Биз 50-жылдардан 80-жылдардын аягына чейинки ар кандай мезгилдеги архивдик сүрөттөрдү чогулттук. 1960-70-жылдары кара жана кызыл икралар, шишкебек жана балык дасторкондун көркүн ачкан. Ал эми 1980-жылдары азык-түлүктүн жетишсиздигинен улам майрамга жакшы колбаса, майонез менен буурчак сатып алуу кыйынга турган.
Социализмде жашаган советтик жарандардын дээрлик бардыгы майрамды үйлөрүндө же конокто белгилешип, дасторконду келиштире жайнатып жасаганга аракет кылышкан.
Кадимки советтик үй-бүлөнүн жаңы жылга карата жайган дасторконуна оливье жана селёдка салаттары, куурулган тоок, шампан, шпорт менен бутерброд коюлчу. Мындан башка фарш кылганга мүмкүн болгон ар кандай балыктар болгон. Холодец бышырышкан, үй шартында өстүрүлгөн козу карындарын алып келишип, туздалган азыктарды, кадимки тоок жумурткасын да колдонушкан.Шампан, консерваланган икраны жана таттууларды күн мурун сатып алышкан. Картошка менен бышыра турган тоокту жана мандарин (ансыз майрамды элестетүү кыйын) алуу үчүн базарларга чуркашкан.
Майрамдын алдында жаңы жылдык кече үчүн клубга же кафеге барууга болор эле. Анда жерде шампан жеңил салаттар, албетте анан бий. Ал эми өздөрүн бардар сезген партиянын элиталары, ири ишкана жетекчилери, академик жана белгилүү адамдар ресторандарга барышкан.
СССР Госстроюнун Москвадагы "Гипротис" долбоорлоо институтунун инженери Александр Гусковдун үй-бүлөсүндөгү жаңы жылдык дасторкон. 1972-жыл
Орус ашканасы. Блинчиктерге икра, май, каймак, сүт, кыям жана бал сүйкөлгөн
Жаңы жыл алдындагы Москва. Майрамдык дасторкон үчүн чочко сатып алган аял. 1987-жыл
Оливье салаты – түбөлүк классика
Кремлдин съезддер сарайындагы жаңы жылдык кечеде Аяз атадан белек алган балдар. 1965-жыл
Светлый балык консерва заводунун продуктылары - атлантикалык сельдь, томат соусундагы сельдь, майдагы скумбрия, копперс, сельдь котлеттери
Москва шаарынын Мир проспектисиндеги "Океан" дүкөнү. 1979-жыл
Ресторандагы муздак тамак-аштар бар банкеттик стол. 1963-жыл
Сельдь салаты – дагы бир советтик жаңы жылдагы классикалык салат
Жаңы жыл тоскон москвалык үй-бүлө. 1987-жыл
Москвадагы шампан жана вино заводунан чыгарылган шампан
СССР Мамлекеттик курулуш комитетинин Москвадагы "Гипротис" долбоорлоо институтунун инженеринин бир тууганы Александр Гусков Юрий жана анын апасы Тамара Михайловна майрамдык дасторкон даярдап жатышат. 1970-жыл
Кремль сарайындагы студенттердин жаңы жылдык кечеси. 1956-жыл
Вологда эт комбинатынын продукциялары
Советтик ресторандардын биринде тартылган сүрөт
"Күзгү букет" шоколад кутусу – Минскидеги "Коммунар" кондитердик фабрикасында жасалган продукциялар. Беларусь ССРи
Аяз ата менен Аяз кыздан жаңы жылдык белек алган балдар. 1954-жыл
Елисеевский дүкөнүндөгү жаңы жылдык дасторкон үчүн керектүүлөр. 1954
Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.
Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.
Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.
Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.
Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
Кар түндөн тарта жаап баштаган. Таң атканда Бишкек ак карга бөлөнүп калды. Акыркы аптада аба ырайы жылып, мурда жааган кар эрип баштаган болчу.
Бирок синоптиктер мындай аба ырайы көпкө созулбай турганын билдиришүүдө. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, 15-январдан 18ине чейин жаан-чачын болбойт. Күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градус болору күтүлүүдө.
Бишкекке кар жаады
Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.