Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү

642
  • Дүйшөн Байдөбөтов жубайы Кенже Исмановага 1967-жылы баш кошуп, жубайлар 2018-жылга чейин 51 жыл бирге өмүр сүрүшкөн
  • Дүйшөн Байдөбөтов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Улуу баласы Бакыт Байдөбөтов кайтыш болгондон кийин актёр өзүн таштап салганын маектеринде айткан
  • Белгилүү актёр достукка да бекем болгон. Анын уулу каза болгондон көп өтпөй досу, актёр Муканбет Токтобаев каза болгонун угуп, микроинсульт алган
  • Кыргыз эл артисти, эмгек сиңирген артист Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган
  • Дүйшөн Байдөбөтов режиссёр Геннадий Базаровдун Каныбек тасмасында
  • Байдөбөтов 29 жашында Каныбекте Түлкүбектин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн көзүнө дароо түшкөн
  • Байдөбөтов театрдан сырткары экранда өз жүзү, өзүнө таандык чеберчилиги бар актёр болгон. 28 жашында КРдин эмгек сиңирген артисти, ал эми 38 жашында КРдин эл артисти наамын алганын эскерген жайы бар
  • Георгий Николаенконун Токтогул (Кербез) тасмасында Токтогулдун ролун ойногон
  • 1989-жыл. Байдөбөтов атактуу акын Токтогулдун образын 40 жашында аткарган
  • Актёр атактуу ырчынын ролун миң толгонуп, бир түйшөлүп жатып жараткан экен. Токтогулдун Ата журттан алыска айдалгандагы азабын, жакындарын сагынуунун күчүн, жакындарынан айрылгандагы арманын ойноп, жеткирүү чебердин чеберинин гана колунан келсе керек
  • Режиссёр Артык Сүйүндүков тарткан Кошокчу тасмасында НКВД начальнигинин ролун ойногон. 1991-жыл
  • Кошокчу фильминде Байдөбөтов ошентип 37-жылдардагы кандуу репрессиянын өкүлүнүн, терс каармандын образын жараткан
  • Дооронбек Садырбаевдин Акбаранын көз жашы кинофильминдеги Базарбай жана бөлтүрүк
  • Ничего подобного!. Акбаранын көз жашындагы Базарбайдын төл сөзү. Айтмакчы, Байдөбөтов алгач Бостондун ролуна бекип, кийин капыстан Базарбайдын образын жаратып калганын айтып бергени бар
  • Ролдун жаманы болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, алар менен макул болбой, талаша берчүмүн, — деген Байдөбөтов.
  • Байдөбөтов кесиптештери, шакирттери жана замандаштары менен
  • Кыргыз эл артисти жана эмгек сиңирген артист, устат, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири, таланттуу инсан Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жашында дүйнө салган.
Кыргыз эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган. Көзү тирүү болгондо быйыл 72 жашка чыкмак.

Sputnik Кыргызстан таланттуу актёр туурасында сүрөт түрмөк жасады.

Дүйшөн Байдөбөтов көп жылдар бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.

Байдөбөтов чыгармачылык жолун Алай райондук элдик театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган.

Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.

Актёр 2018-жылы 7-июлда дүйнө салып, 69 жашында киндик каны тамган кичи мекенинде жерге берилген.

642
  • Дүйшөн Байдөбөтов жубайы Кенже Исмановага 1967-жылы баш кошуп, жубайлар 2018-жылга чейин 51 жыл бирге өмүр сүрүшкөн
    © Фото / из семейного архива Байдоботовых

    Дүйшөн Байдөбөтов жубайы Кенже Исмановага 1967-жылы баш кошуп, жубайлар 2018-жылга чейин 51 жыл бирге өмүр сүрүшкөн

  • Дүйшөн Байдөбөтов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Улуу баласы Бакыт Байдөбөтов кайтыш болгондон кийин актёр өзүн таштап салганын маектеринде айткан
    © Фото / из семейного архива Байдоботовых

    Дүйшөн Байдөбөтов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Улуу баласы Бакыт Байдөбөтов кайтыш болгондон кийин актёр өзүн таштап салганын маектеринде айткан

  • Белгилүү актёр достукка да бекем болгон. Анын уулу каза болгондон көп өтпөй досу, актёр Муканбет Токтобаев каза болгонун угуп, микроинсульт алган
    © Фото / из семейного архива Байдоботовых

    Белгилүү актёр достукка да бекем болгон. Анын уулу каза болгондон көп өтпөй досу, актёр Муканбет Токтобаев каза болгонун угуп, микроинсульт алган

  • Кыргыз эл артисти, эмгек сиңирген артист Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз эл артисти, эмгек сиңирген артист Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган

  • Дүйшөн Байдөбөтов режиссёр Геннадий Базаровдун Каныбек тасмасында
    © Фото / Александр Федоров

    Дүйшөн Байдөбөтов режиссёр Геннадий Базаровдун "Каныбек" тасмасында

  • Байдөбөтов 29 жашында Каныбекте Түлкүбектин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн көзүнө дароо түшкөн
    © Фото / Александр Федоров

    Байдөбөтов 29 жашында "Каныбекте" Түлкүбектин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн көзүнө дароо түшкөн

  • Байдөбөтов театрдан сырткары экранда өз жүзү, өзүнө таандык чеберчилиги бар актёр болгон. 28 жашында КРдин эмгек сиңирген артисти, ал эми 38 жашында КРдин эл артисти наамын алганын эскерген жайы бар
    © Фото / Александр Федоров

    Байдөбөтов театрдан сырткары экранда өз жүзү, өзүнө таандык чеберчилиги бар актёр болгон. 28 жашында КРдин эмгек сиңирген артисти, ал эми 38 жашында КРдин эл артисти наамын алганын эскерген жайы бар

  • Георгий Николаенконун Токтогул (Кербез) тасмасында Токтогулдун ролун ойногон
    © Фото / Александр Федоров

    Георгий Николаенконун "Токтогул" (Кербез) тасмасында Токтогулдун ролун ойногон

  • 1989-жыл. Байдөбөтов атактуу акын Токтогулдун образын 40 жашында аткарган
    © Фото / Александр Федоров

    1989-жыл. Байдөбөтов атактуу акын Токтогулдун образын 40 жашында аткарган

  • Актёр атактуу ырчынын ролун миң толгонуп, бир түйшөлүп жатып жараткан экен. Токтогулдун Ата журттан алыска айдалгандагы азабын, жакындарын сагынуунун күчүн, жакындарынан айрылгандагы арманын ойноп, жеткирүү чебердин чеберинин гана колунан келсе керек
    © Фото / Александр Федоров

    Актёр атактуу ырчынын ролун миң толгонуп, бир түйшөлүп жатып жараткан экен. Токтогулдун Ата журттан алыска айдалгандагы азабын, жакындарын сагынуунун күчүн, жакындарынан айрылгандагы арманын ойноп, жеткирүү чебердин чеберинин гана колунан келсе керек

  • Режиссёр Артык Сүйүндүков тарткан Кошокчу тасмасында НКВД начальнигинин ролун ойногон. 1991-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Режиссёр Артык Сүйүндүков тарткан "Кошокчу" тасмасында НКВД начальнигинин ролун ойногон. 1991-жыл

  • Кошокчу фильминде Байдөбөтов ошентип 37-жылдардагы кандуу репрессиянын өкүлүнүн, терс каармандын образын жараткан
    © Фото / Александр Федоров

    "Кошокчу" фильминде Байдөбөтов ошентип 37-жылдардагы кандуу репрессиянын өкүлүнүн, терс каармандын образын жараткан

  • Дооронбек Садырбаевдин Акбаранын көз жашы кинофильминдеги Базарбай жана бөлтүрүк
    © Фото / Александр Федоров

    Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" кинофильминдеги Базарбай жана бөлтүрүк

  • Ничего подобного!. Акбаранын көз жашындагы Базарбайдын төл сөзү. Айтмакчы, Байдөбөтов алгач Бостондун ролуна бекип, кийин капыстан Базарбайдын образын жаратып калганын айтып бергени бар
    © Фото / Александр Федоров

    "Ничего подобного!". "Акбаранын көз жашындагы" Базарбайдын төл сөзү. Айтмакчы, Байдөбөтов алгач Бостондун ролуна бекип, кийин капыстан Базарбайдын образын жаратып калганын айтып бергени бар

  • Ролдун жаманы болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, алар менен макул болбой, талаша берчүмүн, — деген Байдөбөтов.
    © Фото / Александр Федоров

    Ролдун жаманы болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, алар менен макул болбой, талаша берчүмүн", — деген Байдөбөтов.

  • Байдөбөтов кесиптештери, шакирттери жана замандаштары менен
    © Фото / Александр Федоров

    Байдөбөтов кесиптештери, шакирттери жана замандаштары менен

  • Кыргыз эл артисти жана эмгек сиңирген артист, устат, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири, таланттуу инсан Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жашында дүйнө салган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргыз эл артисти жана эмгек сиңирген артист, устат, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири, таланттуу инсан Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жашында дүйнө салган.

Белгилер:
театр, кино, сүрөт, Дүйшөн Байдөбөтов
Тема боюнча
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер

96
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты фильмдерди баяндоону улантат. Бул ирет Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер сунушталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.

Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.

Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:

"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.

Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.

96
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова

  • Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
    предоставлено Александром Федоровым

    Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда

  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында

  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен

  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы

  • Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
    предоставлено Александром Федоровым

    Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру

  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
    предоставлено Александром Федоровым

    "Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев

  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы

  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов

  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев

  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө

Белгилер:
"Алтын күз" тасмасы, сүрөт, Төлөмүш Океев, режиссер
Тема боюнча
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери

Сестенткен илбирс, сүлөөсүн, суур. Чоң-Кеминде фотокапканга түшкөн жаныбарлар

895
  • Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
  • Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
  • Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
  • Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
  • Ээрчишип оттогон уларлар
  • Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
  • Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
  • Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
  • Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
  • Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
  • Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
  • Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын сүрөтү Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө бир нече айда тартылып алынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдарын сунуштайт.

Өткөн жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы, "Илбирс" коомдук фонду, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму ак илбирстерди изилдөө багытында фотокапкандарды орноткон. Кайра 2021-жылдын май айында чечилген аппараттарга улар, сүлөөсүн, илбирс, тоо эчки, суур, түлкү түшүп калган.

Жаратылышты коргоого багытталган иш-чарага Экология жана климат мамлекеттик комитети, Global Snow Leopard & Ecosystem Protection Program эл аралык уюму да катышкан. Адистер ал сүрөттөрдүн негизинде ак илбирстин болжолдуу санын, байырлаган аймагын, азыгын жана климаттын жандыктарга тийгизген таасирин аныктай алышат. Андан сырткары, ал маалыматтар менен мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө да болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү бар.

895
  • Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
    © Фото / Ilbirs Foundation/UNEP

    Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке

  • Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат

  • Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур

  • Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн

  • Ээрчишип оттогон уларлар
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Ээрчишип оттогон уларлар

  • Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру

  • Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү

  • Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Тоо эчки жана жарда ойногон улактары

  • Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан

  • Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер

  • Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат

  • Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган

Белгилер:
сүрөт, экология, жапайы жаныбарлар, Кыргызстан
Тема боюнча
Карга үчүн аппак, кирпи үчүн жумшак... Жаныбарлардын балдары тартылган 15 сүрөт
Мечит. Архив

Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси

16
(жаңыланган 10:15 17.06.2021)
Муфтий 26-июнда шайланат. Буга чейин ал кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам, андан кийин эпидемиологиялык абалга байланыштуу эки ирет жылып кеткен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.

Муфтийликке талапкерлерди сынактан өткөрүү 24-июнда, ал эми шайлоо 26-июнда өтмөкчү.

Тандоо турунан өткөндөр:

  • Нурбек Токтогулов;
  • Султанали Гапуров;
  • Шүкүр Исмаилов;
  • Нематилла Жээнбеков;
  • Ниязали Арипов;
  • Убайдулла Сарыбаев;
  • Шакир Маматов;
  • Сайдамир Джейналиев;
  • Замир Ракиев. 

Белгилей кетсек, муфтий 5-апрелде эле шайланмак. Бирок кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам 29-майга жылдырылган. Бирок анда муфтият шайлоо өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу июндун этегине жылганын билдирип, талапкерлерди кайрадан сынактан өткөрмөй болушкан.

16
Белгилер:
талапкер, шайлоо, Муфтий, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан
Тема:
Муфтийди шайлоо
Тема боюнча
Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты