Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер

307
  • Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер
  • Мелис Убукеевдин дипломдук иши — Тайгак кечүү киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
  • Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)
  • Жаратылыш койнунда иштеген киночулар
  • Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева
  • Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган
  • Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер
  • Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү
  • Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган
  • Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет
"Кыргыз кереметинин" баштоочуларынын сап башында турган режиссер Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүүсү" совет маалында тартылган кыргыздардын мыкты кинофильмдеринин катарына кирет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы толук метраждуу эң алгачкы көркөм фильмдеги ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер, манас таануучу Мелис Убукеев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктап жатып дипломдук иши катары "Тайгак кечүүнү" тарткан. Ал эмгек кыргыз улутундагы режиссёр тарткан толук метраждуу тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.

Кинокартинанын сценарийи Убукеев менен Николай Рожков жазуучу Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде жазып, операторлук кызматты Кадыржан Кыдыралиев аркалаган.

Үркүн убагында Кытайга качып, кийин өз мекенине кайткан жаш жигиттин тагдыры жөнүндө баяндаган эмгек 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалда мыкты көркөм фильм аталып, анда образ жараткан Бакен Кыдыкеева "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" номинациясында дипломго арзыган.

Ал эми Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Калича Рысмендеева жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев роль жаратып катышкан.

Аталган фильмдин режиссеру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

307
  • Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер

  • Мелис Убукеевдин дипломдук иши — Тайгак кечүү киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
    © Фото / Александр Федоров

    Мелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем

  • Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)

  • Жаратылыш койнунда иштеген киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаратылыш койнунда иштеген киночулар

  • Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева

  • Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган

  • Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер

  • Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү
    © Sputnik / Александр Федоров

    Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү

  • Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган

  • Тайгак кечүүдө тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов
    © Фото / Александр Федоров

    "Тайгак кечүүдө" тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов

  • Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет

Белгилер:
сүрөт, тасма, Мелис Убукеев, Кыргызстан
Тема боюнча
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер

Аңгектен качсаң дөңгөккө кептеп... Бишкек Ош жолунан кейиштүү кадрлар

153
(жаңыланган 18:29 17.06.2021)
  • Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат
  • Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат
  • Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт
  • Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.
  • Сосновка постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган
  • Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.
  • Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен
  • Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган
  • Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.
  • Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
  • Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат
  • Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.
  • Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
  • Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.
Түндүк менен түштүк региондорун бириктирип турган жолдогу аң-чөнөктөр күн сайын көбөйүп жатат. Ал эми оңдоо иштери башталган тилкелер үч-төрт жылдан бери бүтпөй турат.

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы Бишкек — Ош унаа жолунан тартып келген сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат.

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.

"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган. Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткенине күбө болдук.

Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп кеткен. Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрүүгө болот.

Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка созулууда. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.

Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат.

Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. Мындан улам чаң ызгып туман сымал жол астыңдан көрүнбөй калат.

Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Жалал-Абад шаарынан чыккандан кийин Ошко чейин аң-чөнөктөр жок, асфальт бүтүн.

Таксисттер эгер Бишкек — Ош жолун жакшы билбегендер болсо, кырсыктан оолак болуу үчүн күндүз гана жолго чыгууну сунуштайт.

Жыйынтыктап айтканда, эгер өкмөттүн планы кынтыксыз аткарылса, айдоочулардын түйшүгү жеңилдеп, түз жол менен каттап кылат. Ага чейин абайлап, этияттык менен жүрүү талап кылынат.

153
  • Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат

  • Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат

  • Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт

  • Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.

  • Сосновка постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган

  • Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.

  • Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен

  • Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган

  • Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.

  • Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.

  • Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат

  • Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.

  • Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.

  • Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.

Белгилер:
Жалал-Абад облусу, Кара-Балта, айдоочу, таксист, оңдоо, жол, автоунаа, Бишкек - Ош жолу
Тема боюнча
Унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Баткендеги жол кырсыктан бир киши каза тапты
Ноокенде бензовоз оодарылып, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Сүрөттөр

Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер

159
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты фильмдерди баяндоону улантат. Бул ирет Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер сунушталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.

Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.

Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:

"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.

Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.

159
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова

  • Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
    предоставлено Александром Федоровым

    Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда

  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында

  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен

  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы

  • Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
    предоставлено Александром Федоровым

    Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру

  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
    предоставлено Александром Федоровым

    "Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев

  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы

  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов

  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев

  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө

Белгилер:
"Алтын күз" тасмасы, сүрөт, Төлөмүш Океев, режиссер
Тема боюнча
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Кургак жер. Архив

Казакстандын Аралында суу жетишпей өзгөчө кырдаал жарыялоо пландалууда

0
(жаңыланган 14:38 18.06.2021)
Аймакта суу менен тоют жетишсиз болуп жатканына байланыштуу малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын Кызылорда облусуна караштуу Арал районунда катуу ысыктан жана кургакчылыктан улам жайыттар куурап, мал кырылууда. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү пландалып жатканын Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, суу менен тоюттун жетишсиздигинен улам малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.

"Облус акиминин тапшырмасына ылайык, учурда Арал районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат. Бул режимди киргизүүгө негиз боло турган изилдөө иштери соңуна чыкканы калды", — деди акимдин орун басары Еркин Абишев.

Учурда Арал районунда эски 15ке жакын скважина тазаланып жатат. Аларды калыпка келтирүү жайыттардагы абалды жакшыртары белгиленди.

0
Белгилер:
өзгөчө абал, суу, облус, Казакстан
Тема боюнча
Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео