Көзүнөн жаш аккан милиционер, дегдеңдеген киши. Бишкектеги митингден 14 сүрөт

2980
(жаңыланган 00:38 03.03.2020)
  • Милиционерлер митингчилерди кууп таратар алдында
  • Тирешүү башталар алдында митингчилер менен милиция кызматкерлеринин арасын бир нече гана метр жер бөлүп турду
  • Эртеден кечке чейин аянтта турган митингчилер саат кечки алтыдан кийин Ак үйдүн жанында турган милициянын биринчи тосмосун жарып өтүп кетти
  • Милиция менен митингчилер тирешип калган учур. Арткы фондон жан-алы калбай арсылдап үрүп жаткан кызматтык итти көрүүгө болот
  • Ала-Тоо аянты. Митингчилерге бара жаткан тартип сактоочулардын тобу
  • Милициялар дегдеңдетип жетелеп келе жаткан адам. Бул жерде милиция көзөмөлдү колуна ала баштагандыгын байкоого болот
  • Милицияны таш менен урууга камданып жаткан киши. Ал таш урулдубу же жокпу эч кимге белгисиз...
  • Энтиккен милиционерлер менен митингчи. Милиция элди сүрүп чыгып да, чекесинен кармап да жатты
  • Киев көчөсүндө митингчилерди кууп бара жаткан, суу менен атуучу техника. Сүрөттөн суунун эпкини бир топко чейин жеткенин көрүүгө болот
  • Укук коргоо органынын кызматкерлери митингге чыккан кишини кармап жаткан учуру. Жай турмуш болсо бул сүрөткө башка аталыш берилмек
  • Токтогул-Орозбеков көчөсүндө келе жаткан милиционерлер. Нааразылыкка чыккандардын карааны сээлдеген учур
  • 2020-жылдын 2-мартында Бишкек шаары. Милициянын жетекчиси кол алдындагылар менен митингчилерди кармап жатат
  • Жөтөлгөн, көзүнөн жаш аккан милиционерлер. Көздөн жаш агызуучу газ тартип коргоочулардын өздөрүн да жүдөттү
  • Орозбеков көчөсүндөгү милиционерлер. Арткы фондо Sputnik журналисти митингди коопсуздук кийимчен чагылдырып жүрөт.
Бүгүн, 2-мартта, экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары анын абактан бошотулушун талап кылып тынчтык митингине чыкты. Алар саат 10.00дөн тарта "Ала-Тоо" аянтына чогула баштаган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Саясатчынын тарапташтары кечке чейин бийликке ар кыл талаптарды коюп, кечки саат алтыларда Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Жолдон тоскон милиция кызматкерлери менен митингчилер тиреше түшүп, тартип сакчылары аларды "Ала-Тоодон" тез эле сүрүп чыгарды. Милиция басым менен атылган сууну, көздөн жаш чыгаруучу газды жана желим ок колдонду. Эки тараптын ортосунда таштар учуп, жай жарандардын ичинен жаракат алгандар болду.

ИИМ кечке жуук, саат 20:00дөр чамасында кырдаал толугу менен алардын көзөмөлүнө алынганын билдирди.

Бүгүнкү окуя, митингчилерди кантип кууп таратышканын Sputnik Кыргызстандын фото түрмөгүнөн көрсөңүз болот.

Митингчилер кантип кууп таратылганын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрүүгө болот.

2980
  • Милиционерлер митингчилерди кууп таратар алдында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Милиционерлер митингчилерди кууп таратар алдында

  • Тирешүү башталар алдында митингчилер менен милиция кызматкерлеринин арасын бир нече гана метр жер бөлүп турду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тирешүү башталар алдында митингчилер менен милиция кызматкерлеринин арасын бир нече гана метр жер бөлүп турду

  • Эртеден кечке чейин аянтта турган митингчилер саат кечки алтыдан кийин Ак үйдүн жанында турган милициянын биринчи тосмосун жарып өтүп кетти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эртеден кечке чейин аянтта турган митингчилер саат кечки алтыдан кийин Ак үйдүн жанында турган милициянын биринчи тосмосун жарып өтүп кетти

  • Милиция менен митингчилер тирешип калган учур. Арткы фондон жан-алы калбай арсылдап үрүп жаткан кызматтык итти көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Милиция менен митингчилер тирешип калган учур. Арткы фондон жан-алы калбай арсылдап үрүп жаткан кызматтык итти көрүүгө болот

  • Ала-Тоо аянты. Митингчилерге бара жаткан тартип сактоочулардын тобу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоо" аянты. Митингчилерге бара жаткан тартип сактоочулардын тобу

  • Милициялар дегдеңдетип жетелеп келе жаткан адам. Бул жерде милиция көзөмөлдү колуна ала баштагандыгын байкоого болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Милициялар дегдеңдетип жетелеп келе жаткан адам. Бул жерде милиция көзөмөлдү колуна ала баштагандыгын байкоого болот

  • Милицияны таш менен урууга камданып жаткан киши. Ал таш урулдубу же жокпу эч кимге белгисиз...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Милицияны таш менен урууга камданып жаткан киши. Ал таш урулдубу же жокпу эч кимге белгисиз...

  • Энтиккен милиционерлер менен митингчи. Милиция элди сүрүп чыгып да, чекесинен кармап да жатты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Энтиккен милиционерлер менен митингчи. Милиция элди сүрүп чыгып да, чекесинен кармап да жатты

  • Киев көчөсүндө митингчилерди кууп бара жаткан, суу менен атуучу техника. Сүрөттөн суунун эпкини бир топко чейин жеткенин көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Киев көчөсүндө митингчилерди кууп бара жаткан суу менен атуучу техника. Сүрөттөн суунун эпкини бир топко чейин жеткенин көрүүгө болот

  • Укук коргоо органынын кызматкерлери митингге чыккан кишини кармап жаткан учуру. Жай турмуш болсо бул сүрөткө башка аталыш берилмек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Укук коргоо органынын кызматкерлери митингге чыккан кишини кармап жаткан учур. Жай турмуш болсо бул сүрөткө башка аталыш берилмек

  • Токтогул-Орозбеков көчөсүндө келе жаткан милиционерлер. Нааразылыкка чыккандардын карааны сээлдеген учур
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Токтогул-Орозбеков көчөсүндө келе жаткан милиционерлер. Нааразылыкка чыккандардын карааны сээлдеген учур

  • 2020-жылдын 2-мартында Бишкек шаары. Милициянын жетекчиси кол алдындагылар менен митингчилерди кармап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2020-жылдын 2-марты, Бишкек шаары. Милициянын жетекчиси кол алдындагылар менен митингчилерди кармап жатат

  • Жөтөлгөн, көзүнөн жаш аккан милиционерлер. Көздөн жаш агызуучу газ тартип коргоочулардын өздөрүн да жүдөттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жөтөлгөн, көзүнөн жаш аккан милиционерлер. Көздөн жаш агызуучу газ тартип коргоочулардын өздөрүн да жүдөттү

  • Орозбеков көчөсүндөгү милиционерлер. Арткы фондо Sputnik журналисти митингди коопсуздук кийимчен чагылдырып жүрөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Орозбеков көчөсүндөгү милиционерлер. Арткы фондо Sputnik журналисти митингди коопсуздук кийимчен чагылдырып жүрөт.

Белгилер:
милиционер, митинг, Садыр Жапаров, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги (25)
Тема боюнча
ИИМ: митингдин 100дөй катышуучусу кармалды
Митингчилерди таратуу учурунда желим ок тийген кыз ооруканага түштү
Милиция элди эмнеге кууп таратканын түшүндүрдү

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

5321
(жаңыланган 15:37 19.10.2020)
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан кетип, экс-президент макамына ээ болду. Муну менен ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент болуп калды.

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда алты жылдык мөөнөткө шайланган болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолор отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ошентип ал Кыргызстанды үч жыл гана башкарып, 61 жашында тактысын тапшырды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентти узатуу иш-чарасы өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

5321
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров

  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды

  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти

  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыйзам боюнча, бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.

  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты

  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады

  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат

  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады

  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти

  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага катышкан ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты

  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Үч жыл, сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты

Белгилер:
Садыр Жапаров, узатуу, отставка, президент, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды
Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео
Тарыхый окуя. Жээнбеков, Исаев, Жапаровдун "Ала-Арчага" кирип келген видеосу

Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт

523
(жаңыланган 20:05 15.10.2020)
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
Күз Кыргызстанда өзгөчө кооз болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков Бишкекке жакын эле жайгашкан кайың токойго барып, ал жердеги керемет көрүнүштү тартып келди.

Кайыңдардын мекени Бөйрөк деп аталат. Бул кооз жай "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында жайгашкан. Азыр аталган токой көз жоосун алып, кооз болуп турган учуру. Жалбырактар күн сайын түсүн өзгөртүп, кызгылт, сары, жашыл түскө боёлуп, көңүлдү өзүнө буруп турган учуру.

523
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди

  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан

  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал жер "Бөйрөк" деп аталат, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында

  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бөйрөккө" тез эле жетсе болот

  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт

  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты

  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаратылыштын кооздугу, ай!

  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман

  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы

  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон

Белгилер:
парк, жаратылыш, Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Саясаттан чарчадык. Бишкектин четиндеги ак кайыңдуу токойдо эс алыңыз. Видео
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

185
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

185
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы