Аптанын сүрөттөрү: "учуучу шыпыргыдан" тарта Ак үйдүн тосмосуна чейинки ирмемдер

254
(жаңыланган 18:13 11.11.2020)
  • Жаш ойлоп табуучу жана Гарри Поттердин күйөрманы Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында учуучу шыпыргы минип бара жатат
  • Перунун Куско шаарындагы Мачу Пикчу археологиялык участкасында нөөмөттө турган туристтик полиция кызматкери
  • Чолпон-Атадагы ат майданда өткөн көк-бөрү мелдешинин финалында Таластын Ынтымак  жана Оштун Достук командаларынын күлүктөрү. Беттештин жыйынтыгында 9: 2 эсебинде Талас облусунун командасы жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болушту
  • Алина Загитова Москвадагы (Россия) Көркөм муз тебүү сүйүүчүлөрү фестивалынын салтанаттуу кечесиндеги көрсөтмө оюндарга катышат
  • Гаванада (Куба) мектеп окуучусу класста коргонуучу кол кап кийип жатат
  • Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгында дизайнер Лю Юндун жаңы коллекциядагы костюмун кийип турган модель
  • Лондон шаарында (Англия) карантин чаралары күчөгөндүктөн жабылган дүкөндүн алдынан өтүп бара жаткан адам
  • Бишкектеги Орто-Сай базарындагы ири өрт.
Өрт 9-ноябрга караган түнү башталган. Саат 02:00 чамасында жалын чектөөгө алынган. Тилсиз жоо 9:00гө жакын толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ билдиргендей, өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзгөн.
  • Кубандык казактар армиясынын ардактуу кароолу Улуттук биримдик күнүндө Краснодардын башкы аянтында Россиянын желегин көтөрүп жатат
  • Голландиянын Спейкениссе шаарында жолдун аягындагы тосмого урунган метронун поездинин сууга түшүрбөй куткарып калган Киттин куйругу скульптурасы
  • Тазалык муниципалдык ишканасынын жумушчулары Бишкектеги Ак үйдүн айланасындагы тосмону алып жатышат. Буга чейин парламенттин жаңы шайланган спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун колдоосу менен тосмону алууну макулдашкан.
  • Гимнастика чебери Татьяна Набиева Лужники стадионунда өтүүчү Алексей Немовдун Спорт легендалары шоусунда оюн көрсөтөт
  • Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жозеф Байдендин Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында сүйлөп жаткан учуру
Байден АКШнын президенти болуп шайлангандыгын өткөн ишембиде жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери жеңип чыкканын жазып чыгышкан.
  • Кыргызстандын 125 килограммга чейинки салмактагы балбаны Айаал Лазарев менен азербайжандык Ислам Абуев Москва Гран-при — 2020 эл аралык мелдешинде күрөшүп жаткан учуру
  • Измирде жер титирөөдөн төрт күн өткөндөн кийин талкаланган үйдүн урандысынын астынан төрт жашар кыз куткарылды
30-октябрда Түркияда 6,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Анын очогу Эгей деңизинде, Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. 20га жакын имарат кыйраган.
  • Владимир Путиндин Чудов монастырынын жаңы археологиялык музейге барган учуру. Экспозиция Кремлдин бузулган административдик имаратынын ордундагы жер астында жайгашкан.
  • Степанакерт шаарында кыйраган батиринде турган киши.
2020-жылдын 27-сентябрында Тоолуу Карабах Республикасында Азербайжан жана Армения аскерлеринин куралдуу атышуусу башталган. Эки өлкөнүн бийлиги бири-бирин кол салууга айыптап, жүздөгөн адам курман болгонун жана аскердик техникалар жок кылынганын билдиришкен.
  • Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасында
  • Полиция Мумбайда нааразычылык акциясына чыккан демонстранттарды кармап жатат
  • Тбилиси шаарында (Грузия) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон оппозициянын митингинин катышуучуларына карата суу менен атуучу техниканы колдонууда.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын ирмемдерин сунуш кылат.

Лондондо коронавирустан улам (Улуу Британия) обочолонуу башталды, ресторандар, чачтарачканалар жана кийим дүкөндөрү 2-декабрга чейин жабылды.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо президенттин кубогу үчүн көк бөрү турниринин жогорку жана биринчи лигасынын финалы өттү.

Аттан кулап, улакты тырыша кармаган оюнчулар. Көк бөрү финалынан сүрөттөр

Жозеф Байден АКШнын президенти болуп шайланганын жар салды. Буга чейин ЖМКлар өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери утканын жазып чыгышкан.

Бразилиялык жаш ойлоп табуучу жана Гарри Поттердин күйөрманы "учуучу шыпыргыны" ойлоп тапты.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмону алышты.

Россияда Улуттук биримдик күнү белгиленди.

Пекинде (Кытай) салттуу мода жумалыгы өттү.

Ак үйдүн айланасындагы тосмолорду алып жаткан учурдан 18 сүрөт

Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кагылышуулар уланды.

Измирдеги (Түркия) зилзаладан төрт күн өткөндөн кийин урандылардын астында калган төрт жаштагы кыз куткарылды. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алды. 20га жакын имарат жарактан чыккан.

Махараштра штатында (Индия) Мумбайда теле алып баруучу Арнаб Госваминин камалышына байланыштуу Бхаратия Жанатанын партиялык кызматкерлери тарабынан өкмөткө каршы нааразычылык акциясы өттү.

Тбилисиде (Грузия) полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан демонстранттарга карата суу менен атуучу техниканы колдонду.

Россияда спорттук күрөш боюнча "Гран-при Москва — 2020" эл аралык мелдеш өттү.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышты.

254
  • Жаш ойлоп табуучу жана Гарри Поттердин күйөрманы Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында учуучу шыпыргы минип бара жатат
    © AFP 2020 / DOUGLAS MAGNO

    Жаш ойлоп табуучу жана Гарри Поттердин күйөрманы Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында "учуучу шыпыргы" минип бара жатат

  • Перунун Куско шаарындагы Мачу Пикчу археологиялык участкасында нөөмөттө турган туристтик полиция кызматкери
    © AFP 2020 / ERNESTO BENAVIDES

    Перунун Куско шаарындагы Мачу Пикчу археологиялык участкасында нөөмөттө турган туристтик полиция кызматкери

  • Чолпон-Атадагы ат майданда өткөн көк-бөрү мелдешинин финалында Таластын Ынтымак  жана Оштун Достук командаларынын күлүктөрү. Беттештин жыйынтыгында 9: 2 эсебинде Талас облусунун командасы жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чолпон-Атадагы ат майданда өткөн көк-бөрү мелдешинин финалында Таластын "Ынтымак " жана Оштун "Достук" командаларынын күлүктөрү. Беттештин жыйынтыгында 9: 2 эсебинде Талас облусунун командасы жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болушту

  • Алина Загитова Москвадагы (Россия) Көркөм муз тебүү сүйүүчүлөрү фестивалынын салтанаттуу кечесиндеги көрсөтмө оюндарга катышат
    © Sputnik / Александр Вильф

    Алина Загитова Москвадагы (Россия) "Көркөм муз тебүү сүйүүчүлөрү" фестивалынын салтанаттуу кечесиндеги көрсөтмө оюндарга катышат

  • Гаванада (Куба) мектеп окуучусу класста коргонуучу кол кап кийип жатат
    © AP Photo / Ramon Espinosa

    Гаванада (Куба) мектеп окуучусу класста коргонуучу кол кап кийип жатат

  • Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгында дизайнер Лю Юндун жаңы коллекциядагы костюмун кийип турган модель
    © AFP 2020 / WANG ZHAO

    Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгында дизайнер Лю Юндун жаңы коллекциядагы костюмун кийип турган модель

  • Лондон шаарында (Англия) карантин чаралары күчөгөндүктөн жабылган дүкөндүн алдынан өтүп бара жаткан адам
    © AP Photo / Frank Augstein

    Лондон шаарында (Англия) карантин чаралары күчөгөндүктөн жабылган дүкөндүн алдынан өтүп бара жаткан адам

  • Бишкектеги Орто-Сай базарындагы ири өрт.
Өрт 9-ноябрга караган түнү башталган. Саат 02:00 чамасында жалын чектөөгө алынган. Тилсиз жоо 9:00гө жакын толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ билдиргендей, өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзгөн.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бишкектеги "Орто-Сай" базарындагы ири өрт.
    Өрт 9-ноябрга караган түнү башталган. Саат 02:00 чамасында жалын чектөөгө алынган. Тилсиз жоо 9:00гө жакын толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ билдиргендей, өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзгөн.

  • Кубандык казактар армиясынын ардактуу кароолу Улуттук биримдик күнүндө Краснодардын башкы аянтында Россиянын желегин көтөрүп жатат
    © Sputnik / Виталий Тимкив

    Кубандык казактар армиясынын ардактуу кароолу Улуттук биримдик күнүндө Краснодардын башкы аянтында Россиянын желегин көтөрүп жатат

  • Голландиянын Спейкениссе шаарында жолдун аягындагы тосмого урунган метронун поездинин сууга түшүрбөй куткарып калган Киттин куйругу скульптурасы
    © AFP 2020 / JEFFREY GROENEWEG

    Голландиянын Спейкениссе шаарында жолдун аягындагы тосмого урунган метронун поездинин сууга түшүрбөй куткарып калган "Киттин куйругу" скульптурасы

  • Тазалык муниципалдык ишканасынын жумушчулары Бишкектеги Ак үйдүн айланасындагы тосмону алып жатышат. Буга чейин парламенттин жаңы шайланган спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун колдоосу менен тосмону алууну макулдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Бишкектеги Ак үйдүн айланасындагы тосмону алып жатышат. Буга чейин парламенттин жаңы шайланган спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун колдоосу менен тосмону алууну макулдашкан.

  • Гимнастика чебери Татьяна Набиева Лужники стадионунда өтүүчү Алексей Немовдун Спорт легендалары шоусунда оюн көрсөтөт
    © Sputnik / Владимир Песня

    Гимнастика чебери Татьяна Набиева "Лужники" стадионунда өтүүчү Алексей Немовдун "Спорт легендалары" шоусунда оюн көрсөтөт

  • Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жозеф Байдендин Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында сүйлөп жаткан учуру
Байден АКШнын президенти болуп шайлангандыгын өткөн ишембиде жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери жеңип чыкканын жазып чыгышкан.
    © AFP 2020 / ANGELA WEISS

    Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жозеф Байдендин Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында сүйлөп жаткан учуру
    Байден АКШнын президенти болуп шайлангандыгын өткөн ишембиде жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери жеңип чыкканын жазып чыгышкан.

  • Кыргызстандын 125 килограммга чейинки салмактагы балбаны Айаал Лазарев менен азербайжандык Ислам Абуев Москва Гран-при — 2020 эл аралык мелдешинде күрөшүп жаткан учуру
    © Sputnik / Владимир Астапкович

    Кыргызстандын 125 килограммга чейинки салмактагы балбаны Айаал Лазарев менен азербайжандык Ислам Абуев "Москва Гран-при — 2020" эл аралык мелдешинде күрөшүп жаткан учуру

  • Измирде жер титирөөдөн төрт күн өткөндөн кийин талкаланган үйдүн урандысынын астынан төрт жашар кыз куткарылды
30-октябрда Түркияда 6,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Анын очогу Эгей деңизинде, Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. 20га жакын имарат кыйраган.
    © REUTERS / Turkey's Disaster and Emergency Management Presidency (AFAD)

    Измирде жер титирөөдөн төрт күн өткөндөн кийин талкаланган үйдүн урандысынын астынан төрт жашар кыз куткарылды
    30-октябрда Түркияда 6,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Анын очогу Эгей деңизинде, Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. 20га жакын имарат кыйраган.

  • Владимир Путиндин Чудов монастырынын жаңы археологиялык музейге барган учуру. Экспозиция Кремлдин бузулган административдик имаратынын ордундагы жер астында жайгашкан.
    © Sputnik / Алексей Никольский

    Владимир Путиндин Чудов монастырынын жаңы археологиялык музейге барган учуру. Экспозиция Кремлдин бузулган административдик имаратынын ордундагы жер астында жайгашкан.

  • Степанакерт шаарында кыйраган батиринде турган киши.
2020-жылдын 27-сентябрында Тоолуу Карабах Республикасында Азербайжан жана Армения аскерлеринин куралдуу атышуусу башталган. Эки өлкөнүн бийлиги бири-бирин кол салууга айыптап, жүздөгөн адам курман болгонун жана аскердик техникалар жок кылынганын билдиришкен.
    © Sputnik / Илья Питалев

    Степанакерт шаарында кыйраган батиринде турган киши.
    2020-жылдын 27-сентябрында Тоолуу Карабах Республикасында Азербайжан жана Армения аскерлеринин куралдуу атышуусу башталган. Эки өлкөнүн бийлиги бири-бирин кол салууга айыптап, жүздөгөн адам курман болгонун жана аскердик техникалар жок кылынганын билдиришкен.

  • Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасында
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасында

  • Полиция Мумбайда нааразычылык акциясына чыккан демонстранттарды кармап жатат
    © AP Photo / Rajanish Kakade

    Полиция Мумбайда нааразычылык акциясына чыккан демонстранттарды кармап жатат

  • Тбилиси шаарында (Грузия) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон оппозициянын митингинин катышуучуларына карата суу менен атуучу техниканы колдонууда.
    © REUTERS / IRAKLI GEDENIDZE

    Тбилиси шаарында (Грузия) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон оппозициянын митингинин катышуучуларына карата суу менен атуучу техниканы колдонууда.

Белгилер:
Көк бөрү, тосмо, Ак үй
Тема боюнча
Апта ирмеми: карантинге каршы митингден тарта көгүлтүр Айга чейинки көрүнүштөр

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

189
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

189
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

166
(жаңыланган 16:54 02.12.2020)
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
28-ноябрда Кызыл аянтта ГУМдун муз аянтынын 15-сезонунун ачылыш аземи өттү. Эми Кремлдин жанында 1-мартка чейин муз тепсе болот.

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

166
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон

  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт

  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты

  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт

  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү

  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты

  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты

  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады

  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө

  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
    © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет

  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн

  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат

  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет

  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү

  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
    © REUTERS / Maxim Shemetov

    Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт

Белгилер:
Москва, бий, муз, коньки, муз аянты
Тема боюнча
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

0
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

0
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди