Денесинде минанын сыныктары калып... Түгөлов менен Базаровдун Көлдөгү таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз эл бийлер ансамблинин мурдагы жетекчиси, балетмейстер Нурдин Түгөлов менен белгилүү режиссер Геннадий Базаровдун сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

Ал жылы Базаров "Исскуство жөнүндө баян" аттуу тасмасын тартып, фильмге кыргыз элинин маданият өкүлдөрү катышкан.

Азыр андай инсандар жок... Сахнадагы залкарлардын таберик сүрөтү

Ошол учурду Нурдин Түгөловдун кызы Чолпон Жунушалиева мындайча эскерет.

"Быйыл атабыздын 100 жылдыгы белгиленет. Атам Санкт-Петербургдагы училищени аяктагандан кийин эле фронтко аттанган. Ал жактан катуу жаракат алып, минанын сыныктары денесинде калып калган. Ошондуктан согуштан кайтып келгенден кийин бийлебей балетмейстер болуп кеткен. Чыгармачылык жолунда "Куйручук", "Чолпон" балетин коюп, кийин сценарист катары "Чолпон" тасмасын көрүүчүлөргө сунуштаган. Уран Сарбагышев, Бүбүсара Бейшеналиева, Махмуд Эсенбаев өңдүү көптөгөн таланттарды тарбиялап өстүргөн. Эмгек жолунда 50-жылдардын соңунда, 60-жылдардын башында кинематографисттер менен да иштешип калган. Кийин азыркыга чейин өз ишмердүүлүгүн улантып келе жаткан кыргыз бий ансамблин түптөгөн. Атам 60 жашында дүйнөдөн кайтып, биз кичинекей болгондуктан көп иштерин көрө албай калдык", — деди Жунушалиева.

Анда балетмейстер Нурдин Түгөлов 54, сценарист Геннадий Базаров 32 жашта болгон.

Чолпон жылдыздар Дооронбек Садырбаев менен Айсулуу Токомбаева. Таберик сүрөт

Ал жылы Базаровдун аталган тасмасына актёр Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева, залкар калемгер Чыңгыз Айтматов, опера ырчысы Болот Миңжылкыев, сүрөтчү Гапар Айтиев, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, окумуштуу Кусеин Карасаев, скульптор Тургунбай Садыков өңдүү залкарлар катышкан.

Андан сырткары, Кыргыз ССРиндеги бир катар чыгармачыл топтор да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0