5-октябрда Бишкекте өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болду. Кечинде Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракеттен кийин милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталып, андан улам миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза тапкан. Түндө акцияга чыккандар парламенттин имаратын басып алып, андан соң Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаров жана башка камактагы саясатчыларды бошотушкан.
6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.
Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат
7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракети болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышты.
8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.
9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келген.
Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.
Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы
10-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди.
11-октябрда Жапаровду премьерликке бекиткен Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсиз деген депутаттардын тобу жаңы өкмөт башчынын чнчимдерин мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.
Сүрөттө: ЖКга шайлооонун жыйынтыгында добуштарды саноо убагы.
Сүрөттө: ЖКга шайлооонун жыйынтыгында добуштарды саноо убагы.