Колумнист Алмаз Батилов кыргызстандыктар Жеңиш үчүн кандай салым кошкону тууралуу Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофонофотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасаган.
Ага техник-машыктыруучу самолётту абага учуруп жаткан учуру. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Евгений Халдей.
1933-жылы Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна жардам берчү коомунун (ОСОАВИАХИМ) ичинде пилотторду даярдоочу структура түзүлгөн. 1934-жылы 1-апрелде Фрунзеде коомдун алдында аэроклуб иштей баштаган. Андагы инструкторлордун бири кыргыздын алгачкы учкучу Касым Ормокоев эле, ал Кыргызстандын авиациясын түптөөгө катышкан. 1942-жылы 21-августта Сталинградды коргоодо окко учат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда бул аскердик мектептин жети бүтүрүүчүсү Советтер Союзунун Баатыры болгон.
Атчандар клубунун аскерлери машыгуу учурунда. Ысык-Көл облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
ОСОАВИАХИМ ар бир аскердик адистик боюнча даярдаган. Анын ичинде атчандарды даярдоочу клубдар да бар эле.
Кыргызстан эмгекчилери СССР Элдик комиссариатынын төрагасынын орун басары Вячеслав Молотовдун Германия жана анын өнөктөштөрүнүн Советтер Союзуна кол салганы тууралуу радиодон кабарлаганын угуп жаткан маал. Фрунзе шаары. 1941-жыл 22-июнь. Сүрөттүн автору С.Харченко.
Алыскы колхоздордон аскерге милдеттүүлөр Токмок шаарындагы чогултуу пунктуна бара жаткан учур. 1942-жыл. Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский.
Кан майданга Кыргызстандын 300 миңден ашык уул-кызы аттанган. Алардын ичинен 100 миңге жакыны кайтпай калды.
Фрунзе облусунун аскердик комиссарынын наамына Фарида Муратованын өз ыктыяры менен фронтко кетүү жөнүндө өтүнүчү. 1941-жыл 23-июнь.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Муратованын күйөөсү Константин Осецкий Кызыл армиянын катарында аскердик милдетин өтөп жаткан. Өз ыктыяры менен кетүү тууралуу өтүнүчтүн жарымын кыз-келиндер жазган. 19 жаштан баштап 30 жашка чейинки аскердик кызмат өтөөгө жарактуу кыз-келиндер аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Ал эми 45 жашка чейинки аялдар тылдагы стационардык мекемелерге жиберилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чек ара кызматынын ардагери, чекист Жаманкул Жээнчураев неберелерине башынан өткөн окуяларды айтып берип жаткан учур. Фрунзе шаары. 1980-жыл. Сүрөттүн автору Ш.Өмүралиев.
Душманга алгачкылардан болуп жердешибиз капитан Жаманкул Жээнчураев чек арачылары менен каршылык көрсөткөн. Ал Брест шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан Негорелое станциясындагы чек ара комендатурасынын коменданты эле. Аскерлери менен Москвага чейин чегинүүгө мажбур болгон.
Кыргызстандыктар Кызыл армиянын жоокерлери үчүн жылуу кийимдерди чогултуп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору Б.Блюмен.
1941-жылы 3-июлда СССРдин жетекчиси Иосиф Сталин совет элине радио аркылуу кайрылган. Биринчиден, ал совет элине абал абдан оор экенин, экинчиден, Ата Мекенди коргош керектигин айткан. СССР элинен Кызыл армия менен флотту колдоп берүүсүн өтүнүп, "Жеңишти карай алдыга!" деп сөзүн аяктаган. Бул кайрылуудан кийин "Бардыгы фронт үчүн! Бардыгы Жеңиш үчүн!" деген ураан пайда болгон.
1941-жылы Киев шаарын коргогон ардагерлер. Фрунзе шаары. 1973-жыл. Сүрөттүн автору Кирненко.
11-июлдан баштап Украинанын борбору үчүн Кызыл армия менен вермахт айыгышып кармашты. Бирок 15-сентябрда советтик жоокерлердин каршылыгына карабастан фашисттик Германиянын армиясы советтик аскерлерди курчоого алган. 19-сентябрда Кызыл армиянын аскердик бөлүктөрү чыгыш Украинага чегинип, 26-сентябрда советтик командачылык Киевди коргоо стратегиялык операциясын токтотконго аргасыз болду. Кызыл армия 700 миңден ашык жоокерин жоготкон.
Пишпек уездинин аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Кыргызстан. 1924-жыл. Карточканы түзгөн Е.Фоменко.
1941-жылы Рафа Иманалиева кыргыз кыздарынан биринчи болуп Москва шаарындагы медицина институтун ийгиликтүү аяктап, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда өз ыктыяры менен кан майданга аттанган. Ал жерден Иманалиева 800 операция жасаган. Аскердик медицина кызматынын капитаны Рафа Жеңишти Берлинден тоскон. 1941-жылдан баштап 1945-жылга чейин аскердик кызматка 490 235 аял чакырылган.
Алтынчы Түркстан аткычтар полкунун батальон командири Иван Панфилов үй-бүлөсү менен. 1928-жыл. Түркстан.
Буга чейин Иван Васильевич Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Улуу Октябрь революциясын чын дили менен кабыл алып, Кызыл армиянын катарына өткөн. Ал 25-аткычтар дивизиясынын даңазалуу командири Василий Чапаевдин кол астында ак гвардиячыларга каршы согушкан. 1924-жылдан баштап анын тагдыры советтик Түркстан менен байланышкан. 1938-жылы Кыргыз ССРинин аскердик комиссары болуп дайындалган.
Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков (биринчи катарда сол жактан экинчи) туугандары жана айылдаштары менен.
1941-жылы июндан тартып августка чейин Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфилов 316-аткычтар дивизиясын түптөй баштаган. Анын катарында Шопоков да бар эле.
Кемин районунун милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системасынын жоокерлери машыгып жаткан маал. Сүрөттүн автору М.Королев. 1941-жыл.
Улуу Ата Мекендик согуш башталып, бул система СССРдин мамлекеттик коргоо комитетинин буйругу менен 1941-жылдын 1-октябрда кайрадан жанданган.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ош шаарынын тургуну теги уйгур Иманакун Ахметов он үч улуттун өкүлдөрүнөн 15 жетимди асыраган.
Фашисттик Германия басып алган аймактардан келген качкындар Кыргызстандан башпаанек табышкан. Алардын арасында жетим балдар көп эле. Ахметов сыяктуу эле көп кыргызстандык жетим балдарды асырап алышкан. Булар үчүн Кыргызстан экинчи Ата Мекен болуп калды.
55 жаштагы пенсионер, заводдун слесары А.В.Туманов. Фрунзе шаары. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Э.Присяжный.
Завод менен фабрикаларда фронтко кеткен жаштардын ордун пенсионерлер толуктаган.
Түндүк Батыш фронту. И.В.Панфилов атындагы 8-аткычтар дивизиясы.
Жоокерлер үчүн Кыргызстан менен Казакстандын артисттери концерт коюп жатышат. 1942-жыл.
Кара-Балтадагы кант заводунун слесары, стахановчу М.Ф.Генрихевич кан майданга аттанган уулунун ордунда иштеп жатат. Фрунзе облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
1941-жылы октябрь айында аялдар жумушчулардын 45 пайызын түзгөн. Бул сүрөттөгү каарман сыяктуу ишканаларга кайрадан пенсионер аялдар келген. Жумуш күнү узарып, күнүнө 12 сааттан иштешкен.
Дыйкандар өгүз менен жерди айдап жаткан учур. Фрунзе облусу, Калинин району. 1942-жыл.
107, 108, жана 109-кыргыз атчандар дивизиясы куралган. Бул аскердик бөлүктөрдү аскер, ат, жабдык жана тамак-аш менен республиканын ички корунун негизинде камсыздашкан. Колхоз жана совхоздор тарабынан 1478 жылкы, 66 жүк ташуучу автоунаа, 222 араба жабдыгы менен, гүлазык, чөп жана акчалай жардамдар берилген
139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.
Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
Извержение вулкана Этна на Сицилии.
Кеченин коноктору ата мекендик рынокто биринчи ирет көрсөтүлгөн унаа моделдерин гана көрбөстөн шоу-программага дагы күбө болушту. Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү жана медиа тармагындагы белгилүү инсандар катышты.
Кийинки болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
Кеченин кульминациясы Hyundai Santa Fe — SUV жолтандабасынын бет ачары болду. Анын укмуштуудай сырткы көрүнүшү менен айдоо үчүн жасалган кынтыксыз сапаттары айкалышкан.
"Азиямоторс" ЖЧКсы Hyundai унаасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат. Борбор 2010-жылдан бери иштеп, автоунааларды сатуу, сатуудан кийинки тейлөө жана оригиналдуу тетиктер (запастык бөлүктөр) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe
Келген коноктордун алдына "Азиямоторс" ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды
Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айырмаланары айтылган
Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан
Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту
Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салонунун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты
Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти
Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди
Иш-чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышты
Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.