Болот Шамшиевди акыркы сапарга кантип узатышты? 12 ирмем

1041
(жаңыланган 20:38 24.12.2019)
  • 2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккандан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев менен кыргызстандыктар түбөлүккө коштошту
  • Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлерден сырткары жөнөкөй жарандар да келди
  • Болот Шамшиевден айрылуу жакындары үчүн да оор болду
  • Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтууну президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду
  • Акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы Ардак кароол
  • Шамшиевдин зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер келди
  • КРдеги элчиликтин өкүлдөрү улуу режиссёр менен коштошту
  • Шамшиев Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду
  • Шамшиевге топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды
  • Калың элдин арасындагы адабияттын, илимдин өкүлдөрү да болду. Сүрөттө: драматург Бексултан Жакиев менен коомдук ишмер Аскар Какеев
  • 2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккандан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев дүйнө салды
  • Шамшиевдин режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды дешти
Кыргызстандыктар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында белгилүү режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги фототүрмөк даярдады.

Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтуу окулуп, анда режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калганы белгиленди.

Андан сырткары, анын үзөнгүлөштөрү, достору, замандаштары, КРдеги элчиликтин өкүлдөрү сүйлөп, эскерүү сөздөрүн айтты.

Шамшиев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ага топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды.

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.

1041
  • 2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккандан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев менен кыргызстандыктар түбөлүккө коштошту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев менен кыргызстандыктар түбөлүккө коштошту

  • Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлерден сырткары жөнөкөй жарандар да келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлерден сырткары жөнөкөй жарандар да келди

  • Болот Шамшиевден айрылуу жакындары үчүн да оор болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Болот Шамшиевден айрылуу жакындары үчүн да оор болду

  • Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтууну президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Президент Жээнбековдун атынан көңүл айтууну президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду

  • Акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы Ардак кароол
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы Ардак кароол

  • Шамшиевдин зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шамшиевдин зыйнатына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер келди

  • КРдеги элчиликтин өкүлдөрү улуу режиссёр менен коштошту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    КРдеги элчиликтин өкүлдөрү улуу режиссёр менен коштошту

  • Шамшиев Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шамшиев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

  • Шамшиевге топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Шамшиевге топурак салганы Сооронбай Жээнбеков да барды

  • Калың элдин арасындагы адабияттын, илимдин өкүлдөрү да болду. Сүрөттө: драматург Бексултан Жакиев менен коомдук ишмер Аскар Какеев
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Калың элдин арасында адабияттын, илимдин өкүлдөрү да болду. Сүрөттө: драматург Бексултан Жакиев менен коомдук ишмер Аскар Какеев

  • 2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккандан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев дүйнө салды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    2019-жылы 24-декабрда кыргыз кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан залкар режиссёрлордун бири Болот Шамшиев дүйнө салды

  • Шамшиевдин режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды дешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    "Шамшиевдин режиссёрлук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды" дешти

Белгилер:
Ала-Арча көрүстөнү, зыйнат, Болот Шамшиев, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)
Тема боюнча
Россиянын кинематографисттер союзу Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты
Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты. Видео
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты

Бороон-чапкынга карабай марага жетем деген лыжачылар. Орловкадагы 12 сүрөт

163
(жаңыланган 21:49 22.01.2021)
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү. Кызуу мелдештин сүрөттөрүн Sputnik агенттигинин кабарчысы тартып алды.

18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.

Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.

Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.

Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.

163
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү

  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат

  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты

  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты

  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду

  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.

  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды

  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду

  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат

  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган

  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан

  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду

Белгилер:
турнир, спорт, лыжа, Орловка, Бишкек
Тема боюнча
Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди

Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер

981
(жаңыланган 20:42 22.01.2021)
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Быйыл CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун биринчилерден болуп тарткан мушташ (боевик) жанрындагы тасмасындагы ирмемдерди сунуштайт.

"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.

Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, Союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.

Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.

981
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган

  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)

  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
    © Фото / Александр Федоров

    Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен

  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин

  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
    © Фото / Александр Федоров

    "Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген

  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
    © Фото / Александр Федоров

    Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат

  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген

  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн

  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор

  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган

  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан

  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев

  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон

Белгилер:
Сүрөт, "Бөрү зындан" тасмасы, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Спутник-V вакцинасы

ЖМК: Пакистан россиялык "Спутник V" вакцинасын аларын айтты

0
Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Пакистандын өкмөтү россиялык "Спутник V" вакцинасын чукул кырдаал учурунда колдонууга уруксат берип, жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга аны сатып алууга жана таратууга жол ачты. Бул тууралуу ЖМКларга таянып, РИА Новости жазды.

Россиялык вакцина өлкөдө колдонууга уруксат берилген үчүнчү дары болгон.

"Пакистандын Дары-дармектерди тескөөчү органынын (Drap) каттоо кеңеши өткөргөн жыйында өзгөчө кырдаалдарда дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берилди. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштелип чыккан вакцина", — деп  айтылат маалыматта. 

Ал ошондой эле AGP жергиликтүү фармацевтикалык компаниясы россиялык вакцинанын жалгыз импорттоочу жана дистрибьютери болорун белгиледи.

Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.

0
Белгилер:
Пакистан, вакцина, Спутник V, коронавирус, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы эми Түркияда дагы чыгарыла баштайт