Ысыкта зарыгып, күнгө какталган айдоочулар. Кыргыз-казак чек арасынан сүрөт баян

421
(жаңыланган 01:18 04.06.2020)
  • Бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болгон
  • Айдоочулардын көбү Бишкекке Казакстандан келишкен. Эми минтип үйлөрүнө жете албай отурушат
  • Дархан Молдоханов ары эмес же бери эмес, жолдун ортосунда калган айдоочулардын бири. Бир нече күн мурда Кыргызстанга ал күрүч алып келген
  • Баарынан да Кыргызстандан тез жарабай калчу азыктарды ташыгандарга жаман болду
  • Товар чирип кетпесин деп айдоочулар муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты
  • Муздаткычтар күйүүчү май менен иштейт. Алар тынымсыз, өчпөй иштеп туруш үчүн күнүнө 60 литрге чукул май керек
  • Көбү чек арада үч күндөн бери турганын айтышты. Бул убакытта муздаткычка 180 литр күйүүчү май керек. Ага эле алты миң сом кетет
  • Күйүүчү май жана башка чыгымдын баары айдоочулардын мойнунда
  • Өткөрмө пунктка жакын жайгашкан аймактагылар айдоочуларга колунан келген жардамын берип жатышыптыр
  • Кыргызстандагы тиешелүү тараптар чек арадагы абалдан кабардар экенин, аны чечүү жолдору каралып жатканын кабарлашты
Мындан бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын бир нече чакырымды ээлеген узун кезеги пайда болгон.

Учурда алыска жүк ташып иштеген айдоочулар кандай кырдаалга кабылганын Sputnik Кыргызстандын сүрөт репортажынан көрсөңүз болот.

Алардын бири Казакстанда кыйынчылык майдын аягында келип чыкканын айтып берди. Акыркы үч күн ичинде чек арадан жүк ташыган бир нече гана автоунаа өтө алган. Анткен менен бүгүн, 3-июнда, автоунааларды ыкчамыраак өткөрө башташты.

421
  • Бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болгон
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болгон

  • Айдоочулардын көбү Бишкекке Казакстандан келишкен. Эми минтип үйлөрүнө жете албай отурушат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айдоочулардын көбү Бишкекке Казакстандан келишкен. Эми минтип үйлөрүнө жете албай отурушат

  • Дархан Молдоханов ары эмес же бери эмес, жолдун ортосунда калган айдоочулардын бири. Бир нече күн мурда Кыргызстанга ал күрүч алып келген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дархан Молдоханов ары эмес же бери эмес, жолдун ортосунда калган айдоочулардын бири. Бир нече күн мурда Кыргызстанга ал күрүч алып келген

  • Баарынан да Кыргызстандан тез жарабай калчу азыктарды ташыгандарга жаман болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баарынан да Кыргызстандан тез жарабай калчу азыктарды ташыгандарга жаман болду

  • Товар чирип кетпесин деп айдоочулар муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Товар чирип кетпесин деп айдоочулар муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты

  • Муздаткычтар күйүүчү май менен иштейт. Алар тынымсыз, өчпөй иштеп туруш үчүн күнүнө 60 литрге чукул май керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Муздаткычтар күйүүчү май менен иштейт. Алар тынымсыз, өчпөй иштеп туруш үчүн күнүнө 60 литрге чукул май керек

  • Көбү чек арада үч күндөн бери турганын айтышты. Бул убакытта муздаткычка 180 литр күйүүчү май керек. Ага эле алты миң сом кетет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көбү чек арада үч күндөн бери турганын айтышты. Бул убакытта муздаткычка 180 литр күйүүчү май керек. Ага эле алты миң сом кетет

  • Күйүүчү май жана башка чыгымдын баары айдоочулардын мойнунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүүчү май жана башка чыгымдын баары айдоочулардын мойнунда

  • Өткөрмө пунктка жакын жайгашкан аймактагылар айдоочуларга колунан келген жардамын берип жатышыптыр
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өткөрмө пунктка жакын жайгашкан аймактагылар айдоочуларга колунан келген жардамын берип жатышыптыр

  • Кыргызстандагы тиешелүү тараптар чек арадагы абалдан кабардар экенин, аны чечүү жолдору каралып жатканын кабарлашты
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Кыргызстандагы тиешелүү тараптар чек арадагы абалдан кабардар экенин, аны чечүү жолдору каралып жатканын кабарлашты

Белгилер:
айдоочу, пункт, өткөрмө, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды

Бишкекте россиялыктар Конституциясын өзгөртүүгө добуш берүүдө. Сүрөт түрмөк

111
  • 1-июль Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн негизги күнү
  • Россиялыктар элчиликке келип добуш берип жатышат
  • Келгендерди эшиктин оозунан колуна антисептик сээп киргизүүдө
  • Ошону менен катар эле медициналык бет кап жана кол кап беришти
  • Дин кызматкери да келип добушун берди
  • Элчиликтин кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган
  • Россиянын Кыргызстандагы жарандары Бишкекте, Ошто, Кант жана Каракол шаарларынан добуш берсе болот
  • Баш мыйзамына кандай өзгөртүүлөр киргизилгени менен таанышып турган киши
  • Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтөт
  • Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл
  • Элчилик шайлоо участкасына келүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышына көңүл бөлөт.
  • Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр учурдагы президентке 2024-жылкы шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.
Россиянын Кыргызстанда жүргөн жарандары төрт шаардан добуш бере алат. Борбор калаада болсо элчиликтин кеңсесине барып катышууда.

РФ дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратында бардык тиешелүү санитардык нормалар сакталган.

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги шайлоого укугу бар бардык россиялык жарандарды төмөнкү даректер боюнча келип добуш берүүгө чакырат:

  • Бишкек шаары, Манас проспекти, 55;
  • Ош шаары, Камбаралы Бобулов көчөсү, 77;
  • Кант шаары, № 20022 аскер бөлүгү;
  • Каракол шаары, № 87366 аскер бөлүгү.

Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл. Ошону менен катар элчилик шайлоо участкасына келүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышына көңүл бөлөт.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча https://конституция2020.рф/ сайтынан кененирээк маалымат алууга болот.

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүүгө чакырды

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр президент, өкмөт мүчөлөрүнө коюлган жаңы талаптарга, коом алдында мамлекеттин социалдык кепилдигин бекемдөө, парламенттин ыйгарым укуктарын азайтуу, Россияга тиешелүү аймактарды коргоого, орус тилинин макамын жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, өзгөртүүлөр учурдагы президентке 2024-жылкы шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.

 

111
  • 1-июль Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн негизги күнү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    1-июль Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн негизги күнү

  • Россиялыктар элчиликке келип добуш берип жатышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россиялыктар элчиликке келип добуш берип жатышат

  • Келгендерди эшиктин оозунан колуна антисептик сээп киргизүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келгендерди эшиктин оозунан колуна антисептик сээп киргизүүдө

  • Ошону менен катар эле медициналык бет кап жана кол кап беришти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошону менен катар эле медициналык бет кап жана кол кап беришти

  • Дин кызматкери да келип добушун берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дин кызматкери да келип добушун берди

  • Элчиликтин кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Элчиликтин кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган

  • Россиянын Кыргызстандагы жарандары Бишкекте, Ошто, Кант жана Каракол шаарларынан добуш берсе болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россиянын Кыргызстандагы жарандары Бишкекте, Ошто, Кант жана Каракол шаарларынан добуш берсе болот

  • Баш мыйзамына кандай өзгөртүүлөр киргизилгени менен таанышып турган киши
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баш мыйзамына кандай өзгөртүүлөр киргизилгени менен таанышып турган киши

  • Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтөт

  • Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл

  • Элчилик шайлоо участкасына келүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышына көңүл бөлөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Элчилик шайлоо участкасына келүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышына көңүл бөлөт.

  • Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр учурдагы президентке 2024-жылкы шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр учурдагы президентке 2024-жылкы шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.

Белгилер:
өзгөртүүлөр, конституция, добуш берүү, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар РФ Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш беришүүдө

Айылдашына таасирленип актер болгон. Алп талант Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү

682
  • Жаш Болот Бейшеналиев Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн
  • Биринчи мугалимде башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиев
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев Көздүн кареги тасмасында, 1975-жыл
  • Казакстандын Алтын көпүрө сыйлыгынын ээси 100дөн ашык тасмада роль жараткан
  • Айтматовдун Биринчи мугалим повестинин негизинде тартылган тасмада актер Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында
  • Режиссер Гүлмира Сунгатуллинанын Азиат тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл
  • Үсөнжан Ибрагимовдун Таштагы жылмаюу тасмасы, актер башкы каарман Эсенгелдинин ролунда
  • Анын кесипкөйлүгү башка союздук республикаларда да жогору бааланган
  • Режиссёр Мелис Убукеев менен Болот Бейшеналиев. Манастын ааламы тасмасын тартуу учуру, Ысык-Көл облусу, 1995-жыл.
  • Кесиптеши Леонид Ясиновский жана архитектор Геннадий Кутателадзе менен, 1980-жылдар
  • Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов, 2001-жыл
  • 2001-жылы 17-ноябрда 64 жашында актердун жүрөк оорусу кармап каза болгон
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү актер Болот Бейшеналиевдин туулган күнү. Таланттуу инсандын көзү тирүү болгондо 83 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан кино чебердин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Актер 1937-жылы 25-июнда Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында туулган. Элеттеги мектепти аяктагандан кийин Айыл чарба институтуна, кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, эки жыл окууга өтө албай койгон. Бир жолу достору менен "Айчүрөк" операсына кирип, Семетейдин ролун аткарган айылдашы Кыдырбек Чодроновду көрүп катуу таасирленип, Опера жана балет театрынын алдындагы студиядан билим алып, чыгармачылыкка бел байлайт. Таланттуу жаш жигитти ошол кездеги маданият министри Абдыкадыр Казакбаев байкап калып, ага Ташкенттеги театралдык институтка барып окууну сунуштаган.

Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев с супругой  Зеноной Слензак
© Фото / из личного архива Муратбека Бегалиева
Бейшеналиев биринчи жолу "Тайгак кечүү" фильмине тартылып, кийин "Биринчи мугалимге" катышкан. Анда Дүйшөндүн образын ийине жеткире аткаргандан кийин ага атак-даңк келип, башка союздук республикалардан да чакыруу түшө баштаган. Кыргыз фильмдериндеги "Акмөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун чеберчилик менен жаратып, "Өзбекфильм", "Мосфильм", "Ленфильм" киностудияларында Бейшеналиевдин атагы таш жарып, жалпы 100дөн ашык тасмага тартылган. Кайталангыс кино жылдызы 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Ата мекендик кинематографиянын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

682
  • Жаш Болот Бейшеналиев Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Жаш Болот Бейшеналиев Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн

  • Биринчи мугалимде башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиев
    © Sputnik / Александр Федоров.

    "Биринчи мугалимде" башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиев

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев Көздүн кареги тасмасында, 1975-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" тасмасында, 1975-жыл

  • Казакстандын Алтын көпүрө сыйлыгынын ээси 100дөн ашык тасмада роль жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Казакстандын "Алтын көпүрө" сыйлыгынын ээси 100дөн ашык тасмада роль жараткан

  • Айтматовдун Биринчи мугалим повестинин негизинде тартылган тасмада актер Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган тасмада актер Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында

  • Режиссер Гүлмира Сунгатуллинанын Азиат тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Режиссер Гүлмира Сунгатуллинанын "Азиат" тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл

  • Үсөнжан Ибрагимовдун Таштагы жылмаюу тасмасы, актер башкы каарман Эсенгелдинин ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" тасмасы, актер башкы каарман Эсенгелдинин ролунда

  • Анын кесипкөйлүгү башка союздук республикаларда да жогору бааланган
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Анын кесипкөйлүгү башка союздук республикаларда да жогору бааланган

  • Режиссёр Мелис Убукеев менен Болот Бейшеналиев. Манастын ааламы тасмасын тартуу учуру, Ысык-Көл облусу, 1995-жыл.
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Режиссёр Мелис Убукеев менен Болот Бейшеналиев. "Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру, Ысык-Көл облусу, 1995-жыл.

  • Кесиптеши Леонид Ясиновский жана архитектор Геннадий Кутателадзе менен, 1980-жылдар
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Кесиптеши Леонид Ясиновский жана архитектор Геннадий Кутателадзе менен, 1980-жылдар

  • Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов, 2001-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов, 2001-жыл

  • 2001-жылы 17-ноябрда 64 жашында актердун жүрөк оорусу кармап каза болгон
    © Sputnik / Александр Федоров.

    2001-жылы 17-ноябрда 64 жашында актердун жүрөк оорусу кармап каза болгон

Белгилер:
Сүрөт, Болот Бейшеналиев, актер, Кыргызстан
Тема боюнча
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери
Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

0
(жаңыланган 22:32 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында, эң кызыгы, америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп", — жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

0
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты