Жетелеп жүрүп чоңойтуп... Лукашенконун уулунун сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Беларустагы  эң таанымал балдардын бири Николай Лукашенко бүгүн, 31-августта, 16 жашка толду. Ал азыркы президент Александр Лукашенконун уулу. Буга байланыштуу Sputnik Беларусь агенттиги сүрөт түрмөк даярдаган.

Николай бала чагынан эле эл көзүндө болуп келет. Алгач көпчүлүккө үч жашында чыккан. Андан бери атасы менен чет мамлекеттеги сапарларга кошо барып, ишембиликке катышып, фестивалдарга барып, шайлоолордо урнага бюллетень таштап, аскердин формасы менен куралдуу күчтөрдүн машыгууларында болуп турган. Ошондой эле резиденцияда түшүм жыйнап, кино жана спорт жылдыздары менен жолугуп, белектерди тапшырып турган.

Мындан сырткары, Ватикан, Кытай жана АКШга эл аралык сапарлары менен барып келген. Коля Лукашенко БУУнун башкы ассамблеясынын сессияларынын эң жаш угарманы болгонун да белгилей кетели.

Тик учак менен колуна автомат алып... Лукашенконун резиденцияга келген видеосу

Ал рим-католик чиркөөсүнүн башчылары Папа Бенедикт XVI жана Папа Франциск менен жолугушкан. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Венесуэланын президенти Уго Чавес, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушкан. Ошондой эле Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев, Ильхам Алиев, Эмомали Рахмон жана башка саясатчылар менен жакшы тааныш.

Николай 2016-жылы россиялык журналистке маек берип жатып, атасы сыяктуу өлкө башчы болууну каалабай турганын айткан. Азыр Лукашенконун уулу жаш хоккейчи жана биатлончу катары таанымал. Бош убактысында фортепианодо ойнойт. Ошондой эле атасына ар тараптан кеңеш жана колдоо көрсөтүп турат.

 

© Фото / пресс-служба президента Беларуси Николай алгач ЖМКга 2008-жылы апрелде чыккан. Ал убакта үч жаш жети ай болчу. Сүрөттө атасы менен ишембиликке чыккан кез
Николай алгач ЖМКга 2008-жылы апрелде чыккан. Ал убакта үч жаш жети ай болчу. Сүрөттө атасы менен ишембиликке чыккан кез - Sputnik Кыргызстан
1/12
Николай алгач ЖМКга 2008-жылы апрелде чыккан. Ал убакта үч жаш жети ай болчу. Сүрөттө атасы менен ишембиликке чыккан кез
© AFP / ANDREI STASEVICHСүрөт "Минск-2009" байк-фестивалында тартылган. Ал кезде президент уулун коркпостон мотоциклге отургузган
Сүрөт Минск-2009 байк-фестивалында тартылган. Ал кезде президент уулун коркпостон мотоциклге отургузган - Sputnik Кыргызстан
2/12
Сүрөт "Минск-2009" байк-фестивалында тартылган. Ал кезде президент уулун коркпостон мотоциклге отургузган
© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүОшол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев кичинекей Коляга алтын түстүү тапанча тапшырууда
Ошол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев кичинекей Коляга алтын түстүү тапанча тапшырууда - Sputnik Кыргызстан
3/12
Ошол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев кичинекей Коляга алтын түстүү тапанча тапшырууда
© AFP / JUAN BARRETOВенесуэланын президенти Уго Чавес беларусиялык кесиптеши Александр Лукашенконун уулу менен саламдашууда
Венесуэланын президенти Уго Чавес беларусиялык кесиптеши Александр Лукашенконун уулу саламдашууда - Sputnik Кыргызстан
4/12
Венесуэланын президенти Уго Чавес беларусиялык кесиптеши Александр Лукашенконун уулу менен саламдашууда
© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКоля кайрадан аскер машыгууларында. Бул ирет Россиянын президенти Владимир Путин менен бир кадрга түшкөн
Коля кайрадан аскер машыгууларында. Бул ирет Россиянын президенти Владимир Путин менен бир кадрга түшкөн - Sputnik Кыргызстан
5/12
Коля кайрадан аскер машыгууларында. Бул ирет Россиянын президенти Владимир Путин менен бир кадрга түшкөн
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКоля XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин тартууда
Коля XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин тартууда - Sputnik Кыргызстан
6/12
Коля XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин тартууда
© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКытайга биринчи иш сапары. Александр Лукашенко уулу Николай Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань менен жолугушууда. Николай дароо кытайлардын жүрөгүн багындырып, аны "алтын чачтуу ханзаада" деп аташкан
Кытайга биринчи иш сапары. Александр Лукашенко уулу Николай Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань менен жолугушууда. Николай дароо кытайлардын жүрөгүн багындырып, аны алтын чачтуу ханзаада деп аташкан - Sputnik Кыргызстан
7/12
Кытайга биринчи иш сапары. Александр Лукашенко уулу Николай Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань менен жолугушууда. Николай дароо кытайлардын жүрөгүн багындырып, аны "алтын чачтуу ханзаада" деп аташкан
© Sputnik / Николай Алексеев / Медиабанкка өтүүОшол эле президенттик шайлоодо бюллетень салган
Ошол эле президенттик шайлоодо бюллетень салган - Sputnik Кыргызстан
8/12
Ошол эле президенттик шайлоодо бюллетень салган
© AFP / DAMIR SAGOLJ2017-жылдын май айында Пекинде өткөн форумда. Президенттин уулу Кытай менен өзгөчө мамиледе, ал жакта да аны Беларусиянын белгилүү адамы катары билишет
2017-жылдын май айында Пекинде өткөн форумда. Президенттин уулу Кытай менен өзгөчө мамиледе, ал жакта да аны Беларусиянын белгилүү адамы катары билишет - Sputnik Кыргызстан
9/12
2017-жылдын май айында Пекинде өткөн форумда. Президенттин уулу Кытай менен өзгөчө мамиледе, ал жакта да аны Беларусиянын белгилүү адамы катары билишет
© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАтасы менен баласы Сочиге көп келишет. Былтыр Россия президенти Владимир Путин менен лыжа тепкен
Атасы менен баласы Сочиге көп келишет. Былтыр Россиянын Президенти Владимир Путин менен лыжа тепкен - Sputnik Кыргызстан
10/12
Атасы менен баласы Сочиге көп келишет. Былтыр Россия президенти Владимир Путин менен лыжа тепкен
© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүү24-июнь, 2020-жыл. Беларусь президенти Александр Лукашенко уулу Николай жана ардагерлери Москвадагы Кызыл Аянтта
24-июнь, 2020-жыл. Беларусь президенти Александр Лукашенко уулу Николай жана ардагерлери Москвадагы Кызыл Аянтта - Sputnik Кыргызстан
11/12
24-июнь, 2020-жыл. Беларусь президенти Александр Лукашенко уулу Николай жана ардагерлери Москвадагы Кызыл Аянтта
© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүНиколай Лукашенко Беларусь президентин колдоо митингинде. Сүрөт 2020-жылдын 16-августунда эгемендик аянтында тартылган
Николай Лукашенко Беларусь президентин колдоо митингинде. Сүрөт 2020-жылдын 16-августунда эгемендик аянтында тартылган. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Николай Лукашенко Беларусь президентин колдоо митингинде. Сүрөт 2020-жылдын 16-августунда эгемендик аянтында тартылган
Жаңылыктар түрмөгү
0