Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер

Жазылуу
Союз маалында кыргызстандык киночулар жараткан фильмдер дүйнө кезип, эл аралык фестивалдарда бир топ сыйлыктарды багындырып, "кыргыз керемети" деп таанылган.

Ошол эмгектерди тартуу маалындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун "Көчө" кинотасмасы жөнүндө кеп кылып, мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

КРдин эл артисти, белгилүү актер Болот Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылдашына таасирленип актер болгон. Алп талант Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү
Белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1972-жылы жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде "Көчө" кинокартинасын тартууга киришип, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын таланттуу актёрлору катышкан. Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана башкалар образ жараткан.

Ал кинофильм Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушун, элеттиктердин кылык-жоругун чагылдырат.

"Көчөнү" жаратууда операторлук милдетти Марлес Туратбеков, экинчи режиссёр кызматын Төлөгөн Сыдыков аткарган. Базаровдун эмгегинин көпчүлүк бөлүгү Ош облусунда тартылып, чыгармачыл процесс үч-төрт айга созулган.

© Sputnik / Александр ФедоровТасма тартуу үчүн түтүктөр менен жамгыр жаадырган киночулар
Съемки фильма Улица Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
1/12
Тасма тартуу үчүн түтүктөр менен жамгыр жаадырган киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана жаш сценарист Төлөгөн Сыдыков
Народный артист СССР Муратбек Рыскулов и кинорежиссер, сценарист Тологон Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
2/12
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана жаш сценарист Төлөгөн Сыдыков
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Ош облусу, 1972-жыл
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года - Sputnik Кыргызстан
3/12
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Ош облусу, 1972-жыл
© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов айылдык абышканын образында
Народный артист СССР Муратбек Рыскулов и режиссер Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан
4/12
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов айылдык абышканын образында
© Фото / из семейного архива ТуратбековыхОператорлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
Знаменитый кинооператор Марлес Туратбеков - Sputnik Кыргызстан
5/12
Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
© Фото / Александр ФедотовСолдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев
Съмки фильма режиссера Геннадия Базарова Кочо - Sputnik Кыргызстан
6/12
Солдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев
© Фото / из семейного архива ТуратбековыхАктёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулар иш маалында
Знаменитый кинооператор Марлес Туратбеков - Sputnik Кыргызстан
7/12
Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулар иш маалында
© Фото / из семейного архива ТуратбековыхЗалкар актёр Муратбек Рыскулов менен жаш оператор Марлес Туратбеков
Съемки фильма Кочо - Sputnik Кыргызстан
8/12
Залкар актёр Муратбек Рыскулов менен жаш оператор Марлес Туратбеков
© Фото / из семейного архива ТуратбековыхРежиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу "Көчө" фильмине Туратбеков оператор болгон
Знаменитый кыргызский кинооператор Марлес Туратбеков - Sputnik Кыргызстан
9/12
Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу "Көчө" фильмине Туратбеков оператор болгон
© Фото / Александр ФедоровМаликенин ролун ойногон Мамлакат Кылычева менен режиссёр Геннадий Базаров
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
10/12
Маликенин ролун ойногон Мамлакат Кылычева менен режиссёр Геннадий Базаров
© Фото / Александр ФедоровКыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
Актер Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
11/12
Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
© Фото / Александр ФедоровЭс алып отурган актёрлор
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
12/12
Эс алып отурган актёрлор
Жаңылыктар түрмөгү
0