Өлкө ичинде 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеп жатат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.
БШК: түштөн кийин добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү
Ал эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесине 3,5 миллиондон ашык киши кирген. Добуш берүү укугуна ээ кыргызстандыктардын 52 пайызы аял, 48и эркек экени белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин шайлоосуна 277 эл аралык байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг кылууда. Ошондой эле 16 саясий партиянын байкоочулары көз салып жатат.
Добуш берүү участкалары эртең мененки сегизде ачылды. Республикада боюнча 2 430 шайлоо участкасы бар
Шайлоочулардын 52 пайызы аял, 48и эркектер экени белгилүү болду
Ал эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесине 3,5 миллиондон ашык киши кирген
Шайлоо участкаларынын кире беришинде санитардык көзөмөл уюштурулган. Медиктер зарыл учурда бет кап жана кол кап берет.
Ошондой эле шайлоочулардын дене табын өлчөп, колдоруна антисептик чачып, аралыкты сактоого чакырышат
Ар бир шайлоочу өзүн тизмеден текшерип, аты-жөнүн таппай калган учурда шайлоо комиссиясына кайрылат
Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери добуш берүүнүн эрежесин түшүндүрүп, шайлоочунун суроолоруна жооп берип жатат
Шайлоочулардын 10 пайыздан көбү 60-69 жаштагылар, 70 жаштан жогорку курактагылар төрт пайызды түзөт
Добуш берүүнүн алдында ар бир шайлоочу паспортун көрсөтүп, биометрикалык идентификациядан өтөт
Бюллетенди сүрөткө тартууга тыюу салынган. Бийлик шайлоочулардын добушун сатып алуу менен ушунтип күрөшүп жатат
Бишкекте эки миңден ашык милиционер тартипти камсыздоодо
Жогорку Кеңештин шайлоосуна 277 эл аралык байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг кылып жатканы айтылды
Ошондой эле 16 саясий партиянын байкоочулары көз салууда
Добуш бергенден кийин бюллетень электрондук урнага ташталып, маалымат дароо БШКга түшөт
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле Фрунзедеги цирктеги чабандестердин ишине аралаша баштап, кийин Москвадагы Кинематография институтунда окуп, 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасында кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Тажрыйба топтогон соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Россия, АКШ, Индиянын фильмдерине актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 29 жашында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктиктен ат менен секирип, дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.
Ошондой эле кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеп, чет элдик киночулар жана киностудиялар менен тыгыз иштешкен. КРде түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, бир топ жаштарды тарбиялаган.
Тайманбаган таланттуу инсан чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болуп шайланып, дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык кинокартинанын жаралуусуна көмөктөшкөн.
Жеке жашоосунда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болгон. Ал эми экинчи турмушунда өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп, эки уулду тарбиялаган.
Үсөн Кудайбергеновду 2005-жылдагы март окуяларынан кийин белгисиз адамдар өз үйүндө атып өлтүрүп кетишкен. Анда каскадер 55 жаштын чайын ичип аткан.
Кыргыз каскадерлук өнөрүнүн башында турган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды бул жактан окуса болот.
Үсөн Кудайбергенов жаштайынан эле каскадерлук өнөргө кызыгып, кесибинде бир топ жаракаттарды алган
"Чыңгыз хан" тасмасын тартуу маалында чабандестер менен
Ат жалында ойногон каскадер жүздөгөн фильмде тартылган
Дүйнөлүк деңгээлде таанылган актер өзү салган мейманкананын алдында эс алып отурат
Кудайбергенов ак калпакчан кара кашка ат менен тоодон түшүп келе жаткан учуру
Кезектеги тасмада элди башкарган Кудайбергенов. Казакстан, Кордай облусу
Панкратион федерациясынын президенти борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүнү сыйлоодо
Каскадер 2005-жылдын мартындагы башаламандыкты токтотуу үчүн элдик кошуун түзүп, бир топ мыйзамсыз аракеттерди токтотуп калган
Кудайбергенов көптөгөн чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыз каскадерлорунун башында турган
Солдон оңду көздөй: Үсөн Кудайбергенов, казакстандык белгилүү актер Асаналы Ашымов, түркмөнстандык режиссер Жоджакули Нарлиев келинчеги Мая Аймедова менен
Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү актер 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан
4-апрелде Ingenuity тик учагы Кызыл планетага конду. Бир нече күндөн соң ал Марстын үстүнөн өзү учары пландалган.
NASA изилдөөчүлөрү аппараттын жардамы менен Марстын атмосферасында учууларды уюштуруу мүмкүн экенин билүүгө далалат кылууда. Ошондой эле изилдөөлөр космосту терең өздөштүрүүгө жол ачмакчы.
4-апрелде Ingenuity тик учагы атайын аппарат менен Кызыл планетага конду
Тик учакты сапарда калкалап келген Perseverance аппараты
Бир нече күндөн кийин кичинекей тик учак Марстан өзү учары пландалууда
Марс планетасында абанын температурасы 90 градуска чейин төмөндөп кетет
NASA изилдөөчүлөрү аппараттын жардамы менен Марстын атмосферасында учууларды уюштуруу мүмкүн экенин билүүгө далалат кылууда
Окумуштуулар алгач аппаратты үч метр бийиктикке көтөрүп, учуу аралыгын көбөйтүүнү көздөп жатышат
Мындай изилдөөлөр космосту терең өздөштүрүүгө жол ачары айтылат
Perseverance аппараты менен Ingenuity тик учагы Марска келүү үчүн 471 миллион чакырымды багындырышты
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.
Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.
Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды.
Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.