Батир утам деп кыл чайнашкан эрендер. Кара-Суудагы аламан улактан 20 сүрөт

Жазылуу
Кыл чайнашкан беттеште зоот аты, билегинде күчү барлар соорунга ээ болду. Албетте, 50 килограммдык торпокту эңип, топту жарып чыгуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Ишемби, 25-январда, Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү. Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген. Эрендер таптаган атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты. Алар 50 килограммдык торпок тартышты. Бир торпок оюндун орто ченине жеткенде экиге бөлүнүп калып, башкасына алмаштырылды.

Мындай болорун билип атайын экинчисин даярдап коюшкан.

Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Башкы соорун – батирди белгилүү улакчы Байыш Ниязов менен Акжол Кылыч уулу алып, экөө бөлүп алмай болушту. Ниязов анын алдында бир автоунаа, Кылыч уулу эки төө, тай уткан болчу.

Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду.

Мындай ири аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрдү. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берди.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү
Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү - Sputnik Кыргызстан
1/20
Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековОюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген
Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген - Sputnik Кыргызстан
2/20
Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген
© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү улакчы Байыш Ниязов улакты такымына басып бара жаткан бир тууган иниси Манастын атын жетелеп жардамдашууда
Белгилүү улакчы Байыш Ниязов улакты такымына басып бара жаткан бир тууган иниси Манастын атын жетелеп жардамдашууда - Sputnik Кыргызстан
3/20
Белгилүү улакчы Байыш Ниязов улакты такымына басып бара жаткан бир тууган иниси Манастын атын жетелеп жардамдашууда
© Sputnik / Табылды КадырбековБул оюнга жаш-кары дебей баары келишти. Муну бир баласын артына учкаштырып, экинчисин астына өңөрүп жүргөн атанын сүрөтүнөн байкоого болот
Бул оюнга жаш-кары дебей баары келишти. Муну бир баласын артына учкаштырып, экинчисин астына өңөрүп жүргөн атанын сүрөтүнөн байкоого болот - Sputnik Кыргызстан
4/20
Бул оюнга жаш-кары дебей баары келишти. Муну бир баласын артына учкаштырып, экинчисин астына өңөрүп жүргөн атанын сүрөтүнөн байкоого болот
© Sputnik / Табылды КадырбековЭрендер таптап, баккан атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты
Эрендер таптап, баккан атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты - Sputnik Кыргызстан
5/20
Эрендер таптап, баккан атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты
© Sputnik / Табылды КадырбековЭэрге бекем отуруп, камчысын тиштеп, ыңгайы келсе эле улакты жулуп кетүүгө белсенип турган улакчылар
Ээрге бекем отуруп, камчысын тиштеп, ыңгайы келсе эле улакты жулуп кетүүгө белсенип турган улакчылар - Sputnik Кыргызстан
6/20
Ээрге бекем отуруп, камчысын тиштеп, ыңгайы келсе эле улакты жулуп кетүүгө белсенип турган улакчылар
© Sputnik / Табылды КадырбековТүндөсү бир аз кар жаап койгондуктан жер ылай болуп аттар сыйгаланып жыгылып жатты. Бул көзүнө чейин ылай болгон аргымак да чалынып жыгылып, тебелендиде калып кала жаздады
Түндөсү бир аз кар жаап койгондуктан жер ылай болуп аттар сыйгаланып жыгылып жатты. Бул көзүнө чейин ылай болгон аргымак да чалынып жыгылып, тебелендиде калып кала жаздады - Sputnik Кыргызстан
7/20
Түндөсү бир аз кар жаап койгондуктан жер ылай болуп аттар сыйгаланып жыгылып жатты. Бул көзүнө чейин ылай болгон аргымак да чалынып жыгылып, тебелендиде калып кала жаздады
© Sputnik / Табылды КадырбековАртынан жөөлөй кирип келген аттан коргонуп жаткан улакчы фотографтын кадрына илинген
Артынан жөөлөй кирип келген аттан коргонуп жаткан улакчы фотографтын кадрына илинген - Sputnik Кыргызстан
8/20
Артынан жөөлөй кирип келген аттан коргонуп жаткан улакчы фотографтын кадрына илинген
© Sputnik / Табылды КадырбековУлак кимге ашты экен деп алыстан байкоо салып турган чабандес
Улак кимге ашты экен деп алыстан байкоо салып турган чабандес - Sputnik Кыргызстан
9/20
Улак кимге ашты экен деп алыстан байкоо салып турган чабандес
© Sputnik / Табылды КадырбековТопту жарып чыгып улакты марага таштаган балбандарга соорун эле ыйгарбастан, калың эл бата берип жатты
Топту жарып чыгып улакты марага таштаган балбандарга соорун эле ыйгарбастан, калың эл бата берип жатты - Sputnik Кыргызстан
10/20
Топту жарып чыгып улакты марага таштаган балбандарга соорун эле ыйгарбастан, калың эл бата берип жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековКыл чайнашкан беттеште зоот аты, билегинде күчү барлар соорунга ээ болду
Кыл чайнашкан беттеште зоот аты, билегинде күчү барлар соорунга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
11/20
Кыл чайнашкан беттеште зоот аты, билегинде күчү барлар соорунга ээ болду
© Sputnik / Табылды КадырбековАлбетте, 50 килограммдык торпокту эңип, топту жарып чыгуу оңой эмес. Мелдеш орто ченине жеткенде тартылып жаткан торпок экиге бөлүнүп кетип, башкасын алып келишти
Албетте, 50 килограммдык торпокту эңип, топту жарып чыгуу оңой эмес. Мелдеш орто ченине жеткенде тартылып жаткан торпок экиге бөлүнүп кетип, башкасын алып келишти - Sputnik Кыргызстан
12/20
Албетте, 50 килограммдык торпокту эңип, топту жарып чыгуу оңой эмес. Мелдеш орто ченине жеткенде тартылып жаткан торпок экиге бөлүнүп кетип, башкасын алып келишти
© Sputnik / Табылды КадырбековЖергиликтүүлөр мындай ири аламан улак көп жылдардан бери Кара-Сууда боло электигин белгилешти
Жергиликтүүлөр мындай ири аламан улак көп жылдардан бери Кара-Сууда боло электигин белгилешти - Sputnik Кыргызстан
13/20
Жергиликтүүлөр мындай ири аламан улак көп жылдардан бери Кара-Сууда боло электигин белгилешти
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдештин расмий ачылышы саат 12.00дө болду, бирок улакчылар саат 10дон баштап эле келе баштады
Мелдештин расмий ачылышы саат 12.00дө болду, бирок улакчылар саат 10дон баштап эле келе баштады - Sputnik Кыргызстан
14/20
Мелдештин расмий ачылышы саат 12.00дө болду, бирок улакчылар саат 10дон баштап эле келе баштады
© Sputnik / Табылды КадырбековАламан улакта бирдиктүү эрежелер каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет
Аламан улакта бирдиктүү эрежелер каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет - Sputnik Кыргызстан
15/20
Аламан улакта бирдиктүү эрежелер каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достук" көк бөрү командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири Бауш Султанбеков да эки төө жана эки тай утуп алганын айтты
Достук көк бөрү командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири Бауш Султанбеков да эки төө жана эки тай утуп алганын айтты - Sputnik Кыргызстан
16/20
"Достук" көк бөрү командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири Бауш Султанбеков да эки төө жана эки тай утуп алганын айтты
© Sputnik / Табылды КадырбековЭреже боюнча оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта, кайсы жерге таштоо керектигин айтат
Эреже боюнча оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта, кайсы жерге таштоо керектигин айтат - Sputnik Кыргызстан
17/20
Эреже боюнча оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта, кайсы жерге таштоо керектигин айтат
© Sputnik / Табылды КадырбековАйрым учурда чабандестер улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Муну менен алыстан келген коноктор да улак тартып кетсин деген сый-урматын түшүнүүгө болот
Айрым учурда чабандестер улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Муну менен алыстан келген коноктор да улак тартып кетсин деген сый-урматын түшүнүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
18/20
Айрым учурда чабандестер улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Муну менен алыстан келген коноктор да улак тартып кетсин деген сый-урматын түшүнүүгө болот
© Sputnik / Акылбек БатырбековКара таандай жайнаган. Жанатан бери сөз болуп жаткан аламан улактын асмандан көрүнүшү
Кара таандай жайнаган. Жанатан бери сөз болуп жаткан аламан улактын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
19/20
Кара таандай жайнаган. Жанатан бери сөз болуп жаткан аламан улактын асмандан көрүнүшү
© Sputnik / Акылбек БатырбековБайгеге коюлган төөлөр менен тайлар заматта эле ээсин таап кетти.
Байгеге коюлган төөлөр менен тайлар заматта эле ээсин таап кетти. - Sputnik Кыргызстан
20/20
Байгеге коюлган төөлөр менен тайлар заматта эле ээсин таап кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0