 20 сүрөт

629
(жаңыланган 11:47 15.11.2019)
  • Кыргызстандын улуттук курама командасы беттеш алдында. Оюндун капитаны жана коргоочу Валерий Кичин
  • Командалар мелдешти активдүү баштап, бири-биринин алсыз жактарын байкаштырып жатышты
  • Күйөрмандардын өзгөчө таланты. Трибунадагылар Кыргызстандын курама командасынын чоң футболкасын алып чыгышкан
  • Кармаш оюн талаасынын ортосунда көбүрөөк болуп жатты
  • Кыргызстандын курама командасы жеңишти камсыздоого бардык күч аракетин жумшап жатканы байкалды
  • Мелдешти көрүүгө япон күйөрмандары да чогулду. Айрымдары Кыргызстанда иштеп, жашаса, кээ бири атайын оюнду көрүү үчүн Япониядан келген.
  • Эки команданын тең оюндун биринчи таймынын жарым саатында эсепти ачууга мүмкүнчүлүгү болду. Акыркы таймдын аягында Япония пенальтиден топ киргизди
  • Башкы стадиондун асмандан көрүнүшү ушундай. Сүрөт биринчи таймдагы тыныгуудан кийин тартылган
  • Кыргызстандын командасындагы жаш оюнчу Алимардон Шүкүров атаандаш команданын спортчусу менен тирешүүдө
  • Дарбазачы Кутман Кадырбеков топторду киргизбей, кооз ыкмалар менен тосуп калып жатты
  • Ал дарбазаны жакшы эле коргоп жаткан. Бирок экинчи гол айып топтон кирип кетти
  • Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Ал оюн учурунда өзүн токтоо алып жүрөт
  • Кыргызстандык футболчу Одилжон Абдурахманов берилүү менен ойноодо
  • VIP-трибунада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар жана аткаминерлер оюнга көз салууда
  • Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин көзөмөлүндө беш коргоочу, төрт жарым коргоочу, бир чабуулчу жана бир дарбазачы болду
  • Валерий Кичин алмашкыс оюнчулардын бири
  • Кызуу таймашта топту тайып барып тепкиси келгендер болду. Бирок бул оюнда арбитр кызыл карточкага сараң экен
  • Чабуулчу Мирлан Мурзаев абада секирип топ талашууда. Бул ирет ал гол киргизип, күйөрмандарын сүйүнтө алган жок
  • Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады.
  • Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Япониянын курама командалары футбол кармашын өткөрүп, натыйжада Күн чыгыш өлкөсүнүн спортчулары 2:0 эсеби менен жеңишин майрамдады.

18 миң кишиге ылайыкталган башкы стадионго эл батпай, жакынкы аймакка күйөрмандар зонасы уюштурулган. Ал жакка 500гө чукул адам чогулуп, "ак шумкарлардын" жеңишин күтүп жатышты. Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады. Япониялыктар биринчи голду пенальтиден камсыздаса, экинчисин айып топтон пайдаланып киргизүүгө жетишти.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.

Эки өлкөнүн мелдеши 2020-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында болду.

629
  • Кыргызстандын улуттук курама командасы беттеш алдында. Оюндун капитаны жана коргоочу Валерий Кичин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын улуттук курама командасы беттеш алдында. Оюндун капитаны жана коргоочу Валерий Кичин

  • Командалар мелдешти активдүү баштап, бири-биринин алсыз жактарын байкаштырып жатышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Командалар мелдешти активдүү баштап, бири-биринин алсыз жактарын байкаштырып жатышты

  • Күйөрмандардын өзгөчө таланты. Трибунадагылар Кыргызстандын курама командасынын чоң футболкасын алып чыгышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйөрмандардын өзгөчө таланты. Трибунадагылар Кыргызстандын курама командасынын чоң футболкасын алып чыгышкан

  • Кармаш оюн талаасынын ортосунда көбүрөөк болуп жатты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кармаш оюн талаасынын ортосунда көбүрөөк болуп жатты

  • Кыргызстандын курама командасы жеңишти камсыздоого бардык күч аракетин жумшап жатканы байкалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын курама командасы жеңишти камсыздоого бардык күч аракетин жумшап жатканы байкалды

  • Мелдешти көрүүгө япон күйөрмандары да чогулду. Айрымдары Кыргызстанда иштеп, жашаса, кээ бири атайын оюнду көрүү үчүн Япониядан келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдешти көрүүгө япон күйөрмандары да чогулду. Айрымдары Кыргызстанда жашаса, кээ бири атайын оюнду көрүү үчүн Япониядан келген.

  • Эки команданын тең оюндун биринчи таймынын жарым саатында эсепти ачууга мүмкүнчүлүгү болду. Акыркы таймдын аягында Япония пенальтиден топ киргизди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эки команданын тең оюндун биринчи таймынын жарым саатында эсепти ачууга мүмкүнчүлүгү болду. Акыркы таймдын аягында Япония пенальтиден топ киргизди

  • Башкы стадиондун асмандан көрүнүшү ушундай. Сүрөт биринчи таймдагы тыныгуудан кийин тартылган
    © Фото / Михаил Дудин

    Башкы стадиондун асмандан көрүнүшү ушундай. Сүрөт биринчи таймдагы тыныгуудан кийин тартылган

  • Кыргызстандын командасындагы жаш оюнчу Алимардон Шүкүров атаандаш команданын спортчусу менен тирешүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын командасындагы жаш оюнчу Алимардон Шүкүров атаандаш команданын спортчусу менен тирешүүдө

  • Дарбазачы Кутман Кадырбеков топторду киргизбей, кооз ыкмалар менен тосуп калып жатты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дарбазачы Кутман Кадырбеков топторду киргизбей, кооз ыкмалар менен тосуп калып жатты

  • Ал дарбазаны жакшы эле коргоп жаткан. Бирок экинчи гол айып топтон кирип кетти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал дарбазаны жакшы эле коргоп жаткан, бирок экинчи гол айып топтон кирип кетти

  • Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Ал оюн учурунда өзүн токтоо алып жүрөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Ал оюн учурунда өзүн токтоо алып жүрөт

  • Кыргызстандык футболчу Одилжон Абдурахманов берилүү менен ойноодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандык футболчу Одилжон Абдурахманов берилүү менен ойноодо

  • VIP-трибунада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар жана аткаминерлер оюнга көз салууда
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев

    VIP-трибунада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар жана аткаминерлер оюнга көз салууда

  • Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин көзөмөлүндө беш коргоочу, төрт жарым коргоочу, бир чабуулчу жана бир дарбазачы болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин көзөмөлүндө беш коргоочу, төрт жарым коргоочу, бир чабуулчу жана бир дарбазачы болду

  • Валерий Кичин алмашкыс оюнчулардын бири
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Валерий Кичин алмашкыс оюнчулардын бири

  • Кызуу таймашта топту тайып барып тепкиси келгендер болду. Бирок бул оюнда арбитр кызыл карточкага сараң экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кызуу таймашта топту тайып барып тепкиси келгендер болду. Бирок бул оюнда арбитр кызыл карточкага "сараң" экен

  • Чабуулчу Мирлан Мурзаев абада секирип топ талашууда. Бул ирет ал гол киргизип, күйөрмандарын сүйүнтө алган жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чабуулчу Мирлан Мурзаев абада секирип топ талашууда. Бул ирет ал гол киргизип, күйөрмандарын сүйүнтө алган жок

  • Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады.

  • Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев

    Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат.

Белгилер:
Дөлөн Өмүрзаков атынданы стадион, Сүрөт, оюн, футбол, стадион, Бишкек, Япония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан — Япония беттеши (31)
Тема боюнча
Футболду тура калып көргөн Абылгазиев. КР командасын сүрөгөн аткаминерлердин сүрөтү
Милиция оюн талаасына чуркап чыккысы келген күйөрманды кармады. Видео
Фотофакт: стадионго жык толгон футбол күйөрмандарынын сүрөтү