Чубак ажынын сейрек сүрөттөрү. Күлгүн жаштык, атактуулук, шум ажал

24687
(жаңыланган 11:45 21.01.2021)
  • Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак
  • Ал 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында математик менен англис тилчинин үй-бүлөсүндө туулган
  • Чубак ажы мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн
  • Кычырап костюм-шым кийип... Күлгүндөй жаштык кез
  • Чубак ажы Кыргызстандагы Ислам университетинде, андан кийин Сауд Аравиядагы Умм ал-Кур университетинде билим алган
  • Иш тажрыйбасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берүү менен баштаган
  • Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Сүрөттө дагы бир дин аалымы Абдышүкүр Нарматов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен
  • Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле
  • Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу
  • Чубак ажынын акыл-насаатын укканы мечиттерге жүздөгөн киши чогулчу
  • Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары Ош шаарындагы диний китеп дүкөндөргө барган кези
  • Таласка иш сапары менен барганда 90го таяган дин аалымы Сагыналы молдону зыярат кылып, ден соолугунан кабар алып жаткан маалы
  • Жолугушууга келгендерди жылуу кабыл алып, таасирдүү сөзү менен узатканын эскеришет
  • Эки аалым. Чубак ажы үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов менен
  • Атактуу дин аалымы былтыр пандемиянын курмандыгы болду... Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу экени талашсыз
  • Чубак ажынын сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилген. Бул анын кабыры
Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак. Ал былтыр пандемиянын курмандыгы болду.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чубак ажынын сүрөттөрүн топтоду.

Мурдагы муфтий былтыр 11-июль күнү эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан көз жумган.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Чубак ажы 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти катары эмгектенген. Ал эми 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Андан Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары эл кыдырып, насаатын айтып жүрдү. Ошондой эле окуу жайларда мугалимдикти аркалаган.

24687
  • Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак

  • Ал 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында математик менен англис тилчинин үй-бүлөсүндө туулган
    © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова

    Ал 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында математик менен англис тилчинин үй-бүлөсүндө туулган

  • Чубак ажы мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн
    © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова

    Чубак ажы мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн

  • Кычырап костюм-шым кийип... Күлгүндөй жаштык кез
    © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова

    Кычырап костюм-шым кийип... Күлгүндөй жаштык кез

  • Чубак ажы Кыргызстандагы Ислам университетинде, андан кийин Сауд Аравиядагы Умм ал-Кур университетинде билим алган
    © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова

    Чубак ажы Кыргызстандагы Ислам университетинде, андан кийин Сауд Аравиядагы "Умм ал-Кур" университетинде билим алган

  • Иш тажрыйбасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берүү менен баштаган
    © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова

    Иш тажрыйбасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берүү менен баштаган

  • Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Сүрөттө дагы бир дин аалымы Абдышүкүр Нарматов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен
    © Пресс-служба президента КР

    Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Сүрөттө дагы бир дин аалымы Абдышүкүр Нарматов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен

  • Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле

  • Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу

  • Чубак ажынын акыл-насаатын укканы мечиттерге жүздөгөн киши чогулчу
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Чубак ажынын акыл-насаатын укканы мечиттерге жүздөгөн киши чогулчу

  • Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары Ош шаарындагы диний китеп дүкөндөргө барган кези
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары Ош шаарындагы диний китеп дүкөндөргө барган кези

  • Таласка иш сапары менен барганда 90го таяган дин аалымы Сагыналы молдону зыярат кылып, ден соолугунан кабар алып жаткан маалы
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Таласка иш сапары менен барганда 90го таяган дин аалымы Сагыналы молдону зыярат кылып, ден соолугунан кабар алып жаткан маалы

  • Жолугушууга келгендерди жылуу кабыл алып, таасирдүү сөзү менен узатканын эскеришет
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Жолугушууга келгендерди жылуу кабыл алып, таасирдүү сөзү менен узатканын эскеришет

  • Эки аалым. Чубак ажы үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов менен
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Эки аалым. Чубак ажы үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов менен

  • Атактуу дин аалымы былтыр пандемиянын курмандыгы болду... Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу экени талашсыз
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Атактуу дин аалымы былтыр пандемиянын курмандыгы болду... Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу экени талашсыз

  • Чубак ажынын сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилген. Бул анын кабыры
    © Фото / пресс-служба ДУМК КР

    Чубак ажынын сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилген. Бул анын кабыры

Белгилер:
Кыргызстан, Жалал-Абад, Чубак ажы Жалилов, дин, аалым, эскерүү
Тема боюнча
Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

Түрү укмуштарынан жылмайткандарына чейин. Met Gala-2021деги костюмдардын сүрөтү

199
Met Gala Американын Нью-Йорк шаарындагы шаан-шөкөттүү жашоону жакшы көргөндөрдүн сүйүктүү иш-чарасы. Жыл сайын ага ким кандай кааласа кийинип келет. Кээде алардын костюмдары таңгалдырса, кээде кишини чочутат.

Иш-чаранын максаты — Нью-Йорктогу Метрополитен-музейинин Костюмдар институтуна акча чогултуу. Биринчи ирет ал ойду 1948-жылы ишке ашырышкан. Ошондон бери бул салт катары калыптанып, уланып келе жатат. Анткен менен 2020-жылы эл чогулган эмес.

Бул сапар "Америкада: модалуу лексикон" деп аталды, бирок чакырууга "Америкадагы эркиндик" деп жазып таратышкан.

Бул сүрөт түрмөктөн бир укмуш костюмдарды көрүүгө болот. Сырттан караган сыпайы жүргөн адамды бул кийимдер чочутушу, уялтышы, таңгалдырышы же күлдүрүшү мүмкүн.

199
  • © AP Photo / Evan Agostini

    Модель жана актриса Валентина Сампайо

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Рэпер Lil Nas X

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Кендалл Женнер

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Аткаруучулар Роки жана Рианна

  • © AFP 2021 / Cindy Ord / MG21 / Getty Images

    Рэпер кыз Saweetie

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Модель Иман

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы Ким Петрас

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Ким Кардашьян

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель жана актриса Хантер Шефер

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Зак Позен жана ырчы, актриса Дебора Харри

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris

    Ырчы жана актриса Синтия Эриво

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы Жей Бальвин жана трансвестит модель Саймон

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Баскетболчу Коби Брайанттын кызы Наталья Брайант

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Жереми Скотт жана модель Ирина Шейк

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Модель жана актёр Эван Мок

  • © AP Photo / Evan Agostini / Invision

    Актриса, ырчы жана модель Зои Кравиц

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Актриса Эмили Блант жана Vogue редактору Хэмиш Боулз

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Теннисчи Серена Уильямс

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Актёр Дэн Леви

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы жана актриса Хлоя Бэйли сиңдиси жана кесиптеши Халла Бэйли менен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Музыкант жана фотограф Фрэнк Оушен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы жана актриса Женнифер Лопес

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Ырчы Граймс

  • © REUTERS / Andrew Kelly

    Теннисчи Наоми Осака

Белгилер:
АКШ, Нью-Йорк, костюм, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт

Мотурайган, гүл көтөргөн бөбөктөр. Бишкектеги мектеп линейкасынан 15 сүрөт

204
(жаңыланган 16:17 15.09.2021)
  • Ошентип, 2021-2022-окуу жылы башталды. Билим күнү быйыл адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгиленди
  • Мектеп босогосун алгач ирет аттап жаткан мотурайган бөбөктөр
  • 1-класстын окуучулары үчүн жаңы жашоо башталды
  • Күн ачык болгондуктан линейканын басымдуу бөлүгү мектептердин эшигинин алдында өттү
  • Линейка ыр-бий, куттуктоолор менен коштолду
  • Балдар менен кошо кубанып, толкунданган ата-энелер
  • Пандемиядан улам 2020-жылдын 8-апрелинде мектептер онлайн окууга өткөн
  • Кээ бир класстын окуучулары 8-апрелден бери мектепке биринчи ирет келишкен
  • Эми мектептердин баарында окуу кадимки тартипте өткөрүлөт
  • Мугалимдер да окуучуларга жандуу сабак өтүүнү сагынса керек
  • Биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт
  • Алгачкы коңгуроосун каккан бөбөктөр
  • Салтанаттуу линейкадан кийин окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү
  • Министрликтин маалыматы боюнча, окуу жылынын кеч башталуусу мугалимдердин айлыгына таасир этпейт
  • Ал эми акыркы коңгуроо жылдагыдай 25-майда эмес, 9-июнда кагылат
Кыргызстандын мектептеринин баарында бүгүн, 15-сентябрда, Билим күнү белгиленип, салтанаттуу линейка өттү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков мектептердин бирине барып иш-чарадагы кызыктуу учурларды сүрөткө тарткан.

Бүгүн мектептер шаңга бөлөнүп, ак көйнөк кийип, ак бантик тагынган окуучулар билим берүү жайларынын айланасын көркөмдөдү.

Пандемиядан улам былтыр мектептерде салтанаттуу линейка өтпөй, төртүнчү чейрекке чейин көпчүлүк класстар онлайн окуган. Быйыл эпидемиологиялык кырдаал эске алынып окуу жылы 15-сентябрда башталды. Буга туристтик сезонду узартуу да себеп болгон. Салтанаттуу линейка ыр, бий, куттуктоолор менен коштолуп, андан соң окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү.

204
  • Ошентип, 2021-2022-окуу жылы башталды. Билим күнү быйыл адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгиленди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошентип, 2021-2022-окуу жылы башталды. Билим күнү быйыл адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгиленди

  • Мектеп босогосун алгач ирет аттап жаткан мотурайган бөбөктөр
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мектеп босогосун алгач ирет аттап жаткан мотурайган бөбөктөр

  • 1-класстын окуучулары үчүн жаңы жашоо башталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    1-класстын окуучулары үчүн жаңы жашоо башталды

  • Күн ачык болгондуктан линейканын басымдуу бөлүгү мектептердин эшигинин алдында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күн ачык болгондуктан линейканын басымдуу бөлүгү мектептердин эшигинин алдында өттү

  • Линейка ыр-бий, куттуктоолор менен коштолду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Линейка ыр-бий, куттуктоолор менен коштолду

  • Балдар менен кошо кубанып, толкунданган ата-энелер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Балдар менен кошо кубанып, толкунданган ата-энелер

  • Пандемиядан улам 2020-жылдын 8-апрелинде мектептер онлайн окууга өткөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пандемиядан улам 2020-жылдын 8-апрелинде мектептер онлайн окууга өткөн

  • Кээ бир класстын окуучулары 8-апрелден бери мектепке биринчи ирет келишкен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кээ бир класстын окуучулары 8-апрелден бери мектепке биринчи ирет келишкен

  • Эми мектептердин баарында окуу кадимки тартипте өткөрүлөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эми мектептердин баарында окуу кадимки тартипте өткөрүлөт

  • Мугалимдер да окуучуларга жандуу сабак өтүүнү сагынса керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мугалимдер да окуучуларга жандуу сабак өтүүнү сагынса керек

  • Биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт

  • Алгачкы коңгуроосун каккан бөбөктөр
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алгачкы коңгуроосун каккан бөбөктөр

  • Салтанаттуу линейкадан кийин окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Салтанаттуу линейкадан кийин окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү

  • Министрликтин маалыматы боюнча, окуу жылынын кеч башталуусу мугалимдердин айлыгына таасир этпейт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Министрликтин маалыматы боюнча, окуу жылынын кеч башталуусу мугалимдердин айлыгына таасир этпейт

  • Ал эми акыркы коңгуроо жылдагыдай 25-майда эмес, 9-июнда кагылат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми акыркы коңгуроо жылдагыдай 25-майда эмес, 9-июнда кагылат

Белгилер:
Бишкек, мектеп, окуучу, бөбөк, сүрөт
Тема боюнча
Исакова: мектеп каникулдары да эки жумага жылат
Ош шаарында 120 орундуу бала бакча ачылды. Сүрөт
Көптөн күткөн майрам! Мектептерде өткөн салтанаттуу линейканын видеосу
Боом жолу. Архив

Эскертүү! 20-сентябрдан тарта төрт күнгө Боомдо кыймыл чектелет

0
Жол тазалоо учурунда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 17-сен.— Sputnik. Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдирди.

Жолчулар 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу иштерин жүргүзөт. Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Аталган иштер күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

0
Белгилер:
жол, Боом капчыгайы, эскертүү
Тема боюнча
Бишкектин 22 көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Тизме