Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми

113
  • Бангалордогу өрт каптаган Шивам Сингх. Ал атайын костюм кийип мотоцикли менен 127 метрлик жалындаган туннелден өтүп, дүйнөлүк рекорд койду
  • Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ала-Тоо аянтында Гиннестин китебине кирүү максатында Манас эпосун 14 саат 27 мүнөт айтты. Ал 12-ноябрда эртең мененки саат 9:42де айтып баштап, кечки 00:27де, түн оокумда жыйынтыктады
  • Атайын даярдыгы бар киши, тагыраагы, бул ири жаныбарды башкарып жүргөн адам пилди туристтер менен кездештирүүгө даярдап жаткан учуру. Ассам штаты, Индия
  • Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кыргыз тилин билүү боюнча деңгээлин текшерип, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинде экзамен берип жатат
  • Модель Mila Win брендинин коллекцияларын Крымдагы мода жумалыгында элге алып чыгып көрсөтүүдө
  • Азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанып жатат. Россия президенти Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшту. Ал аймакка россиялык тынчтык орнотуучулар киришти
  • Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары Лима шаарындагы демонстрация учурунда
  • Фэнтези шоусунун бийчилери. Невада (АКШ) штаты, Лас-Вегас
  • Мумбайлык аял темир жол менен баштыгын башына көтөрүп келе жатат
  • Еревандагы өкмөт үйүнүн залдарынын биринде турган нааразылык акциясынын катышуучусу. Армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах боюнча келишимге кол коюлуп, аймактын берилгени боюнча жасаган билдирүүсүнө жаалданды
  • Королдук опера театрынын спектакли. Лондон, Улуу Британия
  • Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөрдү жазалоо учуру. Индонезия
  • Прагадагы зоопарктагы жабык карантинге камалган биргазан (пеликан)
  • Газ секторундагы палестиналык кишинин жолборстун балдарын эркелетип жаткан учуру. Буларды жергиликтүү тургун үйүнүн чатырына кармап, багып келет
  • Гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын полициянын коргонуучу каражатын сырдап салган учуру. Мехико, Мексика
  • Гүл талаа. Гүлдүн баштарын үзүп алып себетке сала көтөрүп келе жаткан аял. Катманду, Непал
  • Экөө. Сеулдагы олимпиадалык парктын асманындагы дрондор тартуулаган шоу
  • Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратты. Бир канча автоунааны, көчөлөрдү, үйлөрдү деңиздин толкуну ала келген кум, майда таштар жарым-жартылай жаап калды
  • Шыпыргы минген ойлоп табуучулар Сан-Паулу (Бразилия) көчөсүндө Гарри Поттердин китебине таасирленип чыкты. Алар nuvem деген аталыштагы жалгыз дөңгөлөк менен жүргөн электрунаасын ойлоп табышкан
  • Кызыл аянттагы үйлөнүп жаткан эки жаш жана достору. Москва, Россия
  • Мотоцикл менен чочкону ташып бара жатышат. Филиппиндеги суу каптаган жол. Вамко деп аталган тайфундан кеминде үч киши каза таап, төртөө белгисиз болуп жатат. 2 миллионго чукул адам жарыксыз калган
  • Улутчулдардын марш учурунда полиция менен кагылышуусу. Бул Польшанын көз карандысыздык күнүндө болгон. Быйылкы пандемиядан улам калаа мэри Рафал Тшасковский ар кыл иш-чараларды, анын ичинде марш өткөрүүгө тыюу салган
  • Балет жана хореография артисттеринин бүткүл россиялык сынагынын лауреаттары Анна менен Алина Алексеевалардын гала-концерт учурунда аткарып жаткан номери
  • Волга — Днепр авиакомпаниясына тиешелүү болгон Ан-124 кыймылдаткычындагы көйгөйлөрдөн улам Толмачево (Россия) эл аралык аба майданына аргасыздан конду
Өткөн аптадагы кызыктуу окуялардын арасынан бир нече метрлик өрттү кечкендер, сааттап эпос айткандар жана жөн гана пенделик менен башаламандык уюштургандар байкалды. Ушул жана башка урунттуу ирмемдерди Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Дүйнөнүн бир жагында кишилер өрт кечсе, дагы бир бөлүгүндө руханий азык топтоп сааттап "Манас" эпосун айтышты.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерсе, азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанды.

Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары нааразылыкка чыкса, армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашинянды аз жерден тытып кете жаздашты.

Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөр Индонезияда башкача жазаланса, гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын кылыгына полиция үн ката алган жок.

Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратса, Кызыл аянтта үйлөнүп жаткан эки жаш жана алардын досторунун бейкапар сүрөттөрү кишини суктантпай койгон жок.

113
  • Бангалордогу өрт каптаган Шивам Сингх. Ал атайын костюм кийип мотоцикли менен 127 метрлик жалындаган туннелден өтүп, дүйнөлүк рекорд койду
    © AFP 2020 / Manjunath Kiran

    Бангалордогу өрт каптаган Шивам Сингх. Ал атайын костюм кийип мотоцикли менен 127 метрлик жалындаган туннелден өтүп, дүйнөлүк рекорд койду

  • Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ала-Тоо аянтында Гиннестин китебине кирүү максатында Манас эпосун 14 саат 27 мүнөт айтты. Ал 12-ноябрда эртең мененки саат 9:42де айтып баштап, кечки 00:27де, түн оокумда жыйынтыктады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында Гиннестин китебине кирүү максатында "Манас" эпосун 14 саат 27 мүнөт айтты. Ал 12-ноябрда эртең мененки саат 9:42де айтып баштап, кечки 00:27де, түн оокумда жыйынтыктады

  • Атайын даярдыгы бар киши, тагыраагы, бул ири жаныбарды башкарып жүргөн адам пилди туристтер менен кездештирүүгө даярдап жаткан учуру. Ассам штаты, Индия
    © AP Photo / Anupam Nath

    Атайын даярдыгы бар киши, тагыраагы, бул ири жаныбарды башкарып жүргөн адам пилди туристтер менен кездештирүүгө даярдап жаткан учуру. Ассам штаты, Индия

  • Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кыргыз тилин билүү боюнча деңгээлин текшерип, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинде экзамен берип жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кыргыз тилин билүү боюнча деңгээлин текшерип, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинде экзамен берип жатат

  • Модель Mila Win брендинин коллекцияларын Крымдагы мода жумалыгында элге алып чыгып көрсөтүүдө
    © Sputnik / Константин Михальчевский

    Модель Mila Win брендинин коллекцияларын Крымдагы мода жумалыгында элге алып чыгып көрсөтүүдө

  • Азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанып жатат. Россия президенти Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшту. Ал аймакка россиялык тынчтык орнотуучулар киришти
    © Sputnik / Алексей Куденко

    Азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанып жатат. Россия президенти Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшту. Ал аймакка россиялык тынчтык орнотуучулар киришти

  • Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары Лима шаарындагы демонстрация учурунда
    © AFP 2020 / ERNESTO BENAVIDES

    Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары Лима шаарындагы демонстрация учурунда

  • Фэнтези шоусунун бийчилери. Невада (АКШ) штаты, Лас-Вегас
    © AFP 2020 / Ethan Miller

    "Фэнтези" шоусунун бийчилери. Невада (АКШ) штаты, Лас-Вегас

  • Мумбайлык аял темир жол менен баштыгын башына көтөрүп келе жатат
    Francis Mascarenhas

    Мумбайлык аял темир жол менен баштыгын башына көтөрүп келе жатат

  • Еревандагы өкмөт үйүнүн залдарынын биринде турган нааразылык акциясынын катышуучусу. Армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах боюнча келишимге кол коюлуп, аймактын берилгени боюнча жасаган билдирүүсүнө жаалданды
    © Sputnik / Илья Питалев

    Еревандагы өкмөт үйүнүн залдарынын биринде турган нааразылык акциясынын катышуучусу. Армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах боюнча келишимге кол коюлуп, аймактын берилгени боюнча жасаган билдирүүсүнө жаалданды

  • Королдук опера театрынын спектакли. Лондон, Улуу Британия
    © REUTERS / Toby Melville

    Королдук опера театрынын спектакли. Лондон, Улуу Британия

  • Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөрдү жазалоо учуру. Индонезия
    © AFP 2020 / CHAIDEER MAHYUDDIN

    Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөрдү жазалоо учуру. Индонезия

  • Прагадагы зоопарктагы жабык карантинге камалган биргазан (пеликан)
    © AP Photo / Petr David Josek

    Прагадагы зоопарктагы жабык карантинге камалган биргазан (пеликан)

  • Газ секторундагы палестиналык кишинин жолборстун балдарын эркелетип жаткан учуру. Буларды жергиликтүү тургун үйүнүн чатырына кармап, багып келет
    © REUTERS / SUHAIB SALEM

    Газ секторундагы палестиналык кишинин жолборстун балдарын эркелетип жаткан учуру. Буларды жергиликтүү тургун үйүнүн чатырына кармап, багып келет

  • Гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын полициянын коргонуучу каражатын сырдап салган учуру. Мехико, Мексика
    © REUTERS / Toya Sarno Jordan

    Гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын полициянын коргонуучу каражатын сырдап салган учуру. Мехико, Мексика

  • Гүл талаа. Гүлдүн баштарын үзүп алып себетке сала көтөрүп келе жаткан аял. Катманду, Непал
    © REUTERS / Navesh Chitrakar

    Гүл талаа. Гүлдүн баштарын үзүп алып себетке сала көтөрүп келе жаткан аял. Катманду, Непал

  • Экөө. Сеулдагы олимпиадалык парктын асманындагы дрондор тартуулаган шоу
    © AFP 2020 / YONHAP

    Экөө. Сеулдагы олимпиадалык парктын асманындагы дрондор тартуулаган шоу

  • Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратты. Бир канча автоунааны, көчөлөрдү, үйлөрдү деңиздин толкуну ала келген кум, майда таштар жарым-жартылай жаап калды
    © REUTERS / STEFANOS RAPANIS

    Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратты. Бир канча автоунааны, көчөлөрдү, үйлөрдү деңиздин толкуну ала келген кум, майда таштар жарым-жартылай жаап калды

  • Шыпыргы минген ойлоп табуучулар Сан-Паулу (Бразилия) көчөсүндө Гарри Поттердин китебине таасирленип чыкты. Алар nuvem деген аталыштагы жалгыз дөңгөлөк менен жүргөн электрунаасын ойлоп табышкан
    © REUTERS / Amanda Perobelli

    Шыпыргы минген ойлоп табуучулар Сан-Паулу (Бразилия) көчөсүндө Гарри Поттердин китебине таасирленип чыкты. Алар "nuvem" деген аталыштагы жалгыз дөңгөлөк менен жүргөн электрунаасын ойлоп табышкан

  • Кызыл аянттагы үйлөнүп жаткан эки жаш жана достору. Москва, Россия
    © AFP 2020 / NATALIA KOLESNIKOVA

    Кызыл аянттагы үйлөнүп жаткан эки жаш жана достору. Москва, Россия

  • Мотоцикл менен чочкону ташып бара жатышат. Филиппиндеги суу каптаган жол. Вамко деп аталган тайфундан кеминде үч киши каза таап, төртөө белгисиз болуп жатат. 2 миллионго чукул адам жарыксыз калган
    © AP Photo / John Michael Magdasoc

    Мотоцикл менен чочкону ташып бара жатышат. Филиппиндеги суу каптаган жол. "Вамко" деп аталган тайфундан кеминде үч киши каза таап, төртөө белгисиз болуп жатат. 2 миллионго чукул адам жарыксыз калган

  • Улутчулдардын марш учурунда полиция менен кагылышуусу. Бул Польшанын көз карандысыздык күнүндө болгон. Быйылкы пандемиядан улам калаа мэри Рафал Тшасковский ар кыл иш-чараларды, анын ичинде марш өткөрүүгө тыюу салган
    © Sputnik / Алексей Витвицкий

    Улутчулдардын марш учурунда полиция менен кагылышуусу. Бул Польшанын көз карандысыздык күнүндө болгон. Быйылкы пандемиядан улам калаа мэри Рафал Тшасковский ар кыл иш-чараларды, анын ичинде марш өткөрүүгө тыюу салган

  • Балет жана хореография артисттеринин бүткүл россиялык сынагынын лауреаттары Анна менен Алина Алексеевалардын гала-концерт учурунда аткарып жаткан номери
    © Sputnik / Антон Денисов

    Балет жана хореография артисттеринин бүткүл россиялык сынагынын лауреаттары Анна менен Алина Алексеевалардын гала-концерт учурунда аткарып жаткан номери

  • Волга — Днепр авиакомпаниясына тиешелүү болгон Ан-124 кыймылдаткычындагы көйгөйлөрдөн улам Толмачево (Россия) эл аралык аба майданына аргасыздан конду
    © Sputnik / Александр Кряжев

    "Волга — Днепр" авиакомпаниясына тиешелүү болгон Ан-124 кыймылдаткычындагы көйгөйлөрдөн улам Толмачево (Россия) эл аралык аба майданына аргасыздан конду

Белгилер:
Дөөлөт Сыдыков, Манас эпосу, аял, гүл, мода, бийчи, АКШ, Польша, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын сүрөттөрү: "учуучу шыпыргыдан" тарта Ак үйдүн тосмосуна чейинки ирмемдер
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

235
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

235
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

189
(жаңыланган 16:54 02.12.2020)
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
28-ноябрда Кызыл аянтта ГУМдун муз аянтынын 15-сезонунун ачылыш аземи өттү. Эми Кремлдин жанында 1-мартка чейин муз тепсе болот.

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

189
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон

  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт

  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты

  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт

  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү

  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты

  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты

  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады

  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө

  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
    © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет

  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн

  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат

  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет

  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү

  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
    © REUTERS / Maxim Shemetov

    Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт

Белгилер:
Москва, бий, муз, коньки, муз аянты
Тема боюнча
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

0
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

0
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты