Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

540
(жаңыланган 14:12 18.09.2020)
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
Кыргыздын салттуу кийими аял-эркек, кары-жаш дебей баарын көркүнө чыгарып, ажарын ачып коёт. Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте балдардын элжиреткен 14 сүрөтүн сунуштайт.

Салттуу билимди аркалаган изилдөөчүлөрдүн, адистердин айтымында, наристелердин кийимдеринин бычылышы жѳнѳкѳй жана окшош болгон. Бала басканга чейин кыз-эркек дебей ороо-чулгоодон сырткары ыңгайлуу, жылуу кийимдерди кийгизишкен. Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Эркек балдардын кийиминде да мончок, тумарлар болгон. Ал өспүрүм куракка келгенде биротоло алынып, тумарлары гана калган.

Сүрөт түрмөгү бир гана кийим тууралуу эмес, андан кыргыздын каадасын, улуттук оюндарын да көрө аласыздар.

540
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.

  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.

  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.

  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.

  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.

  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда "мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун" деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.

  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.

  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.

  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.

  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.

  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.

  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.

  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.

  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.

Белгилер:
оюн, каада-салт, Сүрөт, бала, улуттук кийимдер, кийим-кече
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

46
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

46
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү

139
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөнүп кеткен. Бүгүнкү күндөгү көрүнүшү менен Sputnik Кыргызстан жасаган сүрөт түрмөктөн таанышууга болот.

Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель окуяларынын маалында өрттөнгөн. 2020-жылдын 25-ноябрында муниципалитет анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен калаа кызматтары жайгаша турган жети кабаттуу эки имарат куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскиздер даяр болуп, тендер жарыяланган. Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда.

Шаардык кеңеш келечекте Москвадагыдай болуп дайым иштеген структурага айланышы мүмкүн экени айтылды. Бүгүнкү күндө БШК менен мэрия Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги имараттан орун алган.

Эскерте кетсек, эки жыл мурун мэрия күйгөн имараттын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сквер курууну убадалаган. Муну ошол кезде мэриянын аппаратын башкарган Балбак Түлөбаев айткан. Демилгеге ЖКнын бир депутаты каршы чыгып, сквердин ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу керектигин белгилеген.

 

139
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда

  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн

  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда

  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы

  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда

  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган

  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан

  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле

  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү

Белгилер:
шаардык кеңеш, өрт, Бишкек мэриясы, имарат, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео