Ак жүрөк, колу ачык киши эле. Михаил Рогожиндин кадрда калган ирмемдери

189
(жаңыланган 18:34 13.07.2020)
  • Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп Туулган күнүң менен деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.
  • Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.
  • Кесиптешибизди басып жүргөн энциклопедия десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.
  • Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди братцы-кролики, зяблики деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.
  • Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.
  • Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.
  • Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз Наш любимый Степаныч деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.
  • Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.
  • Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума Википедияны окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.
  • Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!
  • Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.
Дүйшөмбүгө караган түнү эки тараптуу пневмония менен алышып жаткан кесиптешибиз Михаил Рогожин дүйнөдөн өттү. Ал ак жүрөк, кең пейил жана өз кесибин мыкты билген адам катары эсибизде түбөлүккө сакталып калат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Михаил Степанович 51 жашка толгон. Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан түптөлгөндөн бери иштеп келген эле. Өз ишин майын чыгара жасап, эч кимден жардамын аябаган, акылман жана ак көңүл адам болчу.

Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.

Ал көп кырдуу таланттын ээси эле, көркөм чыгармаларды жазып, көп адамдарга жардам көрсөткөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Степановичтин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт.

189
  • Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп Туулган күнүң менен деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп "Туулган күнүң менен" деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.

  • Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.

  • Кесиптешибизди басып жүргөн энциклопедия десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кесиптешибизди "басып жүргөн энциклопедия" десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.

  • Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди братцы-кролики, зяблики деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди "братцы-кролики", "зяблики" деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.

  • Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.

  • Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.

  • Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз Наш любимый Степаныч деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз "Наш любимый Степаныч" деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.

  • Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.

  • Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума Википедияны окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума "Википедияны" окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.

  • Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!

  • Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

Белгилер:
өлүм, Сүрөт, коштошуу
Тема боюнча
Sputnik Кыргызстандын техникалык директору Михаил Рогожин дүйнө салды
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

COVID: кол кабыш кылууга Россиядан дагы медиктер келди. Сүрөт түрмөк

392
(жаңыланган 15:28 23.07.2020)
  • Таң эрте Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан дарыгерлер келип конушту
  • Дарыгерлер Кыргызстанда 30 күндөй болушат
  • Келгендердин арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар
  • Медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери
  • Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келди
  • Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда келген эле
  • Бардык дарыгерлердин жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча чоң тажрыйбасы бар
  • Жакынкы күндөрү Россиядан Кыргызстанuа гуманитардык жардам келерин айтышты
  • Медиктер Кыргызстандагы инфекциялык ооруканаларда иштеп, аны менен катар кеп-кеңеш беришет
  • Адистер алгач Кыргызстандагы кырдаал менен тыкыр таанышып чыгат
Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга дагы 50 дарыгер учуп келди. Медиктер Кыргызстанда болжол менен 30 күндөй болушат.

Ак халатчандарды алып келген учак "Манас" аэропортуна конгон. Коронавирус менен күрөшүүгө келген медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери. Арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар.

Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келип жатат.

Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда конгон. Алар өздөрү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан алты даана жана кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана башка медициналык керектүү жабдууларды ала келишкен.

392
  • Таң эрте Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан дарыгерлер келип конушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таң эрте Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан дарыгерлер келип конушту

  • Дарыгерлер Кыргызстанда 30 күндөй болушат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дарыгерлер Кыргызстанда 30 күндөй болушат

  • Келгендердин арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келгендердин арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар

  • Медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын адистери

  • Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келди

  • Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда келген эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Биринчи топ Кыргызстанга 22-июлда келген эле

  • Бардык дарыгерлердин жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча чоң тажрыйбасы бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык дарыгерлердин жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча чоң тажрыйбасы бар

  • Жакынкы күндөрү Россиядан Кыргызстанuа гуманитардык жардам келерин айтышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жакынкы күндөрү Россиядан Кыргызстанuа гуманитардык жардам келерин айтышты

  • Медиктер Кыргызстандагы инфекциялык ооруканаларда иштеп, аны менен катар кеп-кеңеш беришет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медиктер Кыргызстандагы инфекциялык ооруканаларда иштеп, аны менен катар кеп-кеңеш беришет

  • Адистер алгач Кыргызстандагы кырдаал менен тыкыр таанышып чыгат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Адистер алгач Кыргызстандагы кырдаал менен тыкыр таанышып чыгат

Белгилер:
пандемия, коронавирус, жардам, дарыгер, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: Мишустин Россияда жасалган 4 вакцина адамга коопсуз экенин айтты
Россия COVID-19га каршы вакцинасын сынап бүттү. Жалпы элге качан чыгат?
COVID менен күрөшүү: Россиядан Кыргызстанга дагы 50 дарыгер келди

Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

232
  • Канттагы аэродромго аскердик дарыгерлерден турган топту Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы алып келди
  • Медиктер Кыргызстанга 22-июлга караган түнү келди
  • Адистер өзү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келди
  • Ошондой эле коронавирусту дарылоочу дары-дармектер ташылып келди
  • 20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлерине жардам берет
  • Алар эки госпиталдын базасында практикалык жана консультативдик колдоо көрсөтүшөт
  • Эки госпиталдын бири Бишкек шаарында, экинчиси Ош шаарында жайгашкан
  • Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган
  • Кыргызстанда эпидемиологиялык абал июнь айынан баштап курчуду
  • Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29 359га жетти
Өткөн түнү Кыргызстанга россиялык медиктер учуп келди. Алар Бишкек жана Ош шаарларында кыргызстандык кесиптештерине коронавирус менен күрөшүү боюнча жардам көрсөтөт.

Аскердик дарыгерлер атайын борт менен келип, Кант шаарындагы аэродромго конушту. Адистер өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраттарын, дары-дармек жана башка медициналык каражаттарды ала келишти.

20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлери менен биргеликте аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлерди дарылап, кеңештерин айтат. Төрт бригада Бишкекте, экөө Ош шаарында иштейт.

Кыргызстанга Россиянын аскерий дарыгерлери меджабдуусу менен жардамга келди

Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган.

232
  • Канттагы аэродромго аскердик дарыгерлерден турган топту Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы алып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Канттагы аэродромго аскердик дарыгерлерден турган топту Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы алып келди

  • Медиктер Кыргызстанга 22-июлга караган түнү келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медиктер Кыргызстанга 22-июлга караган түнү келди

  • Адистер өзү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Адистер өзү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келди

  • Ошондой эле коронавирусту дарылоочу дары-дармектер ташылып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле коронавирусту дарылоочу дары-дармектер ташылып келди

  • 20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлерине жардам берет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлерине жардам берет

  • Алар эки госпиталдын базасында практикалык жана консультативдик колдоо көрсөтүшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алар эки госпиталдын базасында практикалык жана консультативдик колдоо көрсөтүшөт

  • Эки госпиталдын бири Бишкек шаарында, экинчиси Ош шаарында жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эки госпиталдын бири Бишкек шаарында, экинчиси Ош шаарында жайгашкан

  • Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган

  • Кыргызстанда эпидемиологиялык абал июнь айынан баштап курчуду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда эпидемиологиялык абал июнь айынан баштап курчуду

  • Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29 359га жетти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29 359га жетти

Белгилер:
жардам, дарыгерлер, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Чогуу иштешели. Жээнбековдун ыктыярчылар менен жолуккан видеосу чыкты
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россия бирдиктүү электрондук визаны киргизүүдө. Бул эмнени түшүндүрөт?

0
(жаңыланган 00:46 04.08.2020)
2021-жылдын 1-январынан баштап Россияга кыска мөөнөттүү электрондук виза менен барууга мүмкүнчүлүк ачылат. Аны болгону төрт күндүн ичинде алса болот. Жаңы эреже кимдер үчүн колдонуларын Sputnik тактап чыкты.

Алексей Стефанов

53 өлкөнүн жарандарына Владивосток менен Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга мүмкүнчүлүк түзгөн электрондук визаларды берүү пилоттук долбоорунун уландысы катары Россия эми өлкөнүн бардык аймагына барууга укук берген электрондук кыска мөөнөттүү визаны алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүдө.

Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк мөөнөткө универсалдуу бирдиктүү электрондук визаны берүүнү караган федералдык мыйзамга кол койду. Дипломаттык, кызматтык, кадимки, транзиттик жана убактылуу жашаган адамдын визасы сыяктуу бул виза өзүнчө категорияга ээ болот.

Бул виза боюнча сапардын мөөнөтү 16 күндөн ашпашы керек. Россия туроператорлор ассоциациясы Sputnik агенттигине түшүндүрүп бергендей, статистика боюнча, чет элдиктердин Россияга сапары орточо алганда бир жумага созулат, ошондуктан каралган мөөнөт жетиштүү.

113 өлкөнүн жарандары: Россия өлкөгө кирүүнү болушунча жеңилдетүүдө

Жаңы визаны 2021-жылдын 1-январынан баштап ала баштаса болот. Россиянын ИИМи билдиргендей, Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга электрондук визаларды берүү эксперименти учурунда айрым маселелер байкалган – талапкерлер арызды жазууда көп ката кетиргендиктен, аларга визалар берилбей калган учурлар болгон. Жаңы визаларды алууда ушундай каталарга жол бербеш үчүн сайт кайрадан жасалып чыгып, аны менен иштөө кыйла жеңилдетилген.

Өзбекстан бай жана билимдүү чет элдиктерди тартуу үчүн жаңы виза киргизет

Жаңы виза кайсы өлкөлөрдүн жарандарына берилери азырынча белгисиз. “Чет өлкөлөрдүн тизмесин Россия Федерациясынын өкмөтү өзүнчө бекитет”, – деп түшүндүрдү Sputnik агенттигине Мамдуманын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча комитеттин мүчөсү Наталья Кувшинова.

“Электрондук кыска мөөнөттүү визаны алгысы келгендердин саны арбын болот деген ойдомун. Жаңы демилге Россияга келген туризмдин агымын өстүрүүгө багытталган, анткени учурдагы эң башкы маселелердин бири ички жана сырттан келген туризм болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул айрым өлкөлөрдүн жарандарына Россия Федерациясына саякатка келүүсүнө өбөлгө түзгөн механизмдердин бири болуп саналат”, - дейт Мамдуманын депутаты.

Пилоттук долбоордо камтылган 53 өлкө жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган өлкөлөрдүн катарына кирет болушу керек деп болжолдосо болот. Алардын катарында - Евробиримдиктин өлкөлөрү, Кытай, Япония, Түркия, Индия. Бирок бул тизмекте АКШнын, Канаданын жана Улуу Британиянын жарандары байкалбайт. Бул жолкусунда да аларга жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгу берилбейт окшойт. ИИМ белгилегендей, пилоттук долбоордон айырмаланып, визалар эми акысыз берилбейт, 2021-жылдын январынан баштап виза үчүн төлөм киргизилмекчи. Анын өлчөмү 50 АКШ долларынан ашпайт деген божомол бар.

“Келерки жылы башка визаларга салыштырмалуу жаңы электрондук визага кызыгуу кандай болорун байкап көрөбүз”, — дейт Мамдуманын депутаты Наталья Кувшинова.

Электрондук визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган 53 өлкөдөн сырткары дагы 60 өлкөнүн жарандары эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык Россияга визасыз кире алышат.

Жыйынтыгында 2021-жылдан баштап Россиянын аймагына кагаз визаны албай кирүүнүн жеңилдетилген жолу адамзаттын жарымы – 4 млрд адам жашаган өлкөлөр үчүн колдонулат дейт ИИМ.

Туристтик агым кеминде 30%га өсөт

“Бул өлкөбүзгө кирүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу жеңилдетүү болуп эсептелет, бул тууралуу канчалаган туристтер көптөн бери кыялданып келишкен. Эң башкысы, иш жүзүндө да электрондук визаны алуу ойлонуштурулгандай жеңил болушу керек”, - деген пикирин билдирди Россия туроператорлор ассоциациясынын (ОТОА) аткаруучу директору Майя Ломидзе.

Анын айтымында, электрондук кыска мөөнөттүү виза такыр эле болбой калды дегенде туристтердин агымын 30%га өстүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан, Ломидзенин пикири боюнча, жаңы жөрөлгө утуштарга гана алып келет, “бир гана учурда, эгер убадаланган жеңилдетүү чындыгында эч кандай жеңилдетүү болбой калса, утулууга учурашыбыз мүмкүн”.

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду

Өз кезегинде ОТОАнын вице-президенти Александр Курносовдун эсеби боюнча өкмөттүн бул кадамы туристтик агымды 40, ал эмес 50%га өстүрүшү мүмкүн, “өсүш андан да чоң болушу ыктымал, визаларды такыр алып салган же болбосо аны алууну өтө жеңилдеткен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жыйынтыгы андан да чоңураак болушу мүмкүн”.

“Бул чечимдин кабыл алынышы – кубанычтуу жаңылык, өзгөчө азыркы туристтик тармак үчүн оор кезеңде”, — деди ал.
Александр Курносов “визанын мөөнөтү азыркы эки айдан бери дегенде жарым жылга же бир жылга, ал эми узактыгы 16 күндөн 30 күнгө чейин” узартылып, визалык режим мындан ары да жеңилдетилет деген үмүттө.

Ошондой эле Россия туроператорлор ассоциациясынын вице-президенти электрондук визалар бериле турган өлкөлөрдүн тизмеги да кеңейтилерине үмүт кылат, “анткени бул тизмекке Россияга туристтерди көп жиберген өлкөлөр кирбей калган – мисалы, АКШ жана Улуу Британия.

Александр Курносовдун айтымында, бул ишке ашса эң сонун болмок. Бирок маселе саясатка барып такалары бардыгына түшүнүктүү.

0
Белгилер:
туризм, виза, Россия
Тема боюнча
АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда