Өзгөчө абал режимине аскерлер кантип камданат. Сүрөттөгү ирмемдер

242
(жаңыланган 16:38 09.12.2020)
  • Бишкектин четинде КРдин Куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү машыгуулары болду
  • Аскерий иш-чара Ала-Тоо күжүрмөн даярдоо жана окуу борборунун базасында өттү
  • Анда өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар көрсөтүлдү
  • Машыгуунун алкагында атайын сценарий уюштурулуп, жаалданган топ блокпостторго басып кирди
  • Автоунаадагы кишилер аскерлердин айтканына баш ийбей, өзү билемдик кылышты
  • Курал да көтөрүп чыгып, коркутканга чейин барышты
  • Бирок мыкты даярданган аскерлер аларды артка кайтарып, абалды курчутууга жол берген жок
  • Аскердик иш-чарага техниканын түрү тартылды
  • Арасында өрт өчүрүүчү унаа дагы бар. Анткени атайын сценарийдин алкагында жалын чыккан да учур болду.
  • Кыргызстанга өзгөчө абал март жана октябрь айларында киргизилген
  • Куралдуу күчтөрдүн аскерлери коомдук-саясий абалды турукташтырууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотууга салым кошушту
  • Өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди
  • Машыгууда жалпысынан жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди
  • Машыгуулардын жүрүшүнө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев баштаган жетекчилер көз салып турду
Бишкектин четиндеги "Ала-Тоо" күжүрмөн даярдоо жана окуу борборунун базасында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү машыгуулары болду.

Командалык-штабдык машыгуулар эки этаптан турду. Биринчиси өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар болсо, экинчисинде өлкөнүн кээ бир райондорунда режимди сактоо боюнча тапшырмалардын аткарылышы көрсөтүлдү.

Маневрлардын жүрүшүнө КР КК ГШнын жетекчилиги менен өкмөттүн Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн, Бишкек мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле "Элдик кошуундар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы байкоо салып турду.

Үстүбүздөгү жылдын март жана октябрь айларындагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында киргизилген өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди.

242
  • Бишкектин четинде КРдин Куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү машыгуулары болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин четинде КРдин Куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү машыгуулары болду

  • Аскерий иш-чара Ала-Тоо күжүрмөн даярдоо жана окуу борборунун базасында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскерий иш-чара "Ала-Тоо" күжүрмөн даярдоо жана окуу борборунун базасында өттү

  • Анда өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар көрсөтүлдү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Анда өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар көрсөтүлдү

  • Машыгуунун алкагында атайын сценарий уюштурулуп, жаалданган топ блокпостторго басып кирди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгуунун алкагында атайын сценарий уюштурулуп, жаалданган топ блокпостторго басып кирди

  • Автоунаадагы кишилер аскерлердин айтканына баш ийбей, өзү билемдик кылышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автоунаадагы кишилер аскерлердин айтканына баш ийбей, өзү билемдик кылышты

  • Курал да көтөрүп чыгып, коркутканга чейин барышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курал да көтөрүп чыгып, коркутканга чейин барышты

  • Бирок мыкты даярданган аскерлер аларды артка кайтарып, абалды курчутууга жол берген жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бирок мыкты даярданган аскерлер аларды артка кайтарып, абалды курчутууга жол берген жок

  • Аскердик иш-чарага техниканын түрү тартылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскердик иш-чарага техниканын түрү тартылды

  • Арасында өрт өчүрүүчү унаа дагы бар. Анткени атайын сценарийдин алкагында жалын чыккан да учур болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Арасында өрт өчүрүүчү унаа дагы бар. Анткени атайын сценарийдин алкагында жалын чыккан да учур болду.

  • Кыргызстанга өзгөчө абал март жана октябрь айларында киргизилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанга өзгөчө абал март жана октябрь айларында киргизилген

  • Куралдуу күчтөрдүн аскерлери коомдук-саясий абалды турукташтырууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотууга салым кошушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Куралдуу күчтөрдүн аскерлери коомдук-саясий абалды турукташтырууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотууга салым кошушту

  • Өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди

  • Машыгууда жалпысынан жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгууда жалпысынан жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

  • Машыгуулардын жүрүшүнө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев баштаган жетекчилер көз салып турду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгуулардын жүрүшүнө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев баштаган жетекчилер көз салып турду

Белгилер:
машыгуу, Аскер, Генералдык штаб, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы, Кыргызстан
Тема боюнча
КР аскерлери өзгөчө абал тартибине машыгуу менен "даярдык көрөт"
Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо

Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр

226
(жаңыланган 21:44 06.03.2021)
  • Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
  • Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
  • Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
  • Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
  • Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
  • Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
  • Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
  • Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
  • Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
  • Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
  • Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
  • Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында бүйүр кызыткан аламан улак өттү. Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.

Борбор калаадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан талаада бүгүн миңге чукул улакчы чогулду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен. Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.

226
  • Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.

  • Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

  • Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.

  • Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.

  • Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.

  • Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.

  • Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.

  • Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.

  • Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,

  • Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.

  • Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.

  • Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.

Белгилер:
улакчы, торпок, оюн, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк

213
(жаңыланган 18:37 05.03.2021)
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Пантера атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
  • Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
  • Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
  • Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
  • Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
  • Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолеттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолеттон секирүүнү үйрөнө башташты
  • Самолет менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
  • Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл болуп саналат
  • Пантера атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
  • Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
  • Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
  • Пантера атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
  • Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
  • Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
  • Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
  • Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
Кыргызстандык аскер кызматкерлери парашюттан секирип машыгышты. Десанттардын миңдеген метр бийиктиктен секирген кадрларын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүнүздөр.

Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.

"Ан-26 учагынан секирип окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.

Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.

"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.

Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.

 

213
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Пантера атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары

  • Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт

  • Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты

  • Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду

  • Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү

  • Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолеттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолеттон секирүүнү үйрөнө башташты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты

  • Самолет менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот

  • Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл болуп саналат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл

  • Пантера атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат

  • Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат

  • Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды

  • Пантера атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру

  • Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту

  • Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок

  • Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант

  • Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат

Белгилер:
Генералдык штаб, Аскер, парашют, десант
Тема боюнча
Акча табуу үчүн баргам. Легиондо кызмат кылган кыргызстандык офицердин баяны
ЖККУ машыгууларынын зарылдыгы. Быйылкыга эмнелер пландалган?
Медициналык кызматкер COVID-19 алынган үлгү менен. Архив

COVID: көз жумгандар болгон жок, айыккандар арбын. 7-марттын статистикасы

9
(жаңыланган 11:09 07.03.2021)
Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан каза тапкандар катталган жок. Ооруну жуктургандарга караганда айыккандардын саны арбын болду.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 14 бейтап ооруканада өтө оор абалда жатса, 44 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Аталган илдеттен 46 адам айыгып кетти.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.

"Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.

Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 21
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 5
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 12

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 17
  • Чүй облусу – 14
  • Ош облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Баткен облусу – 2
9
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды