Куруучу, министр, өкмөт башчы. Насирдин Исановдун сүрөттө калган ирмемдери

1053
  • Болочоктогу премьер-министр Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуган
  • Жайында тоодо чөп чапкан КРдин биринчи президенти менен премьер-министри
  • Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур
  • Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, КРдин өлкө башчысы Аскар Акаев жана премьер-министр Насирдин Исанов
  • Токтогул гидроэлектр станциясынын куруучулары менен. 1971-жыл
  • Парламентте сөз сүйлөгөн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри
Жаңы көз карандысыздык алган республиканын аткаруу бийлигин башкарган министр Насирдин Исановдун көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү саясатчыны эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Элеттеги мектепти бүтүргөндөн кийин Москва шаарындагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна өткөн. Айылдан барган жаш жигит ал жакта окуп жүргөндө кечинде окууга барып, күндүз курулушта эмгектенген.

Эмгек жолун мекенине кайтып келип "Ошгорстрой" ишканасында баштап, мастер, прораб, башкы инженер, башкы технолог болуп иштеген. Андан соң Коммунисттик партиянын катарына өтүп, 1976-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 40 жашында Кыргыз ССРинин курулуш министри болуп, ал борбор калаадагы тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, Өкмөт үйүнүн курулушунун башында турган. 1988-жылы Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагалыгына дайындалган.

Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экинчи турда күч сынашкан. Жыйынтыгында Акаев алдыга озуп чыгып, Исанов вице-президент болгонго жетишкен.

Саясатчы 1991-жылы КРдин биринчи өкмөт башчысы болуп шайланган. Исановду замандаштары жөнөкөй, кесипкөй, принципиалдуу жетекчи болгонун азыркыга чейин эскерип келет.

Мамлекеттик ишмер 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан көз жумган. Укук коргоо кызматкерлеринин маалыматы боюнча, 48 жаштагы өкмөт башчынын жеңил автоунаасын ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Ал каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкка чыкпай келет.

Насирдин Исанов өмүрлүк жары экөө бир уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Алар дагы ата жолун улап мамлекеттик кызматтарда иштеп келет.

1053
  • Насирдин Исанов 1991-жылы Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп, бул кызматты бир нече ай аркалаган
    предоставлено Марией Исановой

    Насирдин Исанов 1991-жылы Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп, бул кызматты бир нече ай аркалаган

  • Болочоктогу премьер-министр Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуган
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Болочоктогу премьер-министр Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуган

  • Жайында тоодо чөп чапкан КРдин биринчи президенти менен премьер-министри
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Жайында тоодо чөп чапкан КРдин биринчи президенти менен премьер-министри

  • Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов

  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур

  • Мамлекеттик ишмер апасы Алима менен
    предоставлено Марией Исановой

    Мамлекеттик ишмер апасы Алима менен

  • Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, КРдин өлкө башчысы Аскар Акаев жана премьер-министр Насирдин Исанов
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, КРдин өлкө башчысы Аскар Акаев жана премьер-министр Насирдин Исанов

  • Токтогул гидроэлектр станциясынын куруучулары менен. 1971-жыл
    © Фото / предоставлено Марией Исановой

    Токтогул гидроэлектр станциясынын куруучулары менен. 1971-жыл

  • РФтин президенти КРге иш сапары менен келгенде. Исанов, Ельцин жана Акаев
    предоставлено Марией Исановой

    РФтин президенти КРге иш сапары менен келгенде. Исанов, Ельцин жана Акаев

  • Респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл
    предоставлено Марией Исановой

    Респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл

  • Ысык-Көл облусу, Кумтөр аймагы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте
    предоставлено Марией Исановой

    Ысык-Көл облусу, Кумтөр аймагы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте

  • Парламентте сөз сүйлөгөн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри
    предоставлено Марией Исановой

    Парламентте сөз сүйлөгөн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри

  • Насирдин Исанов жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Мамлекеттик ишмердин көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка толмок
    предоставлено Марией Исановой

    Насирдин Исанов жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Мамлекеттик ишмердин көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка толмок

Белгилер:
Сүрөт, Насирдин Исанов, мамлекеттик ишмер, саясатчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү
Тоо-ташта, талаа-түздө иштеген оператор. Марлес Туратбеков 87 жашка толмок
Миң боз үй, колдоп чыккан БУУ... Таласта өткөн "Манас-1000" салтанаты сүрөттөрдө
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

174
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

174
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

165
(жаңыланган 16:54 02.12.2020)
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
28-ноябрда Кызыл аянтта ГУМдун муз аянтынын 15-сезонунун ачылыш аземи өттү. Эми Кремлдин жанында 1-мартка чейин муз тепсе болот.

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

165
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон

  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт

  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты

  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт

  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү

  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты

  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты

  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады

  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө

  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
    © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет

  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн

  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат

  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет

  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү

  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
    © REUTERS / Maxim Shemetov

    Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт

Белгилер:
Москва, бий, муз, коньки, муз аянты
Тема боюнча
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти
Персональный идентификационный номер (ПИН) на биометрическом паспорте гражданина КР. Иллюстративное фото

ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп

29
(жаңыланган 16:25 04.12.2020)
Азыр Каттоо кызматы, Соцфонд, Салык кызматы же банктарга барсаң, дароо ПИН сурашат. Аны текшерте келгенде бир эле адамдын эки-үч номер чыгып калышы толук ыктымал.

Эмне себептен бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калат, аны оңдотууга канча убакыт кетет, дегеле ПИН (Персоналдык идентификациялык номер) деген эмне экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов айтып берди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Бул номерде ар бир жарандын жекече маалыматы камтылган. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди ала алат.

ПИН кайсы учурда керек болот?

Персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматына, Салык кызматына, Соцфондго жана банктарга барганда керек болот. Кайрылган адамдын аты-жөнүн сураганда андайдан төрт-бешөө чыгып калышы ыктымал. Ал эми мыйзам боюнча ПИН бир адамда бирөө гана болушу шарт. Ошол себептен жеке номерин сурап, андан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурлар катталууда. Себеби эмнеде?

Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган.

Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган.

Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен.

ПИН берүү функциясын Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган.

Себеби паспорт жана башка документ алууда биринчи кезекте ПИНи такталат. Ал аркылуу ошол жарандын маалымат базасы текшерилет. Бир нече ирет берилип кеткен ПИНдерди оңдоп, текшерүү үчүн кызматтын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Мыйзам боюнча бир адамда бир эле персоналдык идентификациялык номери болушу шарт. Ошол себептен атайын комиссия анын баарын тактоодо.

Эгер эки же андан көп ПИН бар болсо, ал канча убакытта оңдолот?

ПИНди текшере турган комиссия жумуштун баарын жабык эшик артында жасайт. Себеби алар ар бир адамдын жеке маалыматын бирден текшерип чыгышат. Алсак, айрымдарынын туулган жери же жылы туура эмес жазылып калган болот. Же болбосо туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорттогу маалыматтар дал келбей калат. Комиссия мунун баарын текшерип чыкканга чейин 10 күн керектелет.

Комиссиянын курамында сегиз гана киши иштейт. Ал эми идентификациялык номер боюнча мамлекеттик каттоо кызматына күнүнө 400-500 арыз келип түшөт. Буга чейин комиссияда беш гана адам иштечү. Бирок жумуш көбөйгөндүктөн дагы үчөө кошулган. Арыз көп, киши аз болгондуктан да ПИНди берүү мөөнөтү узарып кетүүдө.

Негизи 10 күндүн ичинде такталган ПИН берилиши шарт. Азыркы тапта комиссияда 4 800 туура эмес ПИН турат.

Эгер андан көп убакыт өтүп кетсе эмне кылуу керек?

ПИНди оңдоо бир айга чейин созулуп кеткен фактылар катталган. Адатта эскирип, жазуусу өчүп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү текшерүүгө көбүрөөк убакыт кетип калат. Ошол себептен эки жумадан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Бирок 10 күндүн ичинде бүтүрүүгө аракет кылышат. Кокус ал убакытта номер колго тийбей калса, жарандар Каттоо кызматынын 62 41 40 ишеним телефонуна чалса болот. Бүгүнкү күндө 200 000 ашык ПИН өзгөртүлүп, оңдолду.

ПИНди текшертүү үчүн кайда кайрылуу керек?

Персоналдык идентификациялык номерди текшертүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу керек. Кокус эки же үч ПИН чыгып калып же аты-жөнү боюнча ката кездешсе, жаран ошол жерден арыз жазат.

Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет өлкөдөгү тийиштүү мекемелерде ишке ашырылат.

Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.

ПИН алуу үчүн кандай документ керек? (18 жашка толгондорго)

Бекитилген форма боюнча арыз;

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;

Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.

29
Белгилер:
текшерүү, документ, каттоо кызматы, каттоо, маалымат, жеке иш
Тема боюнча
104 жаштагы байбиче паспортун алмаштырды. Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылды
Жапаров паспортко "улуту" деген графа кайра киргизилерин айтты
Кыргызстанга чоочун бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган аял кармалды