Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт

586
(жаңыланган 20:05 15.10.2020)
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
Күз Кыргызстанда өзгөчө кооз болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков Бишкекке жакын эле жайгашкан кайың токойго барып, ал жердеги керемет көрүнүштү тартып келди.

Кайыңдардын мекени Бөйрөк деп аталат. Бул кооз жай "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында жайгашкан. Азыр аталган токой көз жоосун алып, кооз болуп турган учуру. Жалбырактар күн сайын түсүн өзгөртүп, кызгылт, сары, жашыл түскө боёлуп, көңүлдү өзүнө буруп турган учуру.

586
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди

  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан

  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал жер "Бөйрөк" деп аталат, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында

  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бөйрөккө" тез эле жетсе болот

  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт

  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты

  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаратылыштын кооздугу, ай!

  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман

  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы

  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон

Белгилер:
парк, жаратылыш, Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Саясаттан чарчадык. Бишкектин четиндеги ак кайыңдуу токойдо эс алыңыз. Видео

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

5446
(жаңыланган 15:37 19.10.2020)
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан кетип, экс-президент макамына ээ болду. Муну менен ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент болуп калды.

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда алты жылдык мөөнөткө шайланган болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолор отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ошентип ал Кыргызстанды үч жыл гана башкарып, 61 жашында тактысын тапшырды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентти узатуу иш-чарасы өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

5446
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров

  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды

  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти

  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыйзам боюнча, бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.

  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты

  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады

  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат

  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады

  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти

  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага катышкан ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты

  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Үч жыл, сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты

Белгилер:
Садыр Жапаров, узатуу, отставка, президент, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды
Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео
Тарыхый окуя. Жээнбеков, Исаев, Жапаровдун "Ала-Арчага" кирип келген видеосу

Бүлүк түшүрүп, санаага салган бир жума. Шайлоодон кийинки 21 сүрөт

604
(жаңыланган 16:46 12.10.2020)
  • 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.
  • Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык босого ченинен 16 партиянын ичинен Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан жана Бүтүн Кыргызстан партиялары өткөн.
  • 5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партия өкүлдөрүнүн жана жарандардын митинги болду.
  • Нааразычылык акциясына миңдеген адам чогулган
  • Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракет жасалып, милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталды
  • Укук коргоо органдары менен митингчилердин кагылышуусу башталган убактагы митингдин катышуучусу
  • Түндө митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин айрымдары талап-тоноого жол бербөөгө аракет кылышты
  • 6-октябрда таңга жуук Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыгып, төртүнчү кабаты күйдү
  • Бишкектин көчөлөрүндөгү милиция менен митингчилердин кагылышуусу түнкү 3:00дөр чамасында бүткөн
  • Укук коргоочулар атайын каражат колдонушса, акцияга чыккандар таш ыргытып жооп берип жатышты. Бир нече унаа талкаланган.
  • 7-октябрда Ала-Тоо аянтында Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылган митинг өттү.
  • 8-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары менен аткаминерлердин люстрациясын талап кылган эки топтун ортосунда кагылышуу болду
  • 5-6-октябрдан кийинки кагылышуудан жана Ак үйдү алгандан кийин милиция кызматын аткара албай калды. Шаарды кайтарууга элдик кошуун чыкты.
  • Мародерлукту алдын алуу максатында элдик кошуун топтору түнкүсүн Бишкекти кыдырып турушту.
  • 9-октябрда УКМКнын абагынан 6-октябрь түнү бошотулган Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Медиафорумдун алдына митингге чыгышкан.
  • Митингден кийин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулуп аянтка багыт алышты.
  • Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Ошол убакта Садыр Жапаровду колдогондор Өкмөт үйүнүн алдында турушкан.
  • Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.
  • 10-октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөгө өзгөчө абал режими менен катар аскерлерди киргизген.
  • Ала-Тоо аянтында тизилген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү
  • 10-октябрда Жогорку Кеңеш Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийин саясий кризиске алып келген нааразычылык акциялар жана кагылышуулар болду. Sputnik агенттигинин сүрөт баянынан өткөн жумадагы окуялардын түрмөгүн көрө аласыздар.

5-октябрда Бишкекте өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болду. Кечинде Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракеттен кийин милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталып, андан улам миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза тапкан. Түндө акцияга чыккандар парламенттин имаратын басып алып, андан соң Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаров жана башка камактагы саясатчыларды бошотушкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракети болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышты.

8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келген.

Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы

10-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди.

11-октябрда Жапаровду премьерликке бекиткен Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсиз деген депутаттардын тобу жаңы өкмөт башчынын чнчимдерин мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.

604
  • 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.

  • Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык босого ченинен 16 партиянын ичинен Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан жана Бүтүн Кыргызстан партиялары өткөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык босого ченинен 16 партиянын ичинен "Биримдик", Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өткөн.
    Сүрөттө: ЖКга шайлооонун жыйынтыгында добуштарды саноо убагы.

  • 5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партия өкүлдөрүнүн жана жарандардын митинги болду.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партия өкүлдөрүнүн жана жарандардын митинги болду.

  • Нааразычылык акциясына миңдеген адам чогулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Нааразычылык акциясына миңдеген адам чогулган

  • Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракет жасалып, милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталды
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракет жасалып, милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталды

  • Укук коргоо органдары менен митингчилердин кагылышуусу башталган убактагы митингдин катышуучусу
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Укук коргоо органдары менен митингчилердин кагылышуусу башталган убактагы митингдин катышуучусу

  • Түндө митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин айрымдары талап-тоноого жол бербөөгө аракет кылышты
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Түндө митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин айрымдары талап-тоноого жол бербөөгө аракет кылышты

  • 6-октябрда таңга жуук Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыгып, төртүнчү кабаты күйдү
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    6-октябрда таңга жуук Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыгып, төртүнчү кабаты күйдү

  • Бишкектин көчөлөрүндөгү милиция менен митингчилердин кагылышуусу түнкү 3:00дөр чамасында бүткөн
    © AFP 2020 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Бишкектин көчөлөрүндөгү милиция менен митингчилердин кагылышуусу түнкү 3:00дөр чамасында бүткөн

  • Укук коргоочулар атайын каражат колдонушса, акцияга чыккандар таш ыргытып жооп берип жатышты. Бир нече унаа талкаланган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Укук коргоочулар атайын каражат колдонушса, акцияга чыккандар таш ыргытып жооп берип жатышты. Бир нече унаа талкаланган.

  • 7-октябрда Ала-Тоо аянтында Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылган митинг өттү.
    VYACHESLAV OSELEDKO

    7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылган митинг өттү

  • 8-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары менен аткаминерлердин люстрациясын талап кылган эки топтун ортосунда кагылышуу болду
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    8-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары менен аткаминерлердин люстрациясын талап кылган эки топтун ортосунда кагылышуу болду

  • 5-6-октябрдан кийинки кагылышуудан жана Ак үйдү алгандан кийин милиция кызматын аткара албай калды. Шаарды кайтарууга элдик кошуун чыкты.
    © REUTERS / Vladimir Pirogov

    5-6-октябрдан кийинки кагылышуудан жана Ак үйдү алгандан кийин милиция кызматын аткара албай калды. Шаарды кайтарууга элдик кошуун чыкты

  • Мародерлукту алдын алуу максатында элдик кошуун топтору түнкүсүн Бишкекти кыдырып турушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мародерлукту алдын алуу максатында элдик кошуун топтору түнкүсүн Бишкекти кыдырып турушту

  • 9-октябрда УКМКнын абагынан 6-октябрь түнү бошотулган Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Медиафорумдун алдына митингге чыгышкан.
    © AFP 2020 / VYACHESLAV OSELEDKO

    9-октябрда УКМКнын абагынан 6-октябрь түнү бошотулган Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Медиафорумдун" алдына митингге чыгышкан

  • Митингден кийин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулуп аянтка багыт алышты.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Митингден кийин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулуп, аянтка багыт алышты

  • Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Ошол убакта Садыр Жапаровду колдогондор Өкмөт үйүнүн алдында турушкан.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Ошол убакта Садыр Жапаровду колдогондор Өкмөт үйүнүн алдында турушкан

  • Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.
    © AFP 2020 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган

  • 10-октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөгө өзгөчө абал режими менен катар аскерлерди киргизген.
    © REUTERS / Mariya Gordeyeva

    10-октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөгө өзгөчө абал режими менен катар аскерлерди киргизген

  • Ала-Тоо аянтында тизилген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү
    © REUTERS / VLADIMIR PIROGOV

    "Ала-Тоо" аянтында тизилген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү

  • 10-октябрда Жогорку Кеңеш Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    10-октябрда Жогорку Кеңеш "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди

Белгилер:
фото, Парламент, митинг, шайлоо
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду
Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

26
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

26
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды