Ойго алып койчу 10 жер. 2020-жылы саякаттайм дегендерге сунушталган тизме

Жазылуу
Эгерде келерки жылы саякатка чыгам десеңиз, биз сунуштаган бул жерлерге да бир аз көз салып коюңуз. Балким, жолуңуз ушул аймактарга түшүп калаар.

Туристтик операторлор 2020-жылы кайсы өлкөлөргө барууга боло тургандыгын айтып беришти. Тизмеге 10 өлкө кирди. Кеп туристтер үчүн шарттарын жакшырткан же кандайдыр бир маанилүү иш-чаралар боло турган аймактар боюнча болмокчу.

 

© Photo / Pixabay/Sittichok Glomvinya Бутан — Гималайдагы көркү көз талдырган аймактардын бири. Аталган өлкөгө барган туристтин чөнтөгү калыңыраак болушу керек. Анткени менен көпкө чейин эсте кала турган саякат болот. Тоодогу жалгыз аяк жол менен көтөрүлүп, будда монастырларын көрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кол сунсаң жете тургандай булуттар, жашагыңды келтирген жапжашыл айлана сизди арбап алат.
Вид на деревню в Бутане - Sputnik Кыргызстан
1/10
Бутан — Гималайдагы көркү көз талдырган аймактардын бири. Аталган өлкөгө барган туристтин чөнтөгү калыңыраак болушу керек. Анткени менен көпкө чейин эсте кала турган саякат болот. Тоодогу жалгыз аяк жол менен көтөрүлүп, будда монастырларын көрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кол сунсаң жете тургандай булуттар, жашагыңды келтирген жапжашыл айлана сизди арбап алат.
© Photo / Pixabay/InspiredImages Перранпорт Бич — Англияда сууда сүзүп, тактайга отуруп, толкундар менен тең жарыша турган жер.
Серфингист на пляже Перранпорт Бич в Англии - Sputnik Кыргызстан
2/10
Перранпорт Бич — Англияда сууда сүзүп, тактайга отуруп, толкундар менен тең жарыша турган жер.
© Photo / Pixabay/Cymelium Түндүк Македония менен Албаниянын чек арасындагы Охрид көлү. Балкандагы эң байыркы жана терең аймак. Отуруп алып алыска, алыска көп чаптырсаңыз өзүнчө бир керемет жай.
Вид на озеро Охрид в Северной Македонии - Sputnik Кыргызстан
3/10
Түндүк Македония менен Албаниянын чек арасындагы Охрид көлү. Балкандагы эң байыркы жана терең аймак. Отуруп алып алыска, алыска көп чаптырсаңыз өзүнчө бир керемет жай.
© Photo / Pixabay/Ulrike BohrКариб деңизиндеги Аруба аралы. Кумдуу жээги, күнөстүү абасы, албууттанган толкундары кайдыгер калтырбайт.
Пляж острова Аруба в Карибском море - Sputnik Кыргызстан
4/10
Кариб деңизиндеги Аруба аралы. Кумдуу жээги, күнөстүү абасы, албууттанган толкундары кайдыгер калтырбайт.
© Photo / Pixabay/karlins_u Түштүк Африкадагы Эсватини королдугунда дээрлик бардык аймагын адамдын буту баса элек коруктар бар. Хлан деп аталган жаратылыш паркында арстандар, кериктер, пилдер баштаган ири жаныбарлар жашайт.
Гиппопотам в парке королевства Эсватини в Южной Африке - Sputnik Кыргызстан
5/10
Түштүк Африкадагы Эсватини королдугунда дээрлик бардык аймагын адамдын буту баса элек коруктар бар. Хлан деп аталган жаратылыш паркында арстандар, кериктер, пилдер баштаган ири жаныбарлар жашайт.
© Depositphotos.com / KamchatkaТокойдогу дарактын бийиктигиндеги жолдор. Коста-Рикада (Борбордук Америка) болсоңуз, вулкан менен жунглиге барып саякаттай аласыз.
Прогулка в джунглях Коста-Рики в Центральной Америке  - Sputnik Кыргызстан
6/10
Токойдогу дарактын бийиктигиндеги жолдор. Коста-Рикада (Борбордук Америка) болсоңуз, вулкан менен жунглиге барып саякаттай аласыз.
© Photo / Pixabay/Laura Montagnani Амстердам (Нидерланд) — Европага жол тартсаңыз сөзсүз бара кете турган шаар. Апрель, майда жолуңуз түшсө, андан да кызык болот. Себеби Король менен Бошотуу Күнүнө арналган майрамга туш болосуз. Баса, 2020-жылы "Евровидение" да ушул жерде өтөт.
Вид на канал Амстердама - Sputnik Кыргызстан
7/10
Амстердам (Нидерланд) — Европага жол тартсаңыз сөзсүз бара кете турган шаар. Апрель, майда жолуңуз түшсө, андан да кызык болот. Себеби Король менен Бошотуу Күнүнө арналган майрамга туш болосуз. Баса, 2020-жылы "Евровидение" да ушул жерде өтөт.
© AFP / Glenna GordonЛибериядагы Сапо деп аталган улуттук паркка барып келсеңиз, бир нече убакытка жеткен таасир аласыз. Батыш Африкадагы тропикалык ири токойлордун экинчиси. Шимпанзе, пил жана кериктер менен кошуна болуп жашап келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Гроза над национальном парке Сапо в Либерии  - Sputnik Кыргызстан
8/10
Либериядагы Сапо деп аталган улуттук паркка барып келсеңиз, бир нече убакытка жеткен таасир аласыз. Батыш Африкадагы тропикалык ири токойлордун экинчиси. Шимпанзе, пил жана кериктер менен кошуна болуп жашап келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
© Depositphotos.com / KastoМарокконун борбору Марракеш кызыктуу шаар. Эмнегедир орто кылымдагы лабиринт курулуштарды эске салат. Саякаттап, бирок базарына кирбей келсеңиз, Мароккого бардым дебей эле коюңуз.
Торговая площадь в Марракеше, Марокко  - Sputnik Кыргызстан
9/10
Марокконун борбору Марракеш кызыктуу шаар. Эмнегедир орто кылымдагы лабиринт курулуштарды эске салат. Саякаттап, бирок базарына кирбей келсеңиз, Мароккого бардым дебей эле коюңуз.
CC BY 2.0 / Vince Alongi / "Half and Half" revisitedУругвайдын пляжы укмуш экенин билдиңиз беле? Суу менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айкалышы, жергиликтүү элдин меймандостугу кайдыгер калтырбайт.
Закат на пляже в Уругвае  - Sputnik Кыргызстан
10/10
Уругвайдын пляжы укмуш экенин билдиңиз беле? Суу менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айкалышы, жергиликтүү элдин меймандостугу кайдыгер калтырбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0