Дүйнө кезген балетмейстер 71 жашка толмок. Чолпонбек Базарбаевдин сүрөттөрү

442
(жаңыланган 00:05 05.02.2020)
  • Жаш Чолпонбек 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен калган
  • Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев, 1986-жыл
  • Залкар талант 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген
  • Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук бир катар фестивалдарга катышкан
  • Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция учурунда
  • Базарбаев колуктусу менен эки баланы тарбиялап өстүргөн
  • Балетмейстер кезинде опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Сүрөттө Германиядагы кыргыз маданият күндөрүнөн бир элес
  • Алматы шаарында Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилеп жаткан маал. Чолпонбек Базарбаев, мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов
  • Балетмейстер белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен, 1996-жыл
  • СССРдин эл артисти жубайы Надежда менен Америкада
Бүгүн белгилүү балетмейстер, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетин дүйнөгө тааныткан талант 71 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги аны эскерип, сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Балетмейстер 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып, эмгек жолун 17 жашында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштаган. Кийин Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, театрда солист болгон.

Кыргыз ССРинин эл артисти 20 жашында Надежда Базарбаева менен баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Ал өз өмүрүндө 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Базарбаевди союздук республикалардан сырткары Европа, Африка жана Араб өлкөлөрү да жакшы тааныган. Атагы алыска кеткен талант 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамын алган.

Чолпонбек Базарбаев жол кырсыгынан 2002-жылы 53 жаш курагында көз жумган.

Залкар талант жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

442
  • Жаш Чолпонбек 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен калган
    © Фото / Александр Федоров

    Жаш Чолпонбек 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен калган

  • Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев, 1986-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев, 1986-жыл

  • Залкар талант 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген
    © Фото / Александр Федоров

    Залкар талант 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген

  • Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук бир катар фестивалдарга катышкан
    © Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева

    Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук бир катар фестивалдарга катышкан

  • Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция учурунда
    © Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева

    Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция учурунда

  • Базарбаев колуктусу менен эки баланы тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Базарбаевых

    Базарбаев колуктусу менен эки баланы тарбиялап өстүргөн

  • Балетмейстер кезинде опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган
    © Фото / Александр Федоров

    Балетмейстер кезинде опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Сүрөттө Германиядагы кыргыз маданият күндөрүнөн бир элес
    © Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева

    Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Сүрөттө Германиядагы кыргыз маданият күндөрүнөн бир элес

  • Алматы шаарында Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилеп жаткан маал. Чолпонбек Базарбаев, мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов
    © Фото / Александр Федоров

    Алматы шаарында "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилеп жаткан маал. Чолпонбек Базарбаев, мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов

  • Балетмейстер белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен, 1996-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Балетмейстер белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен, 1996-жыл

  • СССРдин эл артисти жубайы Надежда менен Америкада
    © Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева

    СССРдин эл артисти жубайы Надежда менен Америкада

Белгилер:
Сүрөт, Чолпонбек Базарбаев, балетмейстер, Кыргызстан
Тема боюнча
Чолпон жылдыздай жанган Чолпонбек Базарбаев тууралуу 5 факты
"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери