Апта ирмеми: танго бийлеген жуптардан велосипедчен аял Санта-Клауска чейин

248
(жаңыланган 19:20 28.12.2020)
  • Голуэе шаарындагы (Ирландия) соода борборунун маңдайында эки жашар София Фокс аяз атанын тумагын кийген эшек менен ойноп жатканы фотографтардын кадрына түшүп калган
  • Россиянын президенти Владимир Путин Ёлка желаний Жалпы россиялык акциянын катышуучусу Челябинск облусунан келген 9 жаштагы Дмитрий Ащепков менен хоккей талаасында машыгуу өткөрдү. РФ лидери жеткинчектин кыялын орундатып Кызыл аянтка алып келип коньки тептирип жана президент иштеген Кремлди көрсөткөн
  • Коронавирус пандемиясы маалында Гавана шаарынын көчө спортзалында турникке тартынып жаткан жигит. Куба, 21-декбарь, 2020-жыл
  • Гавайинин Чоң аралындагы Килауэа вулканынын атылышына күбө болгон адамдар
  • Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов балдардын жаңы жылдык балаты майрамына катышты.
  • Индиянын Газиабад шаарынын Дели-Уттар-Прадеш чек арасындагы фермерлер боюнча жаңы мыйзамга каршы акция учурунда фермердин баласы трактордун үстүндө уктап жатат
  • Таиланддын Аюттайя шаарында пил бет кап таратууга жардам берүүдө
  • Иерусалимде студенттин камалышына нааразы тараптар акцияга чыкты. Ал аскер кызматын өтөөдөн расмий түрдө бошотууга уруксат алуу үчүн аскерге чакыруу пунктуна келбей койгон
  • Индонезиянын Жакарта шаарында океанариумдагы балатыны айланып жүргөн русалканын кийимин кийген дайверлер
  • Челябинскиде өткөн көркөм муз тебүү боюнча Россия чемпионатында өнөрүн тартуулап жаткан Анастасия Скопцова менен Кирилл Алешин
  • Италияда коронавирустун жайылып кетишинен кооптонуп обочолонуу режимине өтүүдөн бир күн мурун адамдар Римдин көчөлөрүнө чыгып танго бийлешти.
  • Ирактын Мосула эски шаарында Санта-Клаустун кийимин кийип велосипедчен бараткан аял
  • Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы собордо Рождество салтанаты учурунда Кудай алдында жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу кабинетинде отурган дин кызматкери
  • Подмосковьенин Рузская Аляска айылында турган хаски тукумундагы иттер
  • Санта-Клаустун костюмун кийген киши Сиэтл шаарында Рождествого карата жасалган көчөдө балдар менен баарлашып отурат
  • Ирактын Басра шаарындагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясынан тартылган ирмем
  • Кытайда 30 градус суукта түркүктө чимириле бийлөө боюнча мелдеш өттү
Sputnik Кыргызстан узаган жумадагы окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт. Дүйнөдө нааразычылык акциялары күч алууда, айрым өлкөлөр кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизип жатат.

Италия Рим шаарында коронавирустук инфекция жайылып жатканына байланыштуу Рождество майрамы убагында толугу менен обочолонуу режимине өттү.

Гавайинин Чоң аралында Килауэа вулканы атылып жатат.

Кытайда 30 градус суукта түркүк менен бийлөө боюнча мелдеш өттү.

Президент Владимир Путин Челябинск облусунда жашаган тогуз жаштагы Диманын кыялын орундатты. Ал Кызыл аянтка келип, коньки тээп жана Россиянын президенти иштеген Кремлди көрүүнү каалаган.

Быйыл Кыргызстанда президенттик балаты майрамы онлайн форматта өтүп, балдарды мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов куттуктады.

 

248
  • Голуэе шаарындагы (Ирландия) соода борборунун маңдайында эки жашар София Фокс аяз атанын тумагын кийген эшек менен ойноп жатканы фотографтардын кадрына түшүп калган
    © REUTERS / Clodagh Kilcoyne

    Голуэе шаарындагы (Ирландия) соода борборунун маңдайында эки жашар София Фокс аяз атанын тумагын кийген эшек менен ойноп жатканы фотографтардын кадрына түшүп калган

  • Россиянын президенти Владимир Путин Ёлка желаний Жалпы россиялык акциянын катышуучусу Челябинск облусунан келген 9 жаштагы Дмитрий Ащепков менен хоккей талаасында машыгуу өткөрдү. РФ лидери жеткинчектин кыялын орундатып Кызыл аянтка алып келип коньки тептирип жана президент иштеген Кремлди көрсөткөн
    © Sputnik / Алексей Никольский

    Россиянын президенти Владимир Путин "Ёлка желаний" Жалпы россиялык акциянын катышуучусу Челябинск облусунан келген 9 жаштагы Дмитрий Ащепков менен хоккей талаасында машыгуу өткөрдү. РФ лидери жеткинчектин кыялын орундатып Кызыл аянтка алып келип коньки тептирип жана президент иштеген Кремлди көрсөткөн

  • Коронавирус пандемиясы маалында Гавана шаарынын көчө спортзалында турникке тартынып жаткан жигит. Куба, 21-декбарь, 2020-жыл
    © AP Photo / Ramon Espinosa

    Коронавирус пандемиясы маалында Гавана шаарынын көчө спортзалында турникке тартынып жаткан жигит. Куба, 21-декбарь, 2020-жыл

  • Гавайинин Чоң аралындагы Килауэа вулканынын атылышына күбө болгон адамдар
    © AP Photo / Janice Wei / National Park Service

    Гавайинин Чоң аралындагы Килауэа вулканынын атылышына күбө болгон адамдар

  • Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов балдардын жаңы жылдык балаты майрамына катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов балдардын жаңы жылдык балаты майрамына катышты.

  • Индиянын Газиабад шаарынын Дели-Уттар-Прадеш чек арасындагы фермерлер боюнча жаңы мыйзамга каршы акция учурунда фермердин баласы трактордун үстүндө уктап жатат
    © REUTERS / Adnan Abidi

    Индиянын Газиабад шаарынын Дели-Уттар-Прадеш чек арасындагы фермерлер боюнча жаңы мыйзамга каршы акция учурунда фермердин баласы трактордун үстүндө уктап жатат

  • Таиланддын Аюттайя шаарында пил бет кап таратууга жардам берүүдө
    © REUTERS / Chalinee Thirasupa

    Таиланддын Аюттайя шаарында пил бет кап таратууга жардам берүүдө

  • Иерусалимде студенттин камалышына нааразы тараптар акцияга чыкты. Ал аскер кызматын өтөөдөн расмий түрдө бошотууга уруксат алуу үчүн аскерге чакыруу пунктуна келбей койгон
    © AP Photo / Mahmoud Illean

    Иерусалимде студенттин камалышына нааразы тараптар акцияга чыкты. Ал аскер кызматын өтөөдөн расмий түрдө бошотууга уруксат алуу үчүн аскерге чакыруу пунктуна келбей койгон

  • Индонезиянын Жакарта шаарында океанариумдагы балатыны айланып жүргөн русалканын кийимин кийген дайверлер
    © REUTERS / Antara Foto/Aditya Pradana Putra

    Индонезиянын Жакарта шаарында океанариумдагы балатыны айланып жүргөн русалканын кийимин кийген дайверлер

  • Челябинскиде өткөн көркөм муз тебүү боюнча Россия чемпионатында өнөрүн тартуулап жаткан Анастасия Скопцова менен Кирилл Алешин
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Челябинскиде өткөн көркөм муз тебүү боюнча Россия чемпионатында өнөрүн тартуулап жаткан Анастасия Скопцова менен Кирилл Алешин

  • Италияда коронавирустун жайылып кетишинен кооптонуп обочолонуу режимине өтүүдөн бир күн мурун адамдар Римдин көчөлөрүнө чыгып танго бийлешти.
    © REUTERS / Guglielmo Mangiapane

    Италияда коронавирустун жайылып кетишинен кооптонуп обочолонуу режимине өтүүдөн бир күн мурун адамдар Римдин көчөлөрүнө чыгып танго бийлешти.

  • Ирактын Мосула эски шаарында Санта-Клаустун кийимин кийип велосипедчен бараткан аял
    © REUTERS / Abdullah Rashid

    Ирактын Мосула эски шаарында Санта-Клаустун кийимин кийип велосипедчен бараткан аял

  • Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы собордо Рождество салтанаты учурунда Кудай алдында жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу кабинетинде отурган дин кызматкери
    © Sputnik / Александр Гальперин

    Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы собордо Рождество салтанаты учурунда Кудай алдында жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу кабинетинде отурган дин кызматкери

  • Подмосковьенин Рузская Аляска айылында турган хаски тукумундагы иттер
    © Sputnik / Кирилл Каллиников

    Подмосковьенин Рузская Аляска айылында турган хаски тукумундагы иттер

  • Санта-Клаустун костюмун кийген киши Сиэтл шаарында Рождествого карата жасалган көчөдө балдар менен баарлашып отурат
    © Sputnik / Огуз Уйгур

    Санта-Клаустун костюмун кийген киши Сиэтл шаарында Рождествого карата жасалган көчөдө балдар менен баарлашып отурат

  • Ирактын Басра шаарындагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясынан тартылган ирмем
    © REUTERS / ESSAM AL-SUDANI

    Ирактын Басра шаарындагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясынан тартылган ирмем

  • Кытайда 30 градус суукта түркүктө чимириле бийлөө боюнча мелдеш өттү
    © AFP 2021 / STR

    Кытайда 30 градус суукта түркүктө чимириле бийлөө боюнча мелдеш өттү

Белгилер:
мелдеш, Рождество, чектөө, акция, Сүрөт, Дүйнө
Тема боюнча
Франциянын эң чырайлуу бийкечтери. Сулуулук сынагынан 15 сүрөт
TC Candler версиясы боюнча 2020-жылдагы эң сулуу жүздөр

Бороон-чапкынга карабай марага жетем деген лыжачылар. Орловкадагы 12 сүрөт

50
(жаңыланган 21:49 22.01.2021)
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү. Кызуу мелдештин сүрөттөрүн Sputnik агенттигинин кабарчысы тартып алды.

18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.

Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.

Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.

Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.

50
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү

  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат

  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты

  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты

  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду

  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.

  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды

  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду

  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат

  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган

  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан

  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду

Белгилер:
турнир, спорт, лыжа, Орловка, Бишкек
Тема боюнча
Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди

Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер

120
(жаңыланган 20:42 22.01.2021)
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Быйыл CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун биринчилерден болуп тарткан мушташ (боевик) жанрындагы тасмасындагы ирмемдерди сунуштайт.

"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.

Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, Союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.

Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.

120
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган

  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)

  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
    © Фото / Александр Федоров

    Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен

  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин

  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
    © Фото / Александр Федоров

    "Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген

  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
    © Фото / Александр Федоров

    Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат

  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген

  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн

  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор

  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган

  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан

  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев

  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон

Белгилер:
Сүрөт, "Бөрү зындан" тасмасы, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

0
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

0
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда