Бул Кыргызстандагы сулуулук! Асмандан тартылып, кайдыгер калтырбаган 12 сүрөт

Жазылуу
Кыргызстанда адамды суктандырган кооз жерлер арбын. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Ара-Көл менен Орто-Токой суу сактагычынын асмандан тартылган көрүнүшүнө күбө болосуз.

Суу алдында категориясынын жеңүүчүсү. Сүрөт Абаны көздөй деп аталат. Автору Алексей Зозуля - Sputnik Кыргызстан
Жаратылыштын эң мыкты сүрөттөрү. Nature Photographer сынагынын жыйынтыгы
Кыргыз бермети – Ысык-Көл кышында тоңбойт. Анткен менен тоңгон көлмөлөр менен суулар ошондой эле табышмактуу, ошондой эле кооз.

Бишкектик фотограф, асмандан тартып жүргөн оператор Михаил Дудин кыргызстандыктар буга чейин эч качан көрбөгөн сүрөттөрдү тартуулады. Алар Ара-Көл менен Орто-Токой суу сактагычынын асмандан тартылган көрүнүшү болду.

Дудиндин айтымына караганда, Ара-Көлдөгү муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жеткендиктен, эл анын үстүнө муз тээп, эс ала алат.

"Күн сууктап, суу тоңгондо жергиликтүү эл чана тээп, музду оюп алып балык кармайт. Кочкорго түшкөн кар көп турбагандыктан, тоңгон көлдүн укмуштуудай сонун көрүнүшүнө күбө боло алабыз", — деп айтып берди Дудин.

Фотограф жээктеги муз катмарланып, агыш тартып тургандыгын айтты. Ал эми көлдүн ортосуна жакындаган сайын бети жылмакай болуп, андан сырткары, аяз чыртылдап жарып, табият кереметтүү сүрөттөрдү өзү эле тартып койгонуна күбө болобуз.

"Орто-Токойдогу муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге жетет. Анткен менен муз тепкенге болбойт, кооптуу. Жарылып кетиши мүмкүн", — деди Дудин.

Ара-Көл Кочкор райондук борборунан болжол менен 30 чакырым алыстыкта орун алган. Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте, Нарын менен Ысык-Көл облусунун чегинде жайгашкан. Кочкорго, Нарын облусуна кетип бара жаткан жолоочулар табияттын бул кооздугуна күбө боло алат. Анын узундугу 18, ал эми туурасы 5 чакырым. Тереңдиги 47 метр.

© Sputnik / Михаил ДудинАра-Көл Кочкор райондук борборунан болжол менен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
1/12
Ара-Көл Кочкор райондук борборунан болжол менен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан
© Sputnik / Михаил ДудинКышында Ара-Көл толугу менен тоңуп калат
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кышында Ара-Көл толугу менен тоңуп калат
© Sputnik / Михаил ДудинМуздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетет
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
3/12
Муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетет
© Sputnik / Михаил ДудинКүн сууктап, суу тоңгондо жергиликтүү эл чана тээп, музду оюп алып балык кармайт
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
4/12
Күн сууктап, суу тоңгондо жергиликтүү эл чана тээп, музду оюп алып балык кармайт
© Sputnik / Михаил ДудинБул аймакты илгертен бери кара Кочкор дешет. Себеби аталган аймакка кар токтобойт
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
5/12
Бул аймакты илгертен бери кара Кочкор дешет. Себеби аталган аймакка кар токтобойт
© Sputnik / Михаил ДудинАсмандан караганда жашгылт болуп тоңгон суу көзгө өзгөчө кооз болуп көрүнөт. Айланада кардын жоктугу бул көрүнүштү дагы суктанарлык кылып коёрун байкоого болот
Озеро Ара-Кол в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
6/12
Асмандан караганда жашгылт болуп тоңгон суу көзгө өзгөчө кооз болуп көрүнөт. Айланада кардын жоктугу бул көрүнүштү дагы суктанарлык кылып коёрун байкоого болот
© Sputnik / Михаил ДудинОрто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
7/12
Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан
© Sputnik / Михаил ДудинСуу сактагыч Нарын менен Ысык-Көл облусунун чегинде жайгашкан
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
8/12
Суу сактагыч Нарын менен Ысык-Көл облусунун чегинде жайгашкан
© Sputnik / Михаил ДудинБул сулуулук 18 чакырымга созулуп жатат
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
9/12
Бул сулуулук 18 чакырымга созулуп жатат
© Sputnik / Михаил ДудинСуунун тереңдиги 47 метр
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
10/12
Суунун тереңдиги 47 метр
© Sputnik / Михаил ДудинАсман алдындагы күзгү
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
11/12
Асман алдындагы күзгү
© Sputnik / Михаил ДудинТабияттын кол менен жасап койгондой сулуулугу. Бийиктиктен караган адамга бул ак карлуу тоо кыркаларына да окшоп кетет
Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
12/12
Табияттын кол менен жасап койгондой сулуулугу. Бийиктиктен караган адамга бул ак карлуу тоо кыркаларына да окшоп кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0