Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Бүгүн кыргыз элинин белгилүү режиссёру Мелис Убукеевдин туулган күнү. Көптөгөн көркөм, даректүү тасмалардын автору көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өмүрүн атамекендик кинематографияга арнаган инсанды эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Советское образование в Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан
Биздин ата-энелер кантип билим алган. Совет доорунда тартылган 18 сүрөт
Режиссёр Мелис Убукеев 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Сейиткерим Ибраимов совет мезгили орногон кезде белдүү саясий ишмер болуп, Коммунисттик партиянын Тажикстандагы шаардык комитетинин биринчи секретарлыгына чейин жеткен. Бирок 1937-жылы манап тукумунан чыккандыгына байланыштуу кандуу репрессияга кабылган. Апасы Галия Ибраимова кайраттуу, акылдуу аял болуп, убагында финансы министринин орун басары кызматын аркалаган.

Жаш Мелис атасына коноктоп келген кыргыз интеллигенттеринин, жазуучулардын арасында чоңойгон. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1961-жылы аяктайт. Бирок киного болгон сүйүүсү тынчтык бербей, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтүп, 2-курсунда "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин жазган. 1964-жылы дипломдук иши катары алгачкы толук метраждуу фильми "Тайгак кечүүнү" тартып, ал эмгеги менен кыргыз улутундагы режиссёр тарткан тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.

Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
50 жашында 14 жашар Кычандын ролун аткарып... Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү
Кийин "Ак Мөөр", үч бөлүктөн турган "Саякбай", жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын, "Манастын ааламы" көркөм-публицистикалык эмгегин жарыкка чыгарган. Ошондой эле көрүүчүлөргө "Түбөлүккө кайрылуу" аттуу тогуз бөлүмдүк чыгармасынын бир сериясы да Манаска арналган. Мындан сырткары "Элеттик роман", "Оймолордун үнү" сыяктуу көркөм тасмаларга, даректүү фильмдерге автордук кылат. Алардын катарын "Советтер Союзуна кызмат кылам", Алыкул Осмонов тууралуу "Акын", Гапар Айтиев жөнүндө "Элдик сүрөтчү", "Түбөлүккө кайрылуу" тасмалары толуктайт. Ошондой эле 1972-жылы "Казакфильм" студиясы режиссёрду атайын чакырып, алардын сунушу менен "Кечки жол чети" телефильмин да чыгарган.

Мелис Убукеев үч жолу турмуш курган. Биринчи үй-бүлөсүнөн Бермет аттуу кыздуу болгон. Экинчи жолу көп жыл телевидениеде иштеген режиссёр Айсулуу Хамзамулинага үйлөнүп, бир уул, бир кызды тарбиялаган. Ал эми үчүнчү турмушунан бир баласы бар. Режиссёр 1996-жылы 27-июлда катуу ооруп, ооруканада каза болгон.

Кыргыздын залкар режиссёру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сайтынан окуңуздар

© Фото / Александр ФедоровЖаш Мелис Убукеев Москвада 2-курста окуп жүргөндө "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин жазган
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
1/13
Жаш Мелис Убукеев Москвада 2-курста окуп жүргөндө "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин жазган
© Фото / Александр ФедоровЗамандаштар жана кесиптештер. Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
2/13
Замандаштар жана кесиптештер. Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
© Sputnik / Александр ФедоровКышында тоодо "Көрөгөч" тасмасын тарткан киночулар, камераны шыкаалаган режиссёр
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
3/13
Кышында тоодо "Көрөгөч" тасмасын тарткан киночулар, камераны шыкаалаган режиссёр
© Sputnik / Александр Федоров"Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру, чыгармачыл топтун башында турган режиссёр
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
4/13
"Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру, чыгармачыл топтун башында турган режиссёр
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш режиссёрдун дипломдук иши болгон "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу мезгили.
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев  - Sputnik Кыргызстан
5/13
Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу мезгили.
© Фото / Александр ФедоровРежиссёр Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
6/13
Режиссёр Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков
© Фото / Александр ФедоровУбукеев өзүнүн чыгармачылык жолунда "Манас" эпосуна, манасчыларга өтө жакын болгон. "Саякбай" тасмасын жаратуу учуру
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
7/13
Убукеев өзүнүн чыгармачылык жолунда "Манас" эпосуна, манасчыларга өтө жакын болгон. "Саякбай" тасмасын жаратуу учуру
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматов менен Мелис Убукеев. Экөө тең Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аны кастарлаган
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
8/13
Чыңгыз Айтматов менен Мелис Убукеев. Экөө тең Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аны кастарлаган
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса Айтурган Темирова, режиссёр Геннадий Базаров жана Мелис Убукеев
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев  - Sputnik Кыргызстан
9/13
Актриса Айтурган Темирова, режиссёр Геннадий Базаров жана Мелис Убукеев
© Фото / Александр ФедоровРежиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
10/13
Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет
© Sputnik / Александр ФедоровОоруканага жатып калган Убукеевдин саламаттыгын сурап барган кесиптештери
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
11/13
Ооруканага жатып калган Убукеевдин саламаттыгын сурап барган кесиптештери
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
12/13
Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу Мелис Убукеев оорудан улам 61 жашында көз жумган
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
13/13
Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу Мелис Убукеев оорудан улам 61 жашында көз жумган
Жаңылыктар түрмөгү
0