Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер

482
(жаңыланган 19:40 17.11.2020)
  • Жакындарынан айрылып жалгыз калган эне. Толгонайдын образындагы СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева
  • Фильм тартуу учуру,  жаш режиссер Геннадий Базаров менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева
  • Саманчынын жолу Кыргызстандын Тоң, Кочкор райондорунда жана Казакстандын Кенес-Анархай аймагында тартылган
  • Фронтко балдарын узаткан ата-энелер
  • Толгонайдын образындагы Бакен Кыдыкеева жана Алимандын ролундагы Раушан Сармурзина
  • Согуш майданына уулун жөнөткөн эне: актер Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
  • Саманчынын жолунда башкы каарман Толгонайдын образын жараткан Бакен Кыдыкеева
  • Мүңкүрөгөн кыз-келиндер жана кызуу иштеген операторлор
  • Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев
  • Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Раушан Сармурзина, Токтогул Какчекеев аталган фильмди жаратууга катышкан
Бүгүн, 17-ноябрь — Кыргыз киносунун күнү. Союз маалында ата мекендик кинематография болуп көрбөгөндөй өнүгүп, кыргыз тасмаларынын атагы алыска кеткен. Бирок азыр да кыргызстандык режиссерлор тарткан кинокартиналар чет элдик көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай келет.

Анткен менен 70-жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, удаа-удаа киношедеврлер жаралган мезгилди бул тармактагылар да, көрүүчүлөр да унутпаса керек. Ошол кездин сап башында турган укмуш эмгектердин бирин жаратуу учурундагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты.

Бул жолу КРдин эл артисти, белгилүү режиссер Геннадий Базаровдун 1967-жылы тартылган "Саманчынын жолу" фильминдеги сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Жаш режиссер Геннадий Базаров Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүрүп курстук иштеринин алкагында эки кино тартууга жетишкен. Аны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүп, болочоктогу белгилүү режиссердун жөндөмүн байкап, өзүнүн "Саманчынын жолу" повестинин негизинде фильм тартууну сунуш кылган. Чоң ишенич артылган Базаров анда 23 жашта болгон.

КРдин эл артисти Геннадий Базаров ошол учурду мындайча эскерген жайы бар.

"Бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Айтматов мага ушундай сунуш айтуусу мүмкүн экендиги менин акылыма дагы келген эмес. Мен "Саманчынын жолу" өңдүү эпикалык чыгарманы экрандаштырууну такыр ойлонгон эмес элем. Өтө чоң жоопкерчиликтүү ишти коркпостон жаш жигитке табыштаган Чыңгыз Төрөкуловичке азыркыга чейин таң калам. Негизи ал кинокартинаны өзүн буга чейин көргөзө алган, ишин билген киночулар деле тартышмак. Ал жылдары Айтматов менен "Кыргызфильмдин" директору Шаршен Усубалиев кыргыз киносунун башатында турушкан. Менимче, алар жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керектигин түшүнүшкөн", — деген Базаров.

Кинокартинанын сценарийин Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Игорь Таланкин үчөө жазып, операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган.

"Саманчынын жолунун" көпчүлүк бөлүгү режиссёрдун жеринде — Кочкордо жана Ысык-Көл жээгиндеги Кажы-Сайда, ал эми Майсалбектин Толгонайга жолукпай поездде өтүп кеткен эпизоду 40 градус суукта Казакстандын Кенес-Анархай деген жеринде тартылган. Анда Бакен Кыдыкеева, Раушан Сармурзина, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Лидия Ашрапова, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Тургун Бердалиев, Токтогул Какчекеев роль жараткан.

Жыйынтыгында режиссер чоң киного ийгиликтүү кадам таштап, анын дипломдук иши 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, көркөм фильмди коомчулук жакшы кабыл алган. Албетте, ал эмгекти мактагандар да, катуу сындагандар дагы болгон. Бирок ал сөздөр жаш киночуларды мөгдөтпөстөн, тескерисинче курчуткан. Себеби фронтко аттанган үч уулунан, жолдошунан айрылган Толгонайдын ички муңун, кайраттуулугун, элдин оор турмушун баяндаган көркөм чыгарманы көркөм тасмага айлантуу кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылыктар менен коштолгон. Андан сырткары, Кыргыз ССРинин эл артисти Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин эл артисти наамына татып, ошол образынын аркасында Бүткүл союздук фестивалда "Аялзаттын образын эң мыкты жараткан" деген сыйлыкка ээ болгон.

482
  • Жакындарынан айрылып жалгыз калган эне. Толгонайдын образындагы СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жакындарынан айрылып жалгыз калган эне. Толгонайдын образындагы СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева

  • Фильм тартуу учуру,  жаш режиссер Геннадий Базаров менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильм тартуу учуру, жаш режиссер Геннадий Базаров менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева

  • Саманчынын жолу Кыргызстандын Тоң, Кочкор райондорунда жана Казакстандын Кенес-Анархай аймагында тартылган
    © Sputnik / РИА Новости

    "Саманчынын жолу" Кыргызстандын Тоң, Кочкор райондорунда жана Казакстандын Кенес-Анархай аймагында тартылган

  • Фронтко балдарын узаткан ата-энелер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фронтко балдарын узаткан ата-энелер

  • Толгонайдын образындагы Бакен Кыдыкеева жана Алимандын ролундагы Раушан Сармурзина
    © Sputnik / Александр Федоров

    Толгонайдын образындагы Бакен Кыдыкеева жана Алимандын ролундагы Раушан Сармурзина

  • Согуш майданына уулун жөнөткөн эне: актер Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
    © Sputnik / РИА Новости

    Согуш майданына уулун жөнөткөн эне: актер Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева

  • Саманчынын жолунда башкы каарман Толгонайдын образын жараткан Бакен Кыдыкеева
    © Sputnik / РИА Новости

    "Саманчынын жолунда" башкы каарман Толгонайдын образын жараткан Бакен Кыдыкеева

  • Мүңкүрөгөн кыз-келиндер жана кызуу иштеген операторлор
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мүңкүрөгөн кыз-келиндер жана кызуу иштеген операторлор

  • Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне
    © Фото / Александр Федоров

    Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне

  • Саманчынын жолу тартылып жаткан учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру
    Александр Федоров

    "Саманчынын жолу" тартылып жаткан учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев
    © Фото / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев

  • Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Раушан Сармурзина, Токтогул Какчекеев аталган фильмди жаратууга катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Раушан Сармурзина, Токтогул Какчекеев аталган фильмди жаратууга катышкан

Белгилер:
кино тасма, Сүрөт, "Саманчынын жолу", Геннадий Базаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери
Миң боз үй, колдоп чыккан БУУ... Таласта өткөн "Манас-1000" салтанаты сүрөттөрдө

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

235
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

235
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

189
(жаңыланган 16:54 02.12.2020)
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
28-ноябрда Кызыл аянтта ГУМдун муз аянтынын 15-сезонунун ачылыш аземи өттү. Эми Кремлдин жанында 1-мартка чейин муз тепсе болот.

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

189
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон

  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт

  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты

  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт

  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү

  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты

  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты

  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады

  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө

  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
    © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет

  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн

  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат

  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет

  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү

  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
    © REUTERS / Maxim Shemetov

    Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт

Белгилер:
Москва, бий, муз, коньки, муз аянты
Тема боюнча
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

0
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

0
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты