Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

895
  • Узак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын көздөй келе жатышат
  • Кыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат
  • Дөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат.
  • Манас эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат.
  •  Ала-Тоо аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы.
  • Айнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат
  • Узак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы.
  • Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш.
  • Узак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда.
  • Манастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан Ала-Тоо аянтындагы көрүнүш
  • Дөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү
  • Узак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүндөн тарта узак убакыт манас айтып, Гиннестин рекорддор китебине катталууга аракет кылууда.

Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкекте азыркынын көрүнүктүү манасчысы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" эпосун узак мөөнөт - 12 саат айтууну баштады. Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги иш-чарадан сүрөт баян сунуш кылат.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын эстелигинин жанына беш метр бийиктиктеги айнектен жасалган боз үй (атайын жай) жасалган. Манасчы ошол үйдүн ичинде отуруп эпосту айта баштады.

Сыдыков токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, дээрлик 12 сааттан ашык убакытка чейин манас айтууга ниеттенүүдө.

 

895
  • Узак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын көздөй келе жатышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Узак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтын көздөй келе жатышат

  • Кыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат

  • Дөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат.

  • Манас эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Манас" эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат.

  •  Ала-Тоо аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоо" аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы.

  • Айнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат

  • Узак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Узак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы.

  • Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш.

  • Узак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Узак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда.

  • Манастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан Ала-Тоо аянтындагы көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Манастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүш

  • Дөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Дөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү

  • Узак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Узак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү

Белгилер:
Гиннес китеби, рекорд, Дөөлөт Сыдыков, Манас айтуу
Тема боюнча
Дөөлөт Сыдыков тынбай манас айтып Гиннеске кирүүгө ниеттенип жатат
"Ала-Тоодо" эпос жаңырып. Дөөлөт Сыдыков 12 саат манас айтууну баштады. Сүрөт

Аалам кооздугу кадрларда. 14 сүрөткө сыйган космос жаңылыктары

138
  • Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру
  • IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук
  • Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда
  • Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү
  • Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы
  • Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында
  • АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү
  • Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы
  • Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы
  • Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү
  • Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы
  • Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт
  • Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү
  • NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар
Ноябрь башка айлар сыяктуу эле космостук жаңылыктарсыз өткөн жок. Бул сүрөт түрмөк аркылуу алардын негизгисин билип алууну сунуштайбыз.

Бул айда Hubble телескобу менен UGCA 193 Секстант жана UGC 12588 Андромед топ жылдыздарынан LRG-3-817 галактикасын сүрөткө тартууга мүмкүн болду. Ал эми Чилинин телескобу галактикадагы NGC 5236 миңдеген жаңы жылдыздарды кадрга түшүрдү.

Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станциясы менен кошулду. Ал эми Кытай Айды иликтөө үчүн Long March-5 Y5 ракетасын учурду.

138
  • Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру

    Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру

  • IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук

    IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук

  • Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда
    © REUTERS / Tingshu Wang

    Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда

  • Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү

    Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү

  • Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы

    Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы

  • Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында
    © Photo : NASA

    Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында

  • АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү

    АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү

  • Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы
    © Photo : NASA

    Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы

  • Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы

    Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы

  • Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү

    Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү

  • Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы

    Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы

  • Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт

    Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт

  • Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү

    Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү

  • NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар
    © Photo : ESO/TIMER survey

    NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар

Белгилер:
ракета, Эл аралык космос станциясы, Сүрөт, ай, космос, галактика
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

170
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

170
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

5
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

5
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды