Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.
Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
"Жаныбардын портрети" номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү "Жаратылыш жаштардын көзү менен" номинациясында мыкты деген баага татыды
"Секирик". Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы "Жаныбардын кыймылы" аттуу номинацияны жеңип алды
"Жаратылыш балдардын көзү менен" номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди
"Эко-плакаттар" категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан
Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү "Адам жана жаратылыш" номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти
"Микродүйнө" номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)
Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү "Искусство жана табияттын образы" номинациясында жеңүүчү болду
"Россиянын коруктары" номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган
Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү "Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар" номинациясын утуп алды
Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын "Бул менин издерим эмес" деп аталган эмгеги "Эко-плакаттар" номинациясында мыктылардын бири болду
Россиялык Вячеслав Лузановдун "Шаман багы" "Пейзаж" номинациясында биринчиликке татыды
"Жаратылыш койнундагы жаныбарлар" номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан
Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү "Өсүмдүктөрдүн магиясы" номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды
Кеченин коноктору ата мекендик рынокто биринчи ирет көрсөтүлгөн унаа моделдерин гана көрбөстөн шоу-программага дагы күбө болушту. Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү жана медиа тармагындагы белгилүү инсандар катышты.
Кийинки болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
Кеченин кульминациясы Hyundai Santa Fe — SUV жолтандабасынын бет ачары болду. Анын укмуштуудай сырткы көрүнүшү менен айдоо үчүн жасалган кынтыксыз сапаттары айкалышкан.
"Азиямоторс" ЖЧКсы Hyundai унаасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат. Борбор 2010-жылдан бери иштеп, автоунааларды сатуу, сатуудан кийинки тейлөө жана оригиналдуу тетиктер (запастык бөлүктөр) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe
Келген коноктордун алдына "Азиямоторс" ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды
Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айырмаланары айтылган
Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан
Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту
Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салонунун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты
Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти
Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди
Иш-чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышты
Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты
Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.
Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.
Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.
"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.
Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.
Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.
"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.
Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.