ГЭС курган балдар менен кыз-келиндер. Кыргыз энергетикасы кантип түптөлгөн

Жазылуу
Бүгүн энергетиктердин кесиптик майрамы, аталган датаны КМШдагы бир катар өлкөлөр дагы белгилеп келет. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ата мекендик энергетикадагы сейрек сүрөттөрдү сунуштайт.

Өткөн кылымдын 20-жылы Россияны электрификациялоо боюнча мамлекеттик план кабыл алынып, анын алкагында жасала турган иш-аракеттер Кыргызстанга дагы тиешелүү болгон. Болочоктогу советтик республикаларды электр жарыгы менен камсыз кылуу маселеси 100 жыл мурун көтөрүлүп, алгачкы кадамдар ташталган. Так ошол жылдары Ош, Чүй облусунда ГЭСтер курулуп, бир катар дизелдик электр станциялар өз ишин баштап, 1930-жылдары азыркы КРдин гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү изилденген. Жыйынтыгында Нарын дарыясында эле кубаттуу 22 гидроэлектростанция курууга мүмкүн экендигин аныктап чыгышкан.

Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан
Союз маалында Токтогул, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Ат-Башы ГЭСтери, Бишкек жана Ош ЖЭБинин курулуштарына миллиондогон акчалар сарпталып, Кыргыз ССРинде энергетика тармагы болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Республика аймагында эң кубаттуу деп саналган Токтогул ГЭСин курууда күн сайын 2500дөй адам эмгектенип, азыркы Токтогул суу сактагычы жайгашкан жерден 18 миң жергиликтүү тургун башка жерге көчүрүлгөн. Азыр ошол эмгекчил энергетиктердин талыкпай жасаган ишинин аркасында ар бир кыргызстандыктын үйү жылуу жана жарык турат.

Республика кантип электрлештирилгендигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуса болот.

 

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАк кар, көк муз баскан тоодо электр чубалгысын тартып жаткан учур
Монтаж линии электропередачи на высокогорном участке Нарын - Ат-Баши - Sputnik Кыргызстан
1/12
Ак кар, көк муз баскан тоодо электр чубалгысын тартып жаткан учур
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотофонодокументов КРВорошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу согуш маалында башталып, ага 7000ге чукул балдар жана кыз-келиндер катышкан
Строительство Ворошиловской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
2/12
Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу согуш маалында башталып, ага 7000ге чукул балдар жана кыз-келиндер катышкан
© Sputnik / И. Гричер / Медиабанкка өтүүТоктогул ГЭСинин курулушуна даярданган куруучулар, 1965-жыл
Подготовка к строительству Токтогульской гидроэлектростанции - Sputnik Кыргызстан
3/12
Токтогул ГЭСинин курулушуна даярданган куруучулар, 1965-жыл
© Sputnik / И. Гричер / Медиабанкка өтүүНарын дарыясынын боюнда бийик тоолуу аймакта иштеген энергетиктер
Строительство Токтогульской гидроэлектростанции - Sputnik Кыргызстан
4/12
Нарын дарыясынын боюнда бийик тоолуу аймакта иштеген энергетиктер
© Sputnik / Борис Кауфман / Медиабанкка өтүүГидроэлектростанцияны курган жаратмандар иш маалында
Строительство Токтогульской гидроэлектростанции - Sputnik Кыргызстан
5/12
Гидроэлектростанцияны курган жаратмандар иш маалында
© Sputnik / С. Лидов / Медиабанкка өтүүКРдеги эң ири Токтогул ГЭСинин курулушу бир нече жылга созулуп, жумушчулар күнү-түнү, жайы-кышы иштеген
Строительство Токтогульской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
6/12
КРдеги эң ири Токтогул ГЭСинин курулушу бир нече жылга созулуп, жумушчулар күнү-түнү, жайы-кышы иштеген
© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы ГЭСтин курулушуна стажировкага келген вьетнамдык геодезисттер, 1971-жыл
Строительство Токтогульской гидроэлектростанции  - Sputnik Кыргызстан
7/12
Кыргызстандагы ГЭСтин курулушуна стажировкага келген вьетнамдык геодезисттер, 1971-жыл
© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы энергетиканын өнүгүүсүнө башка союздук республикалар дагы көмөктөшкөн
Строительство Токтогульской ГЭС  - Sputnik Кыргызстан
8/12
Кыргызстандагы энергетиканын өнүгүүсүнө башка союздук республикалар дагы көмөктөшкөн
© Sputnik / Семеляк / Медиабанкка өтүүЖогорку чыңалуудагы электр чубалгыны орноткон энергетиктер
Строительство ЛЭП-500 Иркутск - Братск - Sputnik Кыргызстан
9/12
Жогорку чыңалуудагы электр чубалгыны орноткон энергетиктер
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүОор шартта иш алып барган монтаждоочулар, 1971-жыл
Строительство Токтогульской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
10/12
Оор шартта иш алып барган монтаждоочулар, 1971-жыл
© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүГЭСтин платинасын салууга киришкен адистер техникасы менен, 1974-жыл
Строительство Токтогульской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
11/12
ГЭСтин платинасын салууга киришкен адистер техникасы менен, 1974-жыл
© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүНарын — Ат-Башы электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзгөн жумушчулар, 1969-жыл
Установка линии ЛЭП высокогорного участка Нарын-Ат-Баши  - Sputnik Кыргызстан
12/12
Нарын — Ат-Башы электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзгөн жумушчулар, 1969-жыл
Жаңылыктар түрмөгү
0