Токтобогон митингдерден тарта автоунааны көтөргөн балбанга чейин. Апта ирмеми

289
(жаңыланган 17:53 23.11.2020)
  • Армениялык үй-бүлө Азербайжанга өткөрүлүп берилген Тоолуу Карабахтагы айылынан үйүн көчүрүп кетип жатат
  • Гондурастын Марковия шаарынын суу каптаган көчөсүндө келе жаткан велосипедчен бала. Йота тропикалык бороону өлкөдө бир нече ири жер көчкү пайда кылган. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду
  • АКШнын Канаверал жайынан учурулган SpaceX Falcon 9 ракетасын карап жаткан элдин сүрөтү
  • Бишкектин Эркиндик проспектисинде жаш баланы жетелей сейилдеп бара жаткан кыздар
  • АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкелинин күн батып бара жаткан учурдагы сүрөтү
  • Россиялык муз үстүндө бийлөө спортунун чебери Алена Косторная Москвада 2020-2021 сезонундагы Гран-при мелдешинде оюн көрсөтүп жаткан учуру
  • Буэнос-Айресте (Аргентина) бойдон алдыруу мыйзамын колдогон акциядан көрүнүш
  • Владивостокто (Россия) муздуу жаандын кесепети
  • Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги. 15-ноябрда күч менен таратылган митингде эки адам каза болгондон кийин бир нече күн бийликте турган убактылуу президент Мануэль Меринонун өкмөтү отставкага кеткен. Конгресстин депутаты Франсиско Сагасти өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланды
  • Судандагы эфиопиялык качкындар лагеринде тамак-ашка кезек
  • Филиппинде Вамко тайфунунун кесепети. Ураган өлкөгө 209,2 миллион доллар чыгым алып келген. Расмий маалыматка ылайык, 73 адам каза болгон. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз...
  • Мадридде (Испания) Русалка спектакли учурунда көшөгө артында турган Teatro Real театрынын актрисалары
  • Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулардын жанында баласын алып турган киши. Россия Федерациясынын тынчтыкты орнотуу миссиясы кудуктар кургап калган Аскеран аймагынын үч конушуна суу жеткирип, гуманитардык жардам көрсөтө баштады
  • Франкфурттагы (Германия) Европа борбордук банкынын кеңсесинин терезелеринин сыртынан көрүнүп турган айдын сүрөтү
  • 20-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы Greenwich кафесинде өрт чыкты. Кафенин жайында тамактануучу жайы өрттөнгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
  • Түркиянын Стамбул шаарында Босфордун фонундагы кафеде отурган кишинин үстүнөн чайка учуп өтүүдө
  • Севастополь шаарында Адам автоунаадан күчтүү аталыштагы мелдеште спортчу унаа кузовун көтөрүп бара жатат
  • Германияда полиция кызматкерлери A49 автожолунун кеңейишине каршы митингдин катышуучусун көтөрүп алып кетип жаткан учуру
  • Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркындагы Байлун лифтинин көрүнүшү
  • Хьюстондо (АКШ) өтүп жаткан футбол боюнча беттештин тыныгуу маалында чирлидер кыздын чыгып бий көрсөтүп жаткан маалы
Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы маанилүү жана эң кызыктуу окуялардын кезектеги сүрөт баянын сунуш кылат.

Филиппинде "Вамко" тайфунунун кесепетинен 73 адам каза болду. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз.

Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулар элге гуманитардык жардам берүүдө.

АКШнын Флорида штатындагы Канаверал жайынан Crew Dragon капсуласын ташыган SpaceX Falcon 9 ракетасы учурулду.

Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина) бойдон алдырууну мыйзамдаштырууну колдогон митинг өттү.

Гондурастагы "Йота" тропикалык бороону бир нече ири жер көчкүнү пайда кылды. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду.

Москвада муз үстүндө бийлөө боюнча 2020-2021-сезондогу Гран-при мелдеши жыйынтыкталды.

Севастополь шаарында (Крым, Россия) "Адам автоунаадан күчтүү" аталыштагы билектүүлөрдүн мелдеши өттү.

Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги өттү.

289
  • Армениялык үй-бүлө Азербайжанга өткөрүлүп берилген Тоолуу Карабахтагы айылынан үйүн көчүрүп кетип жатат
    © AP Photo / Sergei Grits

    Армениялык үй-бүлө Азербайжанга өткөрүлүп берилген Тоолуу Карабахтагы айылынан үйүн көчүрүп кетип жатат

  • Гондурастын Марковия шаарынын суу каптаган көчөсүндө келе жаткан велосипедчен бала. Йота тропикалык бороону өлкөдө бир нече ири жер көчкү пайда кылган. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду
    © REUTERS / Jorge Cabrera

    Гондурастын Марковия шаарынын суу каптаган көчөсүндө келе жаткан велосипедчен бала. "Йота" тропикалык бороону өлкөдө бир нече ири жер көчкү пайда кылган. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду

  • АКШнын Канаверал жайынан учурулган SpaceX Falcon 9 ракетасын карап жаткан элдин сүрөтү
    © REUTERS / Joe Skipper

    АКШнын Канаверал жайынан учурулган SpaceX Falcon 9 ракетасын карап жаткан элдин сүрөтү

  • Бишкектин Эркиндик проспектисинде жаш баланы жетелей сейилдеп бара жаткан кыздар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин Эркиндик проспектисинде жаш баланы жетелей сейилдеп бара жаткан кыздар

  • АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкелинин күн батып бара жаткан учурдагы сүрөтү
    © AFP 2021 / ANGELA WEISS

    АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкелинин күн батып бара жаткан учурдагы сүрөтү

  • Россиялык муз үстүндө бийлөө спортунун чебери Алена Косторная Москвада 2020-2021 сезонундагы Гран-при мелдешинде оюн көрсөтүп жаткан учуру
    © Sputnik / Александр Вильф

    Россиялык муз үстүндө бийлөө спортунун чебери Алена Косторная Москвада 2020-2021-сезонундагы Гран-при мелдешинде оюн көрсөтүп жаткан учуру

  • Буэнос-Айресте (Аргентина) бойдон алдыруу мыйзамын колдогон акциядан көрүнүш
    © REUTERS / AGUSTIN MARCARIAN

    Буэнос-Айресте (Аргентина) бойдон алдыруу мыйзамын колдогон акциядан көрүнүш

  • Владивостокто (Россия) муздуу жаандын кесепети
    © Sputnik / Илья Аверьянов

    Владивостокто (Россия) муздуу жаандын кесепети

  • Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги. 15-ноябрда күч менен таратылган митингде эки адам каза болгондон кийин бир нече күн бийликте турган убактылуу президент Мануэль Меринонун өкмөтү отставкага кеткен. Конгресстин депутаты Франсиско Сагасти өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланды
    © AFP 2021 / ERNESTO BENAVIDES

    Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги. 15-ноябрда күч менен таратылган митингде эки адам каза болгондон кийин бир нече күн бийликте турган убактылуу президент Мануэль Меринонун өкмөтү отставкага кеткен. Конгресстин депутаты Франсиско Сагасти өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланды

  • Судандагы эфиопиялык качкындар лагеринде тамак-ашка кезек
    © REUTERS / Mohamed Nureldin Abdallah

    Судандагы эфиопиялык качкындар лагеринде тамак-ашка кезек

  • Филиппинде Вамко тайфунунун кесепети. Ураган өлкөгө 209,2 миллион доллар чыгым алып келген. Расмий маалыматка ылайык, 73 адам каза болгон. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз...
    © AP Photo / Aaron Favila

    Филиппинде "Вамко" тайфунунун кесепети. Ураган өлкөгө 209,2 миллион доллар чыгым алып келген. Расмий маалыматка ылайык, 73 адам каза болгон. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз...

  • Мадридде (Испания) Русалка спектакли учурунда көшөгө артында турган Teatro Real театрынын актрисалары
    © AP Photo / Bernat Armangue

    Мадридде (Испания) "Русалка" спектакли учурунда көшөгө артында турган Teatro Real театрынын актрисалары

  • Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулардын жанында баласын алып турган киши. Россия Федерациясынын тынчтыкты орнотуу миссиясы кудуктар кургап калган Аскеран аймагынын үч конушуна суу жеткирип, гуманитардык жардам көрсөтө баштады
    © Sputnik / Максим Блинов

    Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулардын жанында баласын алып турган киши. Россия Федерациясынын тынчтыкты орнотуу миссиясы кудуктар кургап калган Аскеран аймагынын үч конушуна суу жеткирип, гуманитардык жардам көрсөтө баштады

  • Франкфурттагы (Германия) Европа борбордук банкынын кеңсесинин терезелеринин сыртынан көрүнүп турган айдын сүрөтү
    © AP Photo / Michael Probst

    Франкфурттагы (Германия) Европа борбордук банкынын кеңсесинин терезелеринин сыртынан көрүнүп турган айдын сүрөтү

  • 20-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы Greenwich кафесинде өрт чыкты. Кафенин жайында тамактануучу жайы өрттөнгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    20-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы Greenwich кафесинде өрт чыкты. Кафенин жайында тамактануучу жайы өрттөнгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес

  • Түркиянын Стамбул шаарында Босфордун фонундагы кафеде отурган кишинин үстүнөн чайка учуп өтүүдө
    © AP Photo / Emrah Gurel

    Түркиянын Стамбул шаарында Босфордун фонундагы кафеде отурган кишинин үстүнөн чайка учуп өтүүдө

  • Севастополь шаарында Адам автоунаадан күчтүү аталыштагы мелдеште спортчу унаа кузовун көтөрүп бара жатат
    © REUTERS / ALEXEY PAVLISHAK

    Севастополь шаарында "Адам автоунаадан күчтүү" аталыштагы мелдеште спортчу унаа кузовун көтөрүп бара жатат

  • Германияда полиция кызматкерлери A49 автожолунун кеңейишине каршы митингдин катышуучусун көтөрүп алып кетип жаткан учуру
    © AP Photo / KAI PFAFFENBACH

    Германияда полиция кызматкерлери A49 автожолунун кеңейишине каршы митингдин катышуучусун көтөрүп алып кетип жаткан учуру

  • Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркындагы Байлун лифтинин көрүнүшү
    © AFP 2021 / WANG ZHAO

    Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркындагы Байлун лифтинин көрүнүшү

  • Хьюстондо (АКШ) өтүп жаткан футбол боюнча беттештин тыныгуу маалында чирлидер кыздын чыгып бий көрсөтүп жаткан маалы
    © AP Photo / Eric Christian Smith

    Хьюстондо (АКШ) өтүп жаткан футбол боюнча беттештин тыныгуу маалында чирлидер кыздын чыгып бий көрсөтүп жаткан маалы

Белгилер:
тайфун, бороон, апта, сүрөт
Тема боюнча
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми
Аптанын сүрөттөрү: "учуучу шыпыргыдан" тарта Ак үйдүн тосмосуна чейинки ирмемдер

Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү

219
(жаңыланган 11:28 06.05.2021)
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
ӨКМдин атайын комиссиясы Баткен тургундарынын кыргыз-тажик жаңжалында тарткан чыгымын аныктап жатат. Чатактан кийинки аймактын абалын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган. Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп жок болгон. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

Чек арадагы чатак жергиликтүү тургундарды жана мамлекетти ири материалдык чыгымга учуратты.

Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды автомат, гранатомет жана минометтор менен аткылаган. Мындан сырткары, Тажикстандын аскер күчтөрү 29-апрелде Ми-24 тик учагынан ок чыгарган. Анын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө снаряд тийген.

Миномет, гранатометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон. Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160тай адам жапа чеккен. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам коопсуз жайга чыгарылган.

219
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган

  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат

  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала

  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган

  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Минометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон

  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам

  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар

  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн

  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган

  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө

Белгилер:
кесепет, ок атуу, Жаңжал, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадан көзүн албаган "Шер" атайын отрядынын спецназы. Фотофакт
Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар

34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

292
(жаңыланган 18:11 05.05.2021)
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

292
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру

  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев

  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу

  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен

  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев

  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген

  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен

  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат

  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган

  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн

  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн

  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон

Белгилер:
сүрөт, Тууганбай Абдиев, төкмө акын, комузчу
Тема боюнча
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Жолон Мамытовдун сүйүүсү, ырлары, бүлөсү. Акындын сүрөттө калган элеси
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

25
(жаңыланган 13:30 07.05.2021)
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.

Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айрымаланып калышы мүмкүн. 

 

25
Белгилер:
орозо айт, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу