2020-жылы атагы ааламга кеткен музыканттар, спортчулар, жазуучулар, саясатчы, актерлор жана режиссерлор каза болду. Миллиондогон адамдын кумирине айланган жылдыздардын бу дүйнөдө жоктугуна ишенүү өтө кыйын.
Америкалык баскетболчу Коби Брайант 26-январь күнү авиакырсыкта көз жумду. Ал богону 41 жашта эле
Голлувуд актеру Кирк Дуглас 103 жашка чыгып, 5-февраль күнү көз жумган
Египеттин президент Хосни Мубарак 25-февралда 92 жаш курагында дүйнө салды
Швед актеру, "Игра престолов" жана "Звездные войны" тасмаларынын жылдызы Макс фон Сюдов 8-мартта каза болду. Ал 90 жашка чыккан
88 жаштагы АКШ астронавты Альфред Уорден 18-мартта каза тапты
Жаз пианисти Эллис Марсалис 88 жашка чыгып, 1-апрель күнү каза болду
Индиялык актер Ирфан Кхан 29-апрелде көз жумду. Ал быйыл 54 жашка чыккан
88 жаштагы британиялык актер Иэн Холм 19-июнда көз жумду
Италиялык композитор жана дирижер Эннио Морриконе 6-июлда 91 жашында өмүрү менен кош айтышты
"Унесенные ветром" тасмасынын жылдызы Оливия дэ Хэвилленд август айында каза тапты
Америкалык актер Чедвик Боузман 28-августта каза болду. Ал 43 жашта болчу
Япониялык модельер Кендзо Такада 4-октябрда 82 жаш курагында дүйнө салды
Атактуу актер Шон Коннери 90 жашка чыгып, 31-октябрда каза болду
Аргентиналык футболист Диего Марадона 60 жашында, 25-ноябрда көз жумду
Британиялык актер Дэвид Проуз ноябрь айында каза тапты
Франциянын экс-президенти Валери Жискар д'Эстен 2-декабрь күнү 94 жашында каза болду
Түштүк кореялык режиссер Ким Ки Дук 11-декабрда көз жумду. 10 күндөн кийин 60ка чыкмак
Британиялык модель Стелла Теннант 22-декабрда дүйнө салды. Ал 51 жашта болчу.
Sputnik Кыргызстан Иманалы Айдарбеков жана анын үй-бүлөсү тууралуу тарыхый ирмемдерди камтыган сүрөт түрмөгүн жарыялайт.
Айдарбеков өзү манаптын уулу болгону менен советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.
53 жашында камалган Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен. Жан чыдагыс кыйноо үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизип, улуу кызын белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетип, туугандарынын да көзүн тазалашкан. Ал эми кичүү кызы Рафа Айдарбекова Москвага качып кутулган. Кийин ал кызы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кийин кайтып келип, атасынын дайынын иликтеген.
Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан Иманалы Айдарбековдун уучу куру болбой, "аккан арыктан суу аккан". Небереси, Рафа Айдарбекованын уулу Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болгон. Анын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.
... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган.
Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келген
Иманалы Айдарбеков кызы Рапия (Рафа) Айдарбекова менен
Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон
Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушка катышып, врач-хирург болгон. 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайтат
Орто Иманалы Айдарбековдун күйөө баласы Зыфар Игембердиев. Анын оң жагында кызы Рафа Айдарбекова, сол жагында жубайы Кичкен Айдарбекова. Коляскада - небереси Азамат
Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана алардын уулу Азамат
Зыфар Игембердиевдин уулу Азамат менен сейилдеп жүргөн учуру
Рафа Айдарбекова уулу Азамат Айдарбековду жетелеп келе жатат
Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, монументке гүл коюуда
Иманалы Айдарбеков жашаган үй. Тарыхый объект Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан
Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун 74-Ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учуру
18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келитирилген чыгымды төлөп берип үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белиглей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.