Православдар Рождествону кантип белгиледи. Чиркөөдөгү сүрөттөр

97
(жаңыланган 16:02 07.01.2021)
  • Москванын жана бүткүл Рустун патриархы Кирилл Рождество майрамы учурунда. Сүрөт өлкөнүн баш калаасындагы чиркөөдө тартылган.
  • Чиркөөгө келгендер пандемияны эске алуу менен социалдык аралыкты сактап турушту
  • Рождествону белгилеген аял шам жагып жатат
  • Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат
  • Рождество — Иисус Христостун туулган күнүнө карата негизделген христиандардын негизги майрамдарынын бири
  • Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгиледи
  • Путин православ христиандарына жана Рождествону майрамдап жаткан Россиянын бардык жарандарына ден соолук жана бакубатчылык каалаган
  • Санкт-Петербургдагы Казань чиркөөсүндөгү Рождество майрамы
  • Аталган чиркөөгө келген жаш кыздар
  • Коронавирус пандемиясына байланыштуу элдин көбү маскачан келди
  • Екатеринбургдагы ыйык Ованес-Карапет чиркөөсүндө Христостун туулган күнүн белгилөө ирмеми
  • Казандагы эң ири делген Никольский чиркөөсүнө келгендер
  • Рождество күнү ак дилден каалоо-тилектер көп айтылды
  • Майрамдан бир ирмем
  • Пандемиядан улам Рождество майрамынын көбү телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрсөтүлдү
7-январь күнү дүйнө жүзү боюнча православ христиандары Рождествону белгилешет. Чиркөөлөрдө майрамдык кандай өткөнүн Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Зыярат кылуу Россиянын бардык чиркөөлөрүндө өткөрүлгөн. Пандемиядан улам азыраак киши келип, көбү Рождество майрамын телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрүштү.

Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгилеп, элине көп жакшылыктарды каалаган.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов дагы православ христиандарын Рождество майрамы менен куттуктаган.

Рождество — христиандардын негизги майрамдарынын бири. Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат.

 

97
  • Москванын жана бүткүл Рустун патриархы Кирилл Рождество майрамы учурунда. Сүрөт өлкөнүн баш калаасындагы чиркөөдө тартылган.
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Москванын жана бүткүл Рустун патриархы Кирилл Рождество майрамы учурунда. Сүрөт өлкөнүн баш калаасындагы чиркөөдө тартылган.

  • Чиркөөгө келгендер пандемияны эске алуу менен социалдык аралыкты сактап турушту
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Чиркөөгө келгендер пандемияны эске алуу менен социалдык аралыкты сактап турушту

  • Рождествону белгилеген аял шам жагып жатат
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Рождествону белгилеген аял шам жагып жатат

  • Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат

  • Рождество — Иисус Христостун туулган күнүнө карата негизделген христиандардын негизги майрамдарынын бири
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Рождество — Иисус Христостун туулган күнүнө карата негизделген христиандардын негизги майрамдарынын бири

  • Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгиледи
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгиледи

  • Путин православ христиандарына жана Рождествону майрамдап жаткан Россиянын бардык жарандарына ден соолук жана бакубатчылык каалаган
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Путин православ христиандарына жана Рождествону майрамдап жаткан Россиянын бардык жарандарына ден соолук жана бакубатчылык каалаган

  • Санкт-Петербургдагы Казань чиркөөсүндөгү Рождество майрамы
    © Sputnik / Александр Гальперин

    Санкт-Петербургдагы Казань чиркөөсүндөгү Рождество майрамы

  • Аталган чиркөөгө келген жаш кыздар
    © Sputnik / Александр Гальперин

    Аталган чиркөөгө келген жаш кыздар

  • Коронавирус пандемиясына байланыштуу элдин көбү маскачан келди
    © Sputnik / Павел Лисицын

    Коронавирус пандемиясына байланыштуу элдин көбү маскачан келди

  • Екатеринбургдагы ыйык Ованес-Карапет чиркөөсүндө Христостун туулган күнүн белгилөө ирмеми
    © Sputnik / Павел Лисицын

    Екатеринбургдагы ыйык Ованес-Карапет чиркөөсүндө Христостун туулган күнүн белгилөө ирмеми

  • Казандагы эң ири делген Никольский чиркөөсүнө келгендер
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Казандагы эң ири делген Никольский чиркөөсүнө келгендер

  • Рождество күнү ак дилден каалоо-тилектер көп айтылды
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Рождество күнү ак дилден каалоо-тилектер көп айтылды

  • Майрамдан бир ирмем
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Майрамдан бир ирмем

  • Пандемиядан улам Рождество майрамынын көбү телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрсөтүлдү
    © Sputnik / Сергей Пивоваров

    Пандемиядан улам Рождество майрамынын көбү телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрсөтүлдү

Белгилер:
майрам, Рождество, Россия
Тема боюнча
Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

Апта ирмеми: көркөмдүү муз тазалагычтан тарта жеңилген Конорго чейин

247
  • 19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
  • Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
  • Байкал көлүндөгү муз
  • Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
  • Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
  • Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
  • АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
  • АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
  • 18-22-январь күндөрү Орловка тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
  • Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
  • Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
  • Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
  • Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
  • Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
  • Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
  • Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
  • Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
  • UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги Мушкерлер аралы спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
Байден АКШнын президенти катары кызматына расмий киришти, Гватемалада мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоо атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды.

Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Жозеф Байдендин инаугурациясы өттү.

Гаитиде Порт-о-Пренседе вуду модасынын көргөзмөсү өттү.

Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.

Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти.

Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярдыктар көрүлүүдө.

АКШнын Невада штатында көркөм муз тебүү боюнча өлкө чемпионаты өттү.

Гватемалада Гондурастан барган мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Москвада Алексей Навальныйды колдогон санкцияланбаган нааразычылык акциясы өттү.

Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье кармашты. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап утту.

Кыргызстандагы "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү.

247
  • 19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат

  • Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
    © Sputnik / Александр Гальперин

    Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө

  • Байкал көлүндөгү муз
    © Sputnik / Кирилл Шипицин

    Байкал көлүндөгү муз

  • Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
    © AFP 2021 / AGUS HARIANTO

    Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды

  • Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
    © AFP 2021 / Ethan Miller

    Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат

  • Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
    © AFP 2021 / MENAHEM KAHANA

    Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер

  • АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
    © AP Photo / Luis M. Alvarez

    АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан

  • АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
    © AFP 2021 / SAUL LOEB

    АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды

  • 18-22-январь күндөрү Орловка тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    18-22-январь күндөрү "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти

  • Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
    © AFP 2021 / MARCIO JAMES

    Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.

  • Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
    © REUTERS / STRINGER

    Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар

  • Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
    © REUTERS / ADNAN ABIDI

    Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген

  • Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
    © REUTERS / Orlando Ramirez

    Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат

  • Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
    © AP Photo / Sandra Sebastian

    Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы

  • Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
    © AFP 2021 / NHAC NGUYEN

    Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер

  • Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
    © Sputnik / Илья Питалев

    Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары

  • Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
    © AP Photo / Dieu Nalio Chery

    Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер

  • UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги Мушкерлер аралы спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
    © REUTERS / Jeff Bottari

    UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту

Белгилер:
нокаут, Конор Макгрегор, инаугурация, Жо Байден, апта ирмеми, Сүрөт
Тема боюнча
Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору
Апта ирмеми: учактын жээкке чыккан калдыктары, жок болуп бара жаткан галактика

Кыргыз каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков жана үй-бүлөсү. Тарыхый 11 ирмем

412
(жаңыланган 19:28 25.01.2021)
  • Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келген
  • Иманалы Айдарбеков кызы Рапия (Рафа) Айдарбекова менен
  • Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон
  • Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова Улуу Ата мекендик согушка катышып, врач-хирург болгон. 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайтат
  • Орто Иманалы Айдарбековдун күйөө баласы Зыфар Игембердиев. Анын оң жагында кызы Рафа Айдарбекова, сол жагында жубайы Кичкен Айдарбекова. Коляскада - небереси Азамат
  • Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана алардын уулу Азамат
  • Зыфар Игембердиевдин уулу Азамат менен сейилдеп жүргөн учуру
  • Рафа Айдарбекова уулу Азамат Айдарбековду жетелеп келе жатат
  • Рафа Айдарбекова Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерип, монументке гүл коюуда
  •  Иманалы Айдарбеков жашаган үй. Тарыхый объект Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан
  • Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун 74-Ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учуру
Тарыхта ысымы алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков өз мезгилинде жолдоштору менен биргеликте автономдуу республика түптөөгө жетишкен.

Sputnik Кыргызстан Иманалы Айдарбеков жана анын үй-бүлөсү тууралуу тарыхый ирмемдерди камтыган сүрөт түрмөгүн жарыялайт.

Айдарбеков өзү манаптын уулу болгону менен советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Фоменко
Иманалы Айдарбековдун өмүрү аянычтуу аяктаган. 1937-жылы кооптуу түндөрдүн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чүмбөттөлгөн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду үйүнөн алып кетет. Аны совет бийлигин орнотууда чогуу иштеп, кыргызга жан-алы калбай кызмат кылган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү санаалаш адамдарына каршы үгүттөп, "кыргыздын саткындары" деп жазып бересиң" деп кыйноого алышат.

53 жашында камалган Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен. Жан чыдагыс кыйноо үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизип, улуу кызын белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетип, туугандарынын да көзүн тазалашкан. Ал эми кичүү кызы Рафа Айдарбекова Москвага качып кутулган. Кийин ал кызы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кийин кайтып келип, атасынын дайынын иликтеген.

Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан Иманалы Айдарбековдун уучу куру болбой, "аккан арыктан суу аккан". Небереси, Рафа Айдарбекованын уулу Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болгон. Анын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.

... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган.

 

412
  • Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келген
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келген

  • Иманалы Айдарбеков кызы Рапия (Рафа) Айдарбекова менен
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Иманалы Айдарбеков кызы Рапия (Рафа) Айдарбекова менен

  • Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон

  • Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова Улуу Ата мекендик согушка катышып, врач-хирург болгон. 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайтат
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушка катышып, врач-хирург болгон. 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайтат

  • Орто Иманалы Айдарбековдун күйөө баласы Зыфар Игембердиев. Анын оң жагында кызы Рафа Айдарбекова, сол жагында жубайы Кичкен Айдарбекова. Коляскада - небереси Азамат
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Орто Иманалы Айдарбековдун күйөө баласы Зыфар Игембердиев. Анын оң жагында кызы Рафа Айдарбекова, сол жагында жубайы Кичкен Айдарбекова. Коляскада - небереси Азамат

  • Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана алардын уулу Азамат
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана алардын уулу Азамат

  • Зыфар Игембердиевдин уулу Азамат менен сейилдеп жүргөн учуру
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Зыфар Игембердиевдин уулу Азамат менен сейилдеп жүргөн учуру

  • Рафа Айдарбекова уулу Азамат Айдарбековду жетелеп келе жатат
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Рафа Айдарбекова уулу Азамат Айдарбековду жетелеп келе жатат

  • Рафа Айдарбекова Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерип, монументке гүл коюуда
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, монументке гүл коюуда

  •  Иманалы Айдарбеков жашаган үй. Тарыхый объект Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан
    © Фото / из семейного архива Айдарбековых

    Иманалы Айдарбеков жашаган үй. Тарыхый объект Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан

  • Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун 74-Ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учуру
    © REUTERS / BRENDAN MCDERMID

    Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун 74-Ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учуру

Белгилер:
репрессия, үй-бүлө, Иманалы Айдарбеков, Сүрөт
Тема боюнча
Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси
Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланган Нурбек Сыдыгалиев. Архив

Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер шайланды

0
(жаңыланган 13:18 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлүп, жашыруун добуш берилди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев 77 депутаттын колдоосуна татып, вице-спикер болуп шайланды. Ал эми атаандашы Исмаилов 38 эл өкүлүнүн добушун алды.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

0
Белгилер:
Нурбек Сыдыгалиев, вице-спикер, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Конституциялык кеңешме: президенттик аппараттын жетекчиси өкмөт башчы болот