Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

5761
(жаңыланган 15:37 19.10.2020)
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан кетип, экс-президент макамына ээ болду. Муну менен ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент болуп калды.

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда алты жылдык мөөнөткө шайланган болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолор отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ошентип ал Кыргызстанды үч жыл гана башкарып, 61 жашында тактысын тапшырды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентти узатуу иш-чарасы өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

5761
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров

  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды

  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти

  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыйзам боюнча, бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.

  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты

  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады

  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат

  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады

  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти

  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага катышкан ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты

  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Үч жыл, сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты

Белгилер:
Садыр Жапаров, узатуу, отставка, президент, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды
Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео
Тарыхый окуя. Жээнбеков, Исаев, Жапаровдун "Ала-Арчага" кирип келген видеосу

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

241
(жаңыланган 19:52 28.10.2020)
  • 5-6-марттагы элдик толкундоолордон кийинки алмашкан өкмөт мүчөлөрү жана премьер-министрдин ант берүү аземи Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болду. Эшиктен кирип келе жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Канатбек Исаев
  • Премьер-министр Садыр Жапаров ант берип жаткан учуру. Ал учурда 52 жашта
  • Артем Новиков буга чейин экономика министри болуп турганда ант берген. Бул сапар биринчи вице-премьер  катары антын кыргызча айтты
  • Максат Мамытканов антын берди
  • Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн иш кабинетине жетекчи катары бара элек, бирок ант берди. Себеби талапкерлигин депутаттар ага бир нече саат калганда колдогон
  • Дагы бир вице-премьер Равшан Сабировдун ант берген учуру
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ант берди
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков ант берди
  • Юстиция министри Марат Жаманкулов антын айтты
  • Финансы министри Кыялбек Мукашев ант берди
  • Ант берген экономика министри Санжар Мукамбетов мурдагы өкмөттө иштеп, бирок кызматында калган жалгыз жетекчи болду
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституцияга колун койгонду унутуп калып, төрагадан эскертүү алды. Ал антты кайрадан берди.
  • Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиевдин ант берип жаткан учуру
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев антын берди
  • Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ант берди
  • Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да өмүрүндө өкмөт мүчөсү катары биринчи ирет ант берди
  • Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ант берди
  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев ант берди
  • Премьер-министр Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дос экендиги мурдатан белгилүү
  • КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрнис Тердикбаев да биринчи ирет ант берди
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагымбаев да антын айтты
  • Бүгүнкү иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун берген анты менен аяктады
  • Ант берүү аземи аяктап, Жапаровду төрага Исаев жана Ташиев коштоп чыгып кетишти
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматына киришип жатып ант беришти. Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

 

241
  • 5-6-марттагы элдик толкундоолордон кийинки алмашкан өкмөт мүчөлөрү жана премьер-министрдин ант берүү аземи Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болду. Эшиктен кирип келе жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Канатбек Исаев
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    5-6-марттагы элдик толкундоолордон кийинки алмашкан өкмөт мүчөлөрү жана премьер-министрдин ант берүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болду. Эшиктен кирип келе жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Канатбек Исаев

  • Премьер-министр Садыр Жапаров ант берип жаткан учуру. Ал учурда 52 жашта
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Премьер-министр Садыр Жапаров ант берип жаткан учуру. Ал учурда 52 жашта

  • Артем Новиков буга чейин экономика министри болуп турганда ант берген. Бул сапар биринчи вице-премьер  катары антын кыргызча айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Артем Новиков буга чейин экономика министри болуп турганда ант берген. Бул сапар биринчи вице-премьер катары антын кыргызча айтты

  • Максат Мамытканов антын берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат Мамытканов антын берди

  • Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн иш кабинетине жетекчи катары бара элек, бирок ант берди. Себеби талапкерлигин депутаттар ага бир нече саат калганда колдогон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн иш кабинетине жетекчи катары бара элек, бирок ант берди. Себеби талапкерлигин депутаттар ага бир нече саат калганда колдогон

  • Дагы бир вице-премьер Равшан Сабировдун ант берген учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дагы бир вице-премьер Равшан Сабировдун ант берген учуру

  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өкмөттүн аппарат жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ант берди

  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ички иштер министри Улан Ниязбеков ант берди

  • Юстиция министри Марат Жаманкулов антын айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Юстиция министри Марат Жаманкулов антын айтты

  • Финансы министри Кыялбек Мукашев ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Финансы министри Кыялбек Мукашев ант берди

  • Ант берген экономика министри Санжар Мукамбетов мурдагы өкмөттө иштеп, бирок кызматында калган жалгыз жетекчи болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ант берген экономика министри Санжар Мукамбетов мурдагы өкмөттө иштеп, бирок кызматында калган жалгыз жетекчи болду

  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституцияга колун койгонду унутуп калып, төрагадан эскертүү алды. Ал антты кайрадан берди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституцияга колун койгонду унутуп калып, төрагадан эскертүү алды. Ал антты кайрадан берди

  • Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиевдин ант берип жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиевдин ант берип жаткан учуру

  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев антын берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев антын берди

  • Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ант берди

  • Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да өмүрүндө өкмөт мүчөсү катары биринчи ирет ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да өмүрүндө өкмөт мүчөсү катары биринчи ирет ант берди

  • Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ант берди

  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев ант берди

  • Премьер-министр Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дос экендиги мурдатан белгилүү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Премьер-министр Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дос экендиги мурдатан белгилүү

  • КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрнис Тердикбаев да биринчи ирет ант берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрнис Тердикбаев да биринчи ирет ант берди

  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагымбаев да антын айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагымбаев да антын айтты

  • Бүгүнкү иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун берген анты менен аяктады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүнкү иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун берген анты менен аяктады

  • Ант берүү аземи аяктап, Жапаровду төрага Исаев жана Ташиев коштоп чыгып кетишти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ант берүү аземи аяктап, Жапаровду төрага Исаев жана Ташиев коштоп чыгып кетишти

Белгилер:
министр, дайындоо, Жогорку Кеңеш, ант, өкмөт
Тема боюнча
Антымды бузсам жоопкерчилик тартууга даярмын! Өкмөт мүчөлөрү ант берди
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Өкмөт мүчөлөрү ант берүү үчүн парламентке келди. Видео

Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт

730
(жаңыланган 20:05 15.10.2020)
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
Күз Кыргызстанда өзгөчө кооз болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков Бишкекке жакын эле жайгашкан кайың токойго барып, ал жердеги керемет көрүнүштү тартып келди.

Кайыңдардын мекени Бөйрөк деп аталат. Бул кооз жай "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында жайгашкан. Азыр аталган токой көз жоосун алып, кооз болуп турган учуру. Жалбырактар күн сайын түсүн өзгөртүп, кызгылт, сары, жашыл түскө боёлуп, көңүлдү өзүнө буруп турган учуру.

730
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди

  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан

  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал жер "Бөйрөк" деп аталат, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында

  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бөйрөккө" тез эле жетсе болот

  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт

  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты

  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаратылыштын кооздугу, ай!

  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман

  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы

  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон

Белгилер:
парк, жаратылыш, Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Саясаттан чарчадык. Бишкектин четиндеги ак кайыңдуу токойдо эс алыңыз. Видео
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

49
(жаңыланган 10:53 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

49
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти