Тырмактай бака, бир тамчы сууга баткан гүлдөр... Микродүйнөнүн мыкты сүрөттөрү

380
(жаңыланган 22:04 22.08.2020)
  • Учкан каалоо-тилек фотограф Кристина Звинакявичутенин (Kristina Zvinakeviciute) эмгеги. Финалга чыккан сүрөт.
  • Энн Макинтайрдин (Anne MacIntyre) Жоогазындын желекчелериндеги тоолор сүрөтү. Живопись сүрөттөрдүн ичинен экинчи орунга татыган.
  • Калыстар жеңүүчү атаган Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) сүрөтү.
  • Жеңүүчүлөрдүн үчтүгүн жыйынтыктаган Чжан Е Фея (Zhang Ye Fei).
  • Фотограф Тони Норттун (Tony North) бийлеген көпөлөктөрү. Эмгек калыстар тарабынан жогору баага татыган.
  • Сүрөтчү Барбора Поливковойдун (Barbora Polivkova) эмгеги.
  • Екатерина Леонтенин (Ecaterina Leonte) Кубулжуган лилия композициясы.
  • Баалуулуктар, Вей Фу (Wei Fu).
  • Шляпаңарды чечпей деле койсоңор болот сүрөтү, автору Ингеборга Хартгеринг-Грандия (Ingeborg Hartgerink-Grandia).
  • Кристин Бланчин дос Сантос (Christine Blanchin dos Santos) Издөөдө сүрөтү.
  • Финалга чыккан Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) дагы бир эмгеги.
  • Калыстар тобунун көзү илинген дагы бир сүрөт. Автору Петер Пуллан (Peter Pullan)
  • Мари Фелан (Marie Phelan) Жаандан кийинки камассия.
  • Кичинекей терезеден кара. Автору Мингхуэй Юань (Minghui Yuan).
  • Петер Пулландын оригиналдуу эмгеги калыстарды таң калтырды. Сүрөттө жөнөкөй эле эвкалипт.
Дүйнө жүзүндөгү ботаника сүйүүчүлөрү жыл сайын International Garden Photographer Of The Year аталышындагы фотографтардын эл аралык сынагында биригет. Бул жолу фотографтар майда курт-кумурска жана түрдүү кичинекей өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн сунуштайт.

Жакынкы күндөрү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы мыкты эмгектерди сунуштайт.

380
  • Учкан каалоо-тилек фотограф Кристина Звинакявичутенин (Kristina Zvinakeviciute) эмгеги. Финалга чыккан сүрөт.

    "Учкан каалоо-тилек" сүрөтчү Кристина Звинакявичутенин (Kristina Zvinakeviciute) эмгеги. Финалга чыккан сүрөт

  • Энн Макинтайрдин (Anne MacIntyre) Жоогазындын желекчелериндеги тоолор сүрөтү. Живопись сүрөттөрдүн ичинен экинчи орунга татыган.

    Энн Макинтайрдин (Anne MacIntyre) "Жоогазындын желекчелериндеги тоолор" сүрөтү. Живопись сүрөттөрдүн ичинен экинчи орунга татыган

  • Калыстар жеңүүчү атаган Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) сүрөтү.

    Калыстар жеңүүчү атаган Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) сүрөтү

  • Жеңүүчүлөрдүн үчтүгүн жыйынтыктаган Чжан Е Фея (Zhang Ye Fei).

    Жеңүүчүлөрдүн үчтүгүн жыйынтыктаган Чжан Е Фея (Zhang Ye Fei)

  • Фотограф Тони Норттун (Tony North) бийлеген көпөлөктөрү. Эмгек калыстар тарабынан жогору баага татыган.

    Сүрөтчү Тони Норттун (Tony North) бийлеген көпөлөктөрү. Эмгек калыстар тарабынан жогору баага татыган

  • Сүрөтчү Барбора Поливковойдун (Barbora Polivkova) эмгеги.

    Сүрөтчү Барбора Поливковойдун (Barbora Polivkova) эмгеги

  • Екатерина Леонтенин (Ecaterina Leonte) Кубулжуган лилия композициясы.

    Екатерина Леонтенин (Ecaterina Leonte) "Кубулжуган лилия" композициясы

  • Баалуулуктар, Вей Фу (Wei Fu).
    © Photo : Wei Fu / IGPOTY

    "Баалуулуктар", Вей Фу (Wei Fu)

  • Шляпаңарды чечпей деле койсоңор болот сүрөтү, автору Ингеборга Хартгеринг-Грандия (Ingeborg Hartgerink-Grandia).

    "Шляпаңарды чечпей деле койсоңор болот" сүрөтү, автору Ингеборга Хартгеринг-Грандия (Ingeborg Hartgerink-Grandia)

  • Кристин Бланчин дос Сантос (Christine Blanchin dos Santos) Издөөдө сүрөтү.

    Кристин Бланчин дос Сантостун (Christine Blanchin dos Santos) "Издөөдө" сүрөтү

  • Финалга чыккан Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) дагы бир эмгеги.

    Финалга чыккан Бруно Милителлинин (Bruno Militelli) дагы бир эмгеги

  • Калыстар тобунун көзү илинген дагы бир сүрөт. Автору Петер Пуллан (Peter Pullan)

    Калыстар тобунун көзүнө илинген дагы бир сүрөт. Автору Петер Пуллан (Peter Pullan)

  • Мари Фелан (Marie Phelan) Жаандан кийинки камассия.

    Мари Фелан (Marie Phelan). "Жаандан кийинки камассия"

  • Кичинекей терезеден кара. Автору Мингхуэй Юань (Minghui Yuan).

    "Кичинекей терезеден кара". Автору Мингхуэй Юань (Minghui Yuan)

  • Петер Пулландын оригиналдуу эмгеги калыстарды таң калтырды. Сүрөттө жөнөкөй эле эвкалипт.

    Петер Пулландын оригиналдуу эмгеги калыстарды таң калтырды. Сүрөттө жөнөкөй эле эвкалипт

Белгилер:
жаныбарлар, жаратылыш, сынак, фотограф
Тема боюнча
Башкача сезим тартуулайт! Сыры көп куйруктуу жылдыздын он сүрөтү
Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия
Кечтеги жылдыздуу асман. Бишкектин четинен тартылган укмуштуудай 11 сүрөт

Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери

293
  • Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
  • СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин Улан тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
  • Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
  • Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев Акбаранын көз жашы тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
  • Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
  • Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
  • Аманат тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
  • Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
  • Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы Манас орденин тапшырган учуру
  • Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
  • Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
  • КРдин эл артисти өзү түзгөн Тунгуч театрынын жамааты менен
Бүгүн белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жамал Сейдакматованын туулган күнү. Өмүрүн кыргыз киносу менен театрына арнаган актриса 81 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эл артистинин туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөгү ирмемдерин топтоду.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болуп абдан эрке өскөн. Кичинекейинен эле ыр-бийге шыктуу болуп, ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган.

Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү

Бирок жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип кеткен. Ал эми студент кыздын жакындары менен ата-энеси аны чоң окумуштуу болот деп күтүшкөн.

Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталып, 60-70-жылдары театрда лирикалык, комедиялык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары таанылган.

Сейдакматова: карылыктын өзүнүн жакшы жактары бар экен. Видео маек

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты атайын кесиптик билими жок эле Кыргыз драма театрында 32 жылдай иштеп, кино жаатында эмгектенип, тасма талаасын да багындырган. Ал "Акбаранын көз жашында" Көктурсундун, "Алыскы тоолордо" Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында Алтынайдын, "Караш-Карашта" Хадижанын, "Уланда" Фатиманын, "Курманжан даткада" Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти жалпы 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан.

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Жамал Сейдакматова 1990-жылы борбор калаада "Тунгуч" жеке театрын негиздеген. Жеке жашоосунда актриса таланттуу артист Болот Шалтаевге турмушка чыгып, уулу жети жашка чыкканда жолдошу оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушу Садырбек Назаров менен болуп, учурда актрисанын алты небереси бар.

Кыргыз элинин таланттуу актрисасы жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

293
  • Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган

  • СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин Улан тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл

  • Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн

  • Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев Акбаранын көз жашы тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл

  • Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан

  • Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл

  • Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл
    © Фото / Шалтаев Мурат

    Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл

  • Аманат тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    "Аманат" тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл

  • Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен

  • Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы Манас орденин тапшырган учуру
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    "Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы "Манас" орденин тапшырган учуру

  • Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл

  • Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
    © Sputnik / Нургуль Максутова

    Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен

  • КРдин эл артисти өзү түзгөн Тунгуч театрынын жамааты менен
    © Sputnik / Александр Федоров.

    КРдин эл артисти өзү түзгөн "Тунгуч" театрынын жамааты менен

Белгилер:
Сүрөт, Жамал Сейдакматова, актриса, Кыргызстан
Тема боюнча
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты

Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

343
(жаңыланган 14:12 18.09.2020)
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
Кыргыздын салттуу кийими аял-эркек, кары-жаш дебей баарын көркүнө чыгарып, ажарын ачып коёт. Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте балдардын элжиреткен 14 сүрөтүн сунуштайт.

Салттуу билимди аркалаган изилдөөчүлөрдүн, адистердин айтымында, наристелердин кийимдеринин бычылышы жѳнѳкѳй жана окшош болгон. Бала басканга чейин кыз-эркек дебей ороо-чулгоодон сырткары ыңгайлуу, жылуу кийимдерди кийгизишкен. Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Эркек балдардын кийиминде да мончок, тумарлар болгон. Ал өспүрүм куракка келгенде биротоло алынып, тумарлары гана калган.

Сүрөт түрмөгү бир гана кийим тууралуу эмес, андан кыргыздын каадасын, улуттук оюндарын да көрө аласыздар.

343
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.

  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.

  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.

  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.

  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.

  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда "мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун" деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.

  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.

  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.

  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.

  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.

  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.

  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.

  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.

  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.

Белгилер:
оюн, каада-салт, Сүрөт, бала, улуттук кийимдер, кийим-кече
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

0
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
0
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды