11-майда кыймыл башталып, автоунаалар менен адам саны көбөйдү. Бир нече ишканалар ишин кайра жандандырды. Анткен менен бийлик элди зарыл иши болсо сыртка бейчеки чыкпоону өтүнүп жатат. Шаарда учурда карантин режими киргизилген. Эки жакка эркин чыга албайсың.
Калаанын ичинде жүрүү үчүн жашаган жана иштеген жерден кагаз керек.
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. Ал эми Бишкекте буга чейинкилерин кошкондо 272 адамга COVID-19 жукту.
Бишкекте өзгөчө абал бүтүп, коменданттык сааттын күндөрү аяктады
Борбордо өзгөчө абал режими 47 күнгө созулду
Көчөлөр кадимкидей жанданып, автоунаалар көбөйдү
11-майдан тарта бир канча ишканалар кайрадан ишин жандантты
Анткен менен инфекция жугуу кооптуулугунан улам коомдук транспорт жүрө элек
Бала-чакасы менен чыккандар бар, бирок бет кап жок
Бишкекке эми өзгөчө кырдаал режими кирди
Бийлик азырынча элге сейилдебей, үйдө отургула деген чакырык салууда
Борбордун чок ортосундагы Эркиндик гүлбагы азырынча жабык
Шаардын ичинде жүрүү үчүн жашаган жана иштеген жерден кагаз керек
Медиктер менен бийлик санитардык эрежелерди сактоону өтүнүүдө. Ал — бет кап менен кол кап кийүү
Оору каптагандан бери Бишкекте COVID-19 жуктургандардын саны 272ге жетти
Болот Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктагандан кийин "Манасчы" жана "Чабан" даректүү тасмасын жаратып, 1967-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасынын негизинде фильм тартууга киришет. Кинофильмде Россия империясынын аймагынын көчүп келген эл менен Түштүк Казакстан, Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ортосундагы мамиле жана ошол маалдагы жер бөлүштүрүү саясаты баяндалат. Шамшиев анын сценарийин бир айда эле Ауэзовдун чыгармасына таянып жазып, кошумча архивде иштеп, тарыхый фактылар менен толуктаган.
Режиссер көзү тирүү кезинде аталган кинокартинаны тартууга казак интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү каршы чыккандыгын айткан жайы бар.
"1967-жылы СССРдин мамлекеттик кино тармагынын башкы редактору Геннадий Сурков Орто Азия республикаларынын кино тармагын текшерип, бул максатта Фрунзеге да келген. Мен ал убакта жумушсуз үйдө отуруп калгам. Сурков атайын издеп жолугуп, эмне үчүн бош жатканыма кызыкты. Мен фильм тартканга уруксат бербей жатканы тууралуу айтсам, Сурков уруксат алып берерин айтып, кайсы чыгарма боюнча фильм тарта турганымды сурады. Жолугушууга чейин үч күн мурда Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасын жаңы эле окуп чыккам. Ошону айттым. Анын буйругунун негизинде "Кыргызфильмдин" башкы редактору мени менен фильмди тартуу жөнүндө келишим түздү. Бир айдын ичинде сценарий жазып, жетекчиликке көрсөттүм, жактырышты. Андан кийин Москвага алып барсам, ал жак да колдоп берди. Бирок бир аз убакыттан кийин Сурков катуу ооруп жумуштан кетүүгө аргасыз болуп, анын ордуна келген жаңы редактор менин сценарийимди көрүп кетенчиктей баштады. Анткени 1965-жылы белгилүү кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасмасы кыргыз интеллигенциясынын нааразылыгын жараткан. Мындан улам мен тарта турган фильм казак интеллигенциясынын арасында терс көз карашты жаратышы мүмкүн деп чочулады окшойт. Адегенде бул сценарийди "Казакфильмдин" жетекчилигине көрсөтүп, макулдугун алуу керектигин айтып, мени Алматыга жөнөттү. Ак жактагылар жакшы кабыл алышкан жок. Азыр да эсимде, "Казакфильмдин" кызматкери Токол Бейбутов: "Сен кимсиң деги? Билесиңби, Мухтар Омарханович улуу жазуучу. Ушул чыгарманы ал жыйырма алты жашында жазган", — деп сөөмөйүн өйдө көтөрүп сүйлөдү. Мен ага кырк жыл мурда 26 жаштагы Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясын" жазса, азыр мен да 26да экенимди айтып, каяша сүйлөдүм (күлүп). Ушул повесть боюнча белгилүү казак кинорежиссеру Мажит Бегалин көркөм тасма тартам деп жүргөнүн айтышты. Ошентсе да натыйжада мага "Казакфильм" бул тасманы тартканга макулдугун бир шарт менен берип, фильмдин көркөм жетекчилигине белгилүү режиссер Шакен Аймановду дайындаган", — деген Шамшиев.
Шамшиевдин биринчи көркөм тасмасын көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, бир топ абройлуу сыйлыктарга татыган. Мисалы, 1969-жылы Алматыда өткөн Азия өлкөлөрү жана Казакстан фестивалында "Горный беркут" баш байгесин алып, кийинки жылы Минск шаарында уюштурулган Бүткүл союздук фестивалда экинчи байге жана "Советский экран" журналынын "Мыкты көркөм фильм" номинациясына ээ болгон. Андан сырткары, Болот Шамшиев Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгын алса, 1970-жылы Чокморов "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому менен сыйланган.
Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун образында
Белгилүү актер Советбек Жумадылов кинофильмде Жарас байдын ролун аткарган
Кинокартинада Бакен Кыдыкеева Жарас байдын байбичеси болгон
Чокморов башкы ролду аткаргандан кийин атагы алыска кетип, ага башка режиссерлор тарабынан чакыруулар түшө баштаган
Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)
Ээн талаада байдын үйүр жылкысын айдаган жигиттер. Фильмдеги сейрек кадр.
Эр жүрөк, тайманбас Бактыгул жана байлыкка чиренген Жарастын жигиттери
Шамшиевдин бул эмгегинде Октябрь революциясына чейинки Орто Азиядагы тарыхый абал сүрөттөлгөн
Актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
Киночулар Казакстандын ээн талаасында, Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында эмгектенген
"Караш-Караш окуясына" кыргыз менен казактын бир топ белгилүү чыгармачыл инсандары тартылган
Орус бийлигинин өкүлдөрү менен ымалага келип мамиле түзгөн казак байы
КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин бул фильми "кыргыз кереметиндеги" мыкты тасмалардын бири болуп саналат
Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.
Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.
Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.
Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.
Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.